Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:12

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жүрүүдө


Бишкектеги шайлоо бекеттеринин бири.

Бишкектеги шайлоо бекеттеринин бири.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө шайлоо күнү - 30-октябрда Кыргызстанда боло албай турган шайлоочулар катышып жатат.

Буга байкоо салып жаткан жарандык коомдун өкүлдөрү Кыргызстандан кетип жаткандар көп болгону менен добуш берүүгө келгендер аз болуп жатаканыдыгын белгилешүүдө. Ал эми алдыдагы жума талапкерлер ортосундагы күчтүү атаандаштык аптасы болуп калары айтылууда.

Кимдер мөөнөтүнөн мурда добуш берет?

Учурда Кыргызстандын бардык аймактарында мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жүрүүдө. Мыйзам боюнча шайлоо күнү Кыргызстанда боло албай турган, же жумуш сапары чет өлкөгө кетип жаткан жарандар мөөнөтүнөн мурда аймактык шайлоо комиссияларына келип добуш берсе болот.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева билдирди:

- Кыргызстандан кетип жатса, билетин жана иш сапарынын күбөлүгүн көрсөтүшү зарыл. Кайсы аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү болсо ошол жерден добуш бере алат. Добуш бергенден киийн конвертке салынып, тизмеси кайсы участкалык шайлоо комиссиясында болсо ошого жиберилет.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 21-октябрда башталган. Бишкек шаарындагы Октябрь аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурбек Калчаевдин билдиришинче, бул арада атайын шайлоо комиссиясына келип добуш берип жаткандар аз болсо да бар.

- Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү аймактык шайлоо комиссиясы гана өткөрөт. 22-октябрда бир жигит келип, добуш берип кетти. Кениянын борбору Найроби шаарына кетип жаткан экен. Сапарга баратканын ырастаган документтерин, билетин көрсөттү.

Ал эми Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Дыйканбай Даминов өзүнүн Москвага кетип жаткандыгын айткан жаран мөөнөтүнө мурда добуш берип кеткендигин билдирди.

- Жума күнү Москвага жөнөп жаткан бир кыз келип добуш берип кетти. Билетинин көчүрмөсүн алып, төрт жерге кол койдуруп алдык. Добуш бергенден кийин конвертке салып, анын сыртына комиссиянын мүчөлөрүнүн баары кол койду.

Кеткендер көп, добуш бергендер аз

Кыргызстандан узак мөөнөткө кетип жаткандардын саны көп болгону менен добуш берүүнү каалагандардын саны аз экендиги да айтылууда. Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бу сапар мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн учак жана темир жол билетин, же болбосо сапарга чыгып жаткандыгын тастыктаган документин сөзсүз көрсөтүүсү керек.

30-октябрда Кыргызстанда боло албай турган, бирок бул сыяктуу документтери жок жарандар мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша албайт.

Добуш берүүгө байкоо салып жаткан “Таза шайлоо” ассоцияциясынын деректири Айнура Усупбекованын айтышынча, добуш бергендердин саны азырынча көп эмес.

- Бул шайлоодо добуш берүү үчүн көп документ керек. Ошон үчүн чындап кетип жаткан адамдар гана кайрылышы мүмкүн. Азырынча добуш бергендердин саны аз болуп жатат. Анын үстүнө, эс алуу күндөрү болуп жатат. Дүйшөмбүдөн тарта кандай болот, көрөбүз го...

Телетаймашка Атамбаев 27-октябрда чыкмай болду

Алдыдагы жума шайлоо үгүтүнүн акыркы күндөрү болгондуктан, байкоочулар бул жума чоң атаандаштыктын аптасы болуп каларын белгилешүүдө. Ошондой эле бул күндөрү коомчулуктун бүйүрүн кызыткан Коомдук биринчи каналдагы талапкерлердин телетаймашы да уланат. 24-октябрдын кечинде болуучу таймашка талапкерлер Арстанбек Абдылдаев, Алмамбет Матубраимов жана Акбаралы Айтикеев чыгат.

Нариман Түлеев талапкерлигин алып салган соң, 25-октябрда болчу телетаймашта атаандашсыз калган Алмазбек Атамбаев 27-октябрда Төрөбай Көлүбаев жана Жумабек Токтогазиев менен чыгары белгилүү болду. Бул маалыматты Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынан да тастыкташты.

Ал эми буга чейин президенттикке талапкерлер Өмүрбек Суваналиев менен Темирбек Асанбеков Алмазбек Атамбаевди телетаймашка бирге чыгууга чакырышкан болчу. 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого 19 талапкер ат салышып жатат.
XS
SM
MD
LG