Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Жакында өтө турган парламенттик шайлоону утурлай үгүт иштери кызуу жүрүп жаткан чагы. Талапкерлердин кээ бирлери жетиштүү добуш алам деп кудайды ортого салып ант ичишсе, кээ бирлери мечиттен үмүт кылып, молдолорду колтуктагансыйт.

Саясий үгүт иштеринде динчилдердин диний сезимдерин, диний кызматкерлерди жана диний баалуулуктарды колдонуу канчалык мыйзамдуу жана канчалык саясий этикага ылайык?

Дин комиссиясынын мурдагы жетекчиси, саясат таануучу Жолборс Жоробеков түштүк тараптагы шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу байкоосун ортого салды:

- Азыр жер-жерлерде саясий партиялар калк менен жолугушууда. Ушундай өнөктүктө айрым кишилер дин өкүлдөрүн, молдокелерди ээрчитип жүргөнүнө күбө болуудабыз. Бардык эле цивилизациялуу мамлекеттердей бизде да дин мамлекеттен бөлүнгөн. Дин саясий маселелерге кийлигишпеш керек. Бирок депутаттыкка талапкерлер да, депутаттар да дин адамдарын ээрчитип, шайлоочулардын колдоосун алуу түштүк тарапта кеңири тамыр алууда. Дин адамдары "биз үгүт иштерине катышкан жокпуз, биз жөн эле тууганы катары жүрөбүз, биз талапкердин шакиртибиз, досубуз" деп ээрчип жүрүшөт.

9-август, 2013-жыл

9-август, 2013-жыл

Дин кызматкерлеринин саясий үгүт иштерине катышуусу шайлоо жөнүндө, ошондой эле диний уюмдар жана дин эркиндиги жөнүндөгү мыйзамдарда тыюу салынганы да маалым. Буга кошумча муфтият да молдолор шайлоонун үгүт иштерине катышпасын деген буйрук чыгарган.

Бирок бул буйрукка карабастан эмнеге дин кызматкерлери саясатчылар менен аралашып кеткенин түшүнүү максатында Ош облусунун жакында эле дайындалган казысы Самидин Атабаев менен байланыштык:

- Буйрук келгенден кийин ар бир райондун имамын чакырып, буйрук менен тааныштырып, бардык айылдарга жеткирүүнү тапшырганбыз. Бирок кээ бирлерине жетпей калган болушу мүмкүн. Ал кайсы имамдар болгону жөнүндө бизде так маалымат жок. Дагы бир сыйра айтып, жеткирип, саясатка аралашпагыла деп айтабыз. Буйрук мечитте үгүт-насаат иштерин болтурбоо максатын көздөйт.

Анткен менен Ош облусунун казысы Курман айтта мечитте партиялардын атынан мал союлушу жана этинин таратылышы табигый нерсе болорун кошумчалады:

- Саясий партия эгерде "менин партияма үндөп койгула" дебестен, жөн эле кой союп таратса, же болбосо, кедей-кембагалга таратып койгула десе, ал курманчылык катардагы адам сойгон курманчылыктан айырмасы деле болбойт.

Жалдагы мечит

Жалдагы мечит

“Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзөбү” дегендей күнөөнү жалаң эле дин кызматкерлерине оодара салып, аларды азгырган саясатчыларды унутуу адилеттикке жатпас. Бирок ошол эле жогоруда айтылган мыйзамдарды, ошондой эле "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамды карасак саясатчылардын динди колдонуусуна бөгөт койгон жобону табууга мүмкүн болбоду.

Диний уюмдардын шайлоо фонддоруна көмөк көрсөтүүсүнө тыюу салынганы менен саясатчылардын диний уюмдарга жана дин кызматкерлерине каражат бөлүүсү жөнүндө кандайдыр бир норма жазылган эмес. Андыктан жакындап келаткан Курман айт майрамында саясий париялардын мечит короосунда мал союп, диний майрамды шайлоо пропагандасына айлантуусуна, керек болсо үгүт баракчаларында аят жана хадистерди колдонуусуна тоскоолдук жоктой көрүнөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт учурунда саясатчылардын динди колдонуусуна көзөмөл жүргүзөбү? Бул суроого БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова "биз дин боюнча көзөмөл жүргүзбөйбүз, бизде андай нерсе жок" деп жооп кайтарды.

Дин иштерин көзөмөлдөгөн орган катары Дин комиссиясына да дин менен саясаттын мамилесин көзөмөлдөө боюнча кандайдыр бир функционалдык милдет жүктөлгөндүгү жөнүндөгү норманы ал органдын өз жобосунан да табууга мүмкүн эмес.

3-октябрь, 2014-жыл

3-октябрь, 2014-жыл

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу маселелер саясатчылардын кээ бир имамдар менен болгон тандеми менен эле бүтпөгөнүн айтып, диний жамааттардын да шайлоого карата өз партияларын мурдатан эле тактап алышканын айтты:

- Азыр "Таблиги жамаат" сыяктуу кээ бир исламий жамааттар "өзүбүздүн адамдарыбызды да парламентке киргизишибиз керек, анын арты менен министр сыяктуу орундарды ээлешибиз керек" деген ойлор менен жүрүшөт. Алар "биздин кайсы бир жерлерде адамдарыбыз бар, ал адамдар аркылуу иштеп атабыз" деп жашырышпайт.

Саясат талаасында мамиле түзүү саясатчылар менен диний жамааттарга кандай пайда алып келиши мүмкүн? Саясатчылар үчүн дин чындап эле саясий капитал боло алабы? Социолог, Бишкек гуманитардык университетинин мугалими Бакыт Малтабаров:

- Азыркы кезде диний ишеними жогору болгон инсандарды бириктирип, добуш үчүн пайдалана турган партиялар жок. Бирок кээ бирлер аракет кылууда. Диндин саясатта колдонулушу диний жамааттардагы ажырымды тереңдетиши мүмкүн. Бирок азыркы учурда андай коркунуч жок. Эгер келечекте алар саясатка 90% активдүү катыша баштаганда Пакистандан, Сауд Аравиядан, Египеттен окуп келгендер болуп, өз алдынча, мектеби боюнча бөлүнүшү мүмкүн. Бирок азыркы мезгилде бул теманы өзгөчө маселе катары кароого болбойт. Көбүнчө шайлоочулар диний позициясына эмес, жарандык позициясына карап добуш беришет.

“Дил мүрөк” коомдук уюмунун жетекчиси Өзбек Чотонов шайлоо өнөктүгүнө катышпаганын айтты:

- Диний көйгөйлөрүңөрдү чечип берем деген талапкер же партия болсо колдойт элем. Бул реалдуу, кабыл алына турган нерсе. Эгер силердин укугуңарды колдоп берем, жоолук маселеңерди чечип берем, салыктан бошотом десе, аны колдогонго болот. Ошондой динчилбиз деген партиялар да бар. Мага "бул балдар ыймандуу экен, колдоп койбойсузбу" деп сунуштагандар болду. Ошолор үчүн үгүт жүргүзгөндөр да болду.

Динге таянган саясий үгүт иштери динчилдердин тигил же бул партияга добуш берүүсүнө же бербөөсүнө таасир этиши мүмкүн. Бирок саясий этика жана маданият жагынан бул маселе саясатчыларга канчалык сынак болгонун философ, "Манас" университетинин профессору Жамгырбек Бөкөшов айтат:

- Имам, молдоке, же болбосо диний даражасы бар башка адамдар инсан катары тигил же бул партияны тандап, өз оюн айта алат. Бирок диний жамааттын жетекчиси, имам катары кандайдыр бир ачык колдоп чыгышы дин менен саясаттын ортосундагы чекти бузууга алып барат деп ойлойм. Динге ишеним адамдын ички дүйнөсүндөгү, назик, өзгөчө сый мамиле жасалуучу нерсе. Аны саясатка аралаштыруу жакшы көрүнүш эмес. Бул бир этикалык маселе, адамдын ыйман, абийирине байланышкан маселе. Укук коргоо органдарынын милдети ошону саясий чайкоочулукка алып барбагыдай эрежелерди сакташы керек.

Диндин саясий соодалашуунун куралына айланышы кайра эле өлкөдөгү саясий жана диний коопсуздукка түздөн түз таасир тийгизери шексиз. Египет, Түркия, Пакистан сыяктуу мамлекеттердин калкы өзгөчө 19-кылымдын аягынан тарта саясий чакырыктар менен чыккан диний лидерлерге жана диний ураандарды көтөргөн саясатчыларга күбө болушту. Кыргызстанда болсо, саясатчылар диндин, ал эми диний лидерлер болсо саясаттын даамын акырындап тата башташканы байкалат.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG