Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Ирак күчтөрү Мосул аба майданын колуна алды


Мосул аба майданын бошотуу операциясы.
Мосул аба майданын бошотуу операциясы.

Бул тууралуу Ирактын мамлекеттик телеканалы кабарлады. 23-февралда Ирак күчтөрү түштүк тараптан кирип, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан Мосул шаарынын аба майданын бошотуу операциясын баштаган. Өкмөттүн тандалма багыттагы жоокерлери аба майданга жакын жердеги эл-Газлани аскерий базасына чабуул жасап, ал жерде айыгышкан уруш жүрүп жатканы кабарланган.

Ирак расмийлеринин маалыматы боюнча, өкмөттүк күчтөр жакынкы күндөрү шаардын батыш бөлүгүнө киришет. 19-февралда башталган операциядан бери 120 чарчы чакырым жер бошотулду. Мосул шаарын “Ислам мамлекети” 2014-жылы басып алган.

Өткөн жылы октябрь айында аны бошотуу боюнча Ирак күчтөрүнүн операциясынын биринчи бөлүгүндө Мосулдун чыгыш тарабы бошотулган. АКШ аскерлеринин маалыматы боюнча, Мосулдун Тигр дарыясынын батыш тарабында 2 миңдей жоочу бар. Алар көзөмөлдөгөн аймакта 750 миңдей адам жашайт. (AiT)

XS
SM
MD
LG