Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:27

Кырдаал кооптуубу же шайлоо алдындагы сактануубу?


Шайлоо алдында Ошто элди кооптондурган ар кандай имиш кептер күчөгөнү айтылууда.

Шайлоо алдында Ошто элди кооптондурган ар кандай имиш кептер күчөгөнү айтылууда.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда бул жолу шайлоо алдындагы кырдаал, коопсуздук маселелери талкууга алынды.

Талкууга милициянын полковниги Токтогул Какчекеев, атайын кызматтардын полковниги Чоро Мураталиев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Абдымомунов катышты.


Талкууну толугу менен ушул жерден угуңуз.




Ошто элдин маанайы кандай?


“Азаттык”: 27-сентябрда президент Коргонуу кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анда президент Роза Отунбаева шайлоо алдында парламенттик системаны жаманатты кылууну көздөгөн күчтөр чагымга барышы мүмкүн деп эскертти.

Алгач президент Роза Отунбаеванын ошол жыйындагы сөзүн угуп алып, анан талкууга өтсөк.

Роза Отунбаева: Жалпысынан республикадагы коопсуздук боюнча кырдаалды татаал деп белгилеп кетүүгө болот. Борбордук Азиядагы парламенттик республиканын идеясын дискредитациялоо үчүн белгилүү бир ички жана тышкы күчтөр шайлоо мезгилинде мүмкүн болгон күч-аракеттерин жумшайт. Мындай аракеттер биздин өлкөнүн эсебинен өз көйгөйлөрүн биздин жарандардын бир бөлүгүн этнорегионализмге жана сепаратизмге түртүүгө аракет жасап, алар кайсы бир кызыктар тарапка тартышы мүмкүн.


“Азаттык”: Азыр мындан сырткары улуттар аралык абал опурталдуу деген сөздөр да чыгып жатат. Азыркы мезгилде Ош облусунда турган Алишер мырза сизден сурасак, улуттар аралык абалда чыңалуу байкалабы?

Алишер Абдымомунов: Журт башчыбыз айткандай, ошол себептердин натыйжасында Ош окуясынан кийин Кыргызстандагы абал татаалдашты. Ошол себептер аркылуу улуттар аралык мамиле күчөдү. Бирок акыркы жылдын ичинде өзбектер менен кыргыздардын ортосундагы жарашуу процесси жакшы жүрүп жатат. Өзбек калкы ал окуяга күнөөлүү эмес экенин биз түшүндүк. Алар кыргыздарга келип биз күнөөлү эмеспиз десе, кыргыздар аны кабыл алды. Улуу процесс жүрүп жатат. Бул процесске азыркы биздин саясий жагдай таасир берүүдө. Кээ бир биздин саясий лидерлер түндүк менен түштүктү, улуттар аралык проблема кылуу аракеттерди кылганы белгилүү. Ушуга таянып туруп биздин журт башчыбыз ушундай баа берсе керек.
Түштүктө катуу араздашкан душманчылык сезим жок. Аны күчөткөн чала сабат саясатчылар жана бийликке кумарпоз болуп калган саясий баңги адамдар ушуга барып атканы баарыбызга белгилүү болуп атат...
Токтогул Какчекеев


“Азаттык”: Бийлик тарабынан кырдаалды татаал деп баалап, коомчулукта чочулоо маанайын пайда кылуу саясий максатты көздөшү мүмкүн деген сөздөр бар. Маселен, өткөн жылы Конституцияны кабыл алуу жана президентти бекитүүдөгү референдум да мына ушундай маанай менен өткөрүлгөнү айтылып келет. Чоро мырза, сиз буга кошуласызбы?

Чоро Мураталиев: Буга кошулуш оорураак. Анткени былтыркы өткөн улуттар аралык кагылышуунун аягы ушуга чейин элдин эсинде, курулуштарыбыз да бүтө элек. Азыр ушунчалык көп талапкерлер чыкты президенттикке, элди бөлүп-жаруу болуп кетиши мүмкүндүгү айтылууда. Бирок ошого барбаш керек. Кыргызстандын уул-кыздары болсо адегенде элди биримдикке чакырыш керек, андан кийин шайланыш керек. Эл өзү тараза болуп, биримдикте президентти тандап алып, мындан ары жолубузду улантып, экономиканы көтөрүш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Токтогул мырза, кырдаалды бийлик өзү курчутууда деген сөзгө кандай карайсыз? Кыргызстанда кандайдыр бир чыңалууну байкап жатасызбы?


Токтогул Какчекеев: Жок. Бирок коргоо кеңешинде болгон сөздү Президент айтууга милдеттүү болчу. Анткени ал киши жалпы аскер башчысы болуп эсептелет Кыргызстан боюнча. Күч структуранын бардыгы ал кишинин кол алдында. Ошондуктан бул алдын ала айткан сөз. Болобу, болбойбу, бирок күч даяр болуш керек, кыраакылык болуш керек. Чын-чынына келгенде жетекчилер, саясатчылар эч качан элдин үстүнөн чечүүгө болбойт, элди акылсыз деп айтуу жарабайт, өзбек эли дагы, кыргыз эли дагы акыл-эстүү байыртан келаткан калк, ынтымактын арасында жүргөн эмгекчил эл. Элдин сөзүн, маанайын, каалоосун билишибиз керек. Мамлекеттин тамыры элдин каалоосу, иши менен көрүнөт.

Түштүктө катуу араздашкан душманчылык сезим жок. Аны күчөткөн чала сабат саясатчылар жана бийликке кумарпоз болуп калган саясий баңги адамдар ушуга барып атканы баарыбызга белгилүү болуп атат. Бирок сактыкта кордук жок деген кыргыз элинин макалы бар. Бүгүнкү күндө тынчтыкта турган элди удургуткан адамдар чатакты жасайм десе жасайт. Анткени биз аны көрүп калдык эки жолу мамлекеттик көңтөрүштөн, эки жолу Ошто болгон окуядан. Көз карандылыкты сактайбыз деген адам жоопкерчиликти сезип, элдин тынчтыгын сактайм деп айтылган сөз деп биз мойнубузга алышыбыз керек.


Кооптонууга кандай негиз бар?


“Азаттык”: Алишер мырза, сырткы жана ички күчтөр парламентаризмди жаманатты кылыш үчүн чагым жасашы мүмкүн деп айтылды. Биздеги парламентаризмди Батыш колдоп жатат. Кошуна өлкөлөр өгөйлөп турат. Чагымды мына ушул кошуналар уюштуруусу мүмкүнбү?

Алишер Абдымомунов: Биздин акыркы окуянын негизги кыймылдаткыч күчтөрү, уюштуруучу күчтөрү ушул идея үчүн каршы болгондон болду. Аны уюштуруучулар биздин алыс эмес, жакын эле турган кошуна, жакшы деп жүргөн мамлекеттер, уюмдар, коррупциялык элементтер, криминалдык элементтер бардыгы биригип ушул ишке барды. Президент Отунбаева айткандай, татаал деп айтып койсок болот. Бирок татаал деп айтканда көп нерсе туура келбейт азыр. Себеби биздин саясий, мамлекеттик структурада ошол ишти жасап келгендер кайра бийликке келип, азыр бийликте отурбайбы. Абалды азыр татаалдаштырганга алардын кызыкчылыгы жок. Сырттагы күчтөр азыр Кыргызстандагы экономикалык абалды көрүп кумары канып отурат. Себеби биз кыйналып атабыз, турмушубуз оңолуп кетпей атат. Алардын планынын жарымынан көбү ишке ашып калды. Ошондуктан сактыкта кордук жок. Азыркы саясий кампанияда кээ бир күчтөрдүн ушул окуяга аракет жасап жатканы көрүнүп турат, анын себепбери да билинип турат.

“Азаттык”: Сиздерде кандай жооп буга?

Чоро Мураталиев: Кээ бирлери өзүлөрүнүн максатына жетиш үчүн чагымчыл болуп кетиши мүмкүн. Экстремисттерден сак болуш керек. Азыр өкмөт, тиешелүү органдар аракеттерин жасап атканы сезилип атат. Биздин чек арада да маселелер бар. Ошон үчүн аябай сак болуш керек.
Албетте, элдин маанайы шайлоо тынч өтсүн, мамлекетте тынчтык орносун, өсөлү, өнүгөлү деген гана ой. Ал үчүн бийлик менен эл бир болуш керек, бийликке элде ишеним пайда болуш керек...
Алишер Абдумомунов


“Азаттык”: Шайлоо маалына келгенде эле террорчулар кирип келиши мүмкүн деген чочулоолорду жаратып, калкты чыңалууда кармоо аракети бар деген сөздөр айтылып жатат. Азыркы мезгилде кар түшүп, ашуулар жабылды, жоочуларга географиялык жактан жол жоктой. Ушундай кырдаалда террорчулардын келүү коркунучу барбы?

Токтогул Какчекеев: Чагымчылык, саясий экстремисттер өзүбүздөн чыгат. Биз бирөөнү күнөөлөгөнүбүз туура эмес. 32 миллион калкы бар Өзбекстан 21 миң кишини таап биздин көчөгө чыгарууга кудурети жетет. Орусияда 44 млн. калкы бар, андайды уюштурууга кудурети жетет. Ушундай сөздөн биз алыс болушубуз керек. Күчтөр бар, бирок аларды табыш үчүн бизде атайын кызмат бар. Ээн баштык жолдон кетишибиз керек. Террористтер Ооганстан, Пакистандагы моджахед, талибандар, бизде иштеген трансулуттук террористтер болот. Алар дипломатты кармап, банкир деген паспорту менен, миңдеген долларды чөнтөгүнө салып коюп, биздин органда чек арачыдан баштап көчөдөгү милицияларды сатып алганга кудурети жетет. Аларга куралды издеп да кереги жок. Бүгүнкү күндө миңден ашык курал элдин колунда жүрөт. Ар бир автматты 10 миң сомдон сатып алам десе, бул жерге эки батальонду жабдуучу курал түшүп калат. Алардын кылган жоруктарын билип, кармап өпкөсүнө жел киргизбей думуктурганда гана баш көтөрө албай калат.

“Азаттык”: Ушактар элди дүрбөтпөш үчүн, тескери маанайды жаратпаш үчүн, бийлик ушактардын алдын алуу үчүн эмне иштерди жасашы керек?

Чоро Мураталиев: Бизде аксакалдар кеңеши түзүлгөн. Ушул тапта шайлоо өнөктүгү башталганда ар бир айылга, ар бир шаарга, ар бир районго барып алар элди ынтымакка чакырып, жакшынакай аксакалдык сөзүн айтыш керек эле. Эл жадап деле бүттү. Былтыр мамлекетибизди жоготуп койгонго аз эле жерден калдык. Азыр биз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышыбыз керек мамлекетибизди сакташ үчүн. Өздөрү тандаган адамды шайлап алып туруп, элдин, бала-чакабыздын келечегин ойлошубуз керек.

Токтогул Какчекеев: Кыргыз да, өзбек да жана башка Кыргызстандагы 85 улуттун баарынын мүдөөсү бир. Мыйзам турабы, мыйзамдык жолдо иш кылыш керек. Мамлекет кызматкерлери өзүн элден бөлбөш керек. Алар элдин мүдөөсүн аткарыш үчүн ушул жерде отурат. Биз Бакиевдин администрациясын, партиясын кылмышкер партия жана кылмышкер кызмат деген тыянак чыгарган мыйзам кабыл алышыбыз керек. Ошондой эле тыянакты биз Акаев жөнүндө да чыгарышыбыз керек. Ошондо көксөгөн, куураган, көз жашы кургабаган эл ыраазы болуп туруп, жаңы платформа алат, акыйкат бар экен, акмактарды акмак деп, кылмышкерди кылмышкер деп айтканга кудурети жетти мамлекеттин деген болот.

“Азаттык”: Ошто бардык улуттар шайлоого барууга даярбы? Жок дегенде ушундай маанай барбы?

Алишер Абдымомунов: Албетте, элдин маанайы шайлоо тынч өтсүн, мамлекетте тынчтык орносун, өсөлү, өнүгөлү деген гана ой. Ал үчүн бийлик менен эл бир болуш керек, бийликке элде ишеним пайда болуш керек. Ошондо бизде террорист болобу, башка маселе болобу аларга туруштук бергенге жетишебиз, биримдикте гана туруштук бере алабыз.

“Азаттык”: Рахмат сиздерге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG