Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Сойкулукту калкалады деген капитан кызматтан кетти


Сойкуларды калкалап, кесиптешине буйрук берген милиционер кызматтан четтетилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов билдирди. Анын айтуусунда, сойкуларды калкалады делген капитан Пардабай Намазбаевдин ишин прокуратура иликтеп чыгып, укуктук баа берилет.

Милиция кызматкери сойкуларды калкалап, кол алдындагыларды урушуп жатканы тартылган тасма интернетке тараган эле. Бул тасма тараган соң ИИМде териштирүү жүрүп, ал Бишкектин Свердлов райондук милициясынын кызматкери Пардабай Намазбаев экени белгилүү болду. Капитан Намазбаев РИИБнин коомдук коопсуздукту сактоо бөлүмүн жетектеп келген.

Бишкек шаардык милициясы окуя белгилүү болгон соң Намазбаев кызматтан алынганын кабарлаган эле. Бирок кийинчерээк анын Ленин райондук милициясына которулуп, кызматтан кетпегени ачыкка чыккан эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG