Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Айылдык кеңештерге шайлоо тынч өттү


25-мартта Кыргызстандын 6 айыл округунда айылдык кеңештерге, мындан тышкары Балыкчы шаардык кеңешине шайлоо өттү.

Айылдык кеңештерде бир мандаттан, ал эми Балыкчы шаарында шайлоо партиялык тизме менен жүрдү. Байкоочулар айылдык кеңештерге шайлоо тынч маанайда өткөнүн, бирок Балыкчы шаарында айрым мыйзам бузуулар орун алганын белгилешти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров айылдык кеңештерге шайлоолордун жүрүш тартиби жана шарты тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:

- Айылдык кеңештерде партиялык система колдонулбайт. Анда өзүн-өзү көрсөтүү болот. Мисалы, азыркы депутаттар өздөрүн көрсөтүүгө укуктуу. Ошондой эле партиялар көрсөтүшү мүмкүн.

Айылдык кеңештерге шайлоолор Аксы районундагы Авлетим, Жети-Өгүз районундагы Оргочор, Алай районундагы Будалык, Аламүдүн районундагы Арашан, Ысык-Ата районундагы Милянфан айылдык округдарында жана Кемин районундагы Кемин шаарчасында өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясына ар үч саатта шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат берилип турду. Маселен, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Шадыбек Казыбеков буларга токтолду:

- Шайлоо тынч, жакшы өтүп жатат. Мыйзам бузуулар жок. Ушул убакытка чейин бир да арыз түшкөн жок. 21 мандаттык айылдык кеңешке 70 талапкер катышты.

Айылдык кеңешке шайлоо алыскы Алай районундагы Будалык айылдык округунда да жүрдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын райондогу өкүлү Жаныбек Жаанбаев:

- Будайлык айыл өкмөтүнүн депутаттары айыл өкмөттү шайлай албай калышканда президент тарабынан таратылган. Бул жерде эки шайлоо участогунда шайлоо жүрүп жатат. Баары 11 мандат, ага 49 талапкер катышууда.

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы көпчүлүгү дунгандар жашаган Мелянфан айылдык кеңешине да шайлоо өттү. Бул айылдык кеңешке 28 талапкер аттанып, анын көпчүлүгү дунган улутунан. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Дамира Молдокеева шайлоо тынч маанайда өтүп жатканын билдирди:

- Бул жерде он бир мандатка 28 адам катышып жатат. Негизинен бул талапкерлер дунган улутундагылар. Бул жерде эки участок бар. Бирөөсүндө бир кыргыз, беркисинде 4 кыргыз талапкерлигин койгон.

Назарды бурган Балыкчы шайлоосу

Булардан тышкары Балыкчы шаардык кеңешине да шайлоо өтүп, ага 6 партия жана 11 коомдук уюм катышты. Ал эми жалпы талапкерлердин саны 855 адамды түздү.

Айылдык кеңештерден айырмаланып, Балыкчы шаарындагы шайлоого коомдук жана бейөкмөт уюмдар кызуу байкоо салышты. Буга шаардык кеңешке шайлоо партиялык тизме менен болуп, ага ондогон саясий уюмдардын катышып жатканы башкы себеп. Байкоочулар айылдык кеңештердеги шайлоодо мурдагыдай эле тууганчылык мамилелер үстөмдүк кылып жатышкандыгын белгилешти.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын Балыкчыдагы шайлоого байкоо салып жаткан өкүлү Медер Талканчиев шайлоонун жүрүшүндө айрым мыйзам бузуулар болгонун маалымдады.

- Азыркы учурда бизге айрым шайлоо участокторунда мыйзам бузуулар болуп жатканы тууралуу маалыматтар келип жатат. Процедуралык иштердин бузулганы, башка да мыйзамсыз иштердин болгону боюнча маалыматтар түшүп жатат.

Балыкчыдагы шайлоодо айрым жеңил мыйзам бузуулар орун алгандыгын аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү да ырастады.

4-мартта Токмок шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы ушул кезге чейин чыгара элек. БШК ушул тапта Токмоктогу шайлоочулардын кошумча тизмесин текшерүүгө алууда. Ошондон кийин гана акыркы жыйынтык чыгарылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева маалымдады:

- Шайлоодо тизмеге киргизилген фамилиялардын арыздары барбы же жокпу деп тактап жатабыз. Бир нече фамилиялар кирген экен. Ошолор кандай негизде киргендигин карап жатабыз. Башка эле бир адамдарды киргизген болсо, алар шайлоонун жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн.

Кыргызстан боюнча шайлоо бекеттери эртең менен саат 8де ачылып, кечки саат 7де жабылды. Ал эми шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары бүгүнкү күндөн тарта белгилүү боло баштайт.

XS
SM
MD
LG