Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:59

Күздөгү парламенттик шайлоодо административдик ресурстун колдонулушуна бөгөт коюу аракеттери башталды.

Башкы прокуратурада шайлоону уюштуруп өткөрүүдөгү мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн атайын штаб түзүлдү. “Таза шайлоо” ассоциациясы көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө киришти. Айрым талдоочулар бийлик мамлекеттик мекемелерди жана анда иштегендерди өз кызыкчылыгына пайдаланышы мүмкүн дешет.

Башкы прокуратура парламенттик шайлоону уюштуруп өткөрүүдө мыйзам бузууга жол берилбесин эскертип жатат. Баш прокурордун орун басары Кылычбек Токтогуловдун “Азаттыкка” маалымдашынча, бийлик өкүлдөрүнүн, кызматтагы адамдардын кайсы бир партияга кызмат кылганы аныкталса, кылмыш ишин козгоо өңдүү катуу чаралар колдонулат:

- Биринчиден, өзүбүздүн кызматкерлердин ишин координациялайбыз. Кандай гана арыз болбосун, ылдам чечилишин камсыз кылып беребиз. Экинчиден, Конституция боюнча аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көзөмөл жүргүзөбүз. Бул боюнча дагы бир көрсөтмө даярдалды. Ага ылайык, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып тигил же бул партияга көмөктөшүп, же болбосо таасир тийгизе турган иштерди жасаганы аныктала турган болсо катуу прокурордук чара көрүү, анын ичинде кылмыш иш козгоо деген көрсөтмөлөр берилди. Мунун баары шайлоону таза, мыйзам чегинде өткөрүү үчүн жасалган чаралар.

Административдик ресурстун колдонулушун “Таза шайлоо” ассоциациясы да байкап-иликтегени турмакчы. Аталган уюмдун жетекчиси Айнура Усупбекованын пикиринде, административдик ресурстун пайдаланышы буга чейинки тажрыйбадан айырмаланашы мүмкүн:

- Албетте биз жергиликтүү бийлик органдарын байкап турабыз. Административдик ресурсту аныктоо азыр бир аз кыйын болушу мүмкүн. Анткени азыр бийликтин вертикал абалы өзгөрдү. Мисалы, учурда жергиликтүү бийлик ар кандай саясий күчтөрдөн куралган. Биздин баамыбызда административдик ресурс мындай кырдаалда башкача ыкмада, башкача түстө колдонулушу мүмкүн. Бул айрыкча үгүт өнөктүгү маалында көбүрөөк байкалышы ыктымал. Мисалы, кайсы бир шаардын мэри анын өзүн көрсөткөн партияга үгүт кампаниясында жакшыраак мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бериши ыктымал. Бирок ошол эле учурда президенттик администрация деле шүк отурбаганын билебиз. Биздин президент кайсы партиянын лидери экени белгилүү. Ошондуктан бийликке кызмат кылгысы келгендер табылат.

Бийликтегилер шайлоонун жыйынтыгы тууралуу эч кимде күмөн ой жаралбашы үчүн бардык чаралар көрүлөт деп убада кылып келет. Саясат таануучу Аалыбек Акунов мурунку бийликтердин тушундагы шайлоолордогу административдик ресурстун колдонулушу жана анын эмне менен бүткөнүн эске салды. Күздөгү шайлоодо жооптуу адамдар кызмат укугунан аша чапса кесепети оор болорун, легитимдүүлүгүнө доо кетерин эскертти:

- Жогорку бийлик таза шайлоо өткөрүү жөнүндө көптөн бери эле айтып келатат. Бирок ошентсе да жер-жерлерде райондук жана облустук деңгээлде административдик ресурсту бийликтин партиясына пайдаланууга аракет кылышы мүмкүн деген сөздөр азыртан эле айтыла баштады. Бирок бул өтө опурталдуу. Шайлоону таза өткөрүүдөн башка жол жок. Эгерде бийлик Кыргызстандын эгемен тарыхында жакшы, үлгү боло тургандай таза шайлоо өткөрсө өзүнүн легитимдүүлүгү да жогорулайт эле.

Эмнеси болсо да Кыргызстан таза шайлоого жол чаап жатат. Ага ылайык, шайлоо боюнча бир катар мыйзамдар өзгөртүлүп-толукталды, шайлоо жараяндарын автоматташтырууга, шайлоочулардын тизмесине байланыштуу мүчүлүштүктөрдү жоюуга аракет кылууда. Бийликтегилер биометрикалык маалыматтардын негизинде добуш берүү ыплас ыкмалардан арылтуунун негизги жолу деп ишендирип келет. Эми мунун баары күзүндө парламенттик шайлоодо сыналмакчы.

Соңку, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо тизмеге байланыштуу чыр чыккан. Добуш берүү күнү тизмеден өзүн таппай калгандар көп болгон. Андан кийин жергиликтүү кеңештердеги шайлоолор айрым бир ыплас ыкмалардан арыла электигин көрсөткөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG