Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Парламентте депутаттарга кол тийбестик укугун берген Баш мыйзамдын жобосун алып салуу сунушу айтылууда. Бул демилге азыр фракция башчыларынын талкуусунан өтүп жатат.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алкагында Жогорку Кеңеш депутаттарынын кол тийбестиги тууралуу норманы алып салуу демилгесин “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов көтөрүүдө. Ушул тапта парламенттеги фракция башчылары сунушту талкуулап жатышат.

СДПК фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков демилгени колдой тургандыгын билдирди. Анын пикиринде, депутат деле элдин катарында болуп, кылмыш жасаса мыйзам алдында жооп бериши керек. Бирок ошол эле учурда депутатка саясий негизде кылмыш иши козголсо парламент аны сактап калууга тийиш.

Чыныбай Турсунбеков

Чыныбай Турсунбеков

- Азыркы мыйзам боюнча кол тийбестик көп нерседен коргойт. Эч бир нерсеге жооп бербеш керек, башкаларды кээде кордосо, шылтыңдаса дагы жооп бербеш керек деген сыяктуу болуп калып жатпайбы. Анан депутат мыйзам бузса, бир эле берене менен жооп берип калып жатат. Өтө оор кылмыштар, мисалы коррупция сыяктуу оор кылмыштар боюнча жооп берет. Калган кылмыштар боюнча кол тийбестиги Жогорку Кеңештин уруксаты менен чечилет. Азыр сунушталып жаткан нормада андай болбойт. Майдабы же чоң кылмыш жасайбы мыйзам алдында жооп бериши керек болот. Башкаларды туура эмес мазактаса, кордосо да жооп бериш керек. Бирок саясий мотив менен иш козголсо, анда парламенттин уруксаты керек. Жогорку Кеңеш комиссия түзүп, саясий мотив бар-жогун талдап, анан үчтөн эки көпчүлүк “макул” десе, анда алардын да кол тийбестиги алынат.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков депутаттын кол тийбестигин алып салууну колдогондордун бири. Бирок ал мындай кадамга баруудан мурда сот, укук коргоо органдарын реформалап, көзөмөл органдын ишин жакшыртуу зарылдыгын айтат.

Туратбек Мадылбеков

Туратбек Мадылбеков

- Эртең куугунтук болуп калса эмне болот? Мисалы, азыр бизде кылмыш ишин мыйзамсыз козгоп алып, анан сотто канча киши акталып калып жатат. Азыр ошондойлор көп болууда. Анан эртең иш козгойт дагы, депутаттык мандатын алып салды дейли. А сотко барган соң ал депутатты актап койсо эмне болот? Башка бир бизнесмендер келип, “ай, депутаттар, мына муну колдогула, колдобосоңор биз иш козготобуз, тигиндей кылабыз” десе кандай болот? Ал жагын да караш керек. Жалаң бир беткей караса болбойт. Кесепети кандай болорун, кыскасы баарын терең анализдөө керек. Соттордун кайсы бир иш боюнча биринчи инстанциясы 3-4 ай болот. Анан ал жазганча 2 ай, карагыча 5-6 ай убакыт кетет. Андан ары Жогорку Сотко барат. Ошентип бир жыл бери жакта эле өтүп кетет. Ошондо эл өкүлүнүн өтүп кеткен депутаттык ыйгарым укугу эмне болот? Бирок мен түпкүрүндө ким кылмыш кылса, жооп берсин деген көз караштамын.

“Ар-намыс” фракциясынан депутат Нуркамил Мадалиев парламентте буга чейин кол тийбестик укугун пайдаланган учурлар аз эле болгондугун эске салып, бул маселени көтөрүүгө негиз деле жок деген пикирде. Ал бул демилгенин артында оппозициялык көз карашы бар депутаттарды ооздуктоо кызыкчылыгы болушу мүмкүндүгүн белгилейт.

- Кол тийбестик укугун 120 депутат болсо, алардын ичинен болгону 3-4 эле депутат колдонгон. Башкалары колдонгон деле жок. Маселен, тигил же бул маселе боюнча курч оппозициялык көз карашы бар депутат болуп кала турган болсо, анан өкмөттө, бийликте дагы кемчиликтер болушу мүмкүн да. Анан ошолорду кандайдыр бир деңгээлде көз каранды абалда кармап туруш керек болуп жаткансыйт. Себеби ошол эле иммунитети жок депутатка иш козголсо, тергөө жылдап созулушу мүмкүн эмеспи. Анан тергөөдөгү адамдын абалын элестетип көрсөңөр. Ошол адам оппозициялык көз карашта боло алабы? Муну мен өзүн актабаган сунуш деп эле ойлойм.

Кол тийбестик маселесинин шайлоо жакындап калган учурда көтөрүлө башташы популизмден кабар берерин белгилешет жарандык коомдун өкүлдөрү.

“Коомдук анализ институту” коомдук бирикмесинин директору Рита Карасартованын көз карашында, депутаттар бул маселени шайлоого жарым жыл калганда эмес, жаңыдан депутат болуп келгенде көтөрсө жарашмак. Азыр болсо жөн гана шайлоо алдында элден упай топтоо аракети жүрүп жатат.

Рита Карасартова

Рита Карасартова

- Азыр канча деген элге керек мыйзамдар кабыл алынбай токтоп турат. Анан бүт маселени саясатташтыргандын кереги эмне? Болгону жарым эле жыл калды шайлоого, анан эми кол тийбестик маселесин көтөрүп чыгышты. Башында эле депутат болгуң келсе, ачык-айкын иштегин, кылмыш жасадыңбы, сот алдында жооп берип камал, таза болсоң акталып чык деш керек эле. Азыр алар кылмыш жасаган күндө дагы, “ой, бул кичинекей кылмыш, прокуратура муну ойлоп тапты” деп диплом жасатып алгандарды да куткарып кетип жатат. Ал эми жөнөкөй адамдар 4-5 жылга кесилип кетип жатат. Эмне депуттардын мүйүзү барбы? Мейли, кол тийбестик алынсын, бирок депутаттар шайлоо алдында калп эле популизм менен алек болбой эле койсун. Жумуш бүткөндө кол тийбестикти алуу баарынын эле колунан келет, булар жаңыдан келгенде ошол маселени көтөрүш керек эле.

Азыркы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты өтө оор кылмыштар, коррупция боюнча жана кылмыш жасап жаткан учурда кармалса гана парламенттин уруксаты жок эле жоопко тартылат. Башка учурларда депутаттык иммунитети сактайт.

Жогорку Кеңеш бир нече депутатка кылмыш иши козголгонуна карабай, алардын кол тийбестигин сактап калган бир нече учурлар бар.

Алардын бири - “Ар-намыс” фракциясынан депутат Нурлан Төрөбековго жасалма диплом боюнча иш козголгону менен парламент “жасалма диплом колдонгон” деген маалымат туура эмес экенин билдирип, 74 добуш менен анын кол тийбестик макамын сактап калганын көрсөтүүгө болот.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG