Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:28

Президент Роза Отунбаева Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын легитимдүүлүгү суроо астында экенин билдирди. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков, юристтер Мукар Чолпонбаев жана Бекбосун Бөрүбашев катышты.

“Азаттык”: Равшан мырза, БШКнын сиздер шайлаган жаңы курамынын легитимдүүлүгү суроо астында. Анткени ал эски мыйзам менен шайланып калганы айтылды. Эски мыйзам боюнча БШКнын курамы он үч мүчөдөн турат. Анын жарымын парламент, жарымын президент көрсөтөт деген жүйөнү президент карманууда.

Равшан Жээнбеков: Менин көз карашым боюнча “Шайлоо жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде азыр жаңы шайланган БШКнын мүчөлөрү толук легитимдүү. Алар легитимдүү биринчи жыйынын өткөрдү жана аны легитимдүү сан менен өткөрүштү.

Шайлоо комиссиясынын жаңы мүчөлөрү легитимдүү деп эсептелет, эгер биринчи жыйынын өткөрсө, ал жыйынга үчтөн эки бөлүгү келе турган болсо. БШК мыйзамдын негизинде 12 мүчөдөн туруш керек, анын ону шайланды, баары катышып БШКнын төрагасын шайлашты. Бир сөз менен айтканда легитимдүү уюм пайда болду десе болот.

“Азаттык”: Мукар мырза, президенттин аргументи жөндүүбү? Чын эле БШКнын жаңы курамы шайлоо өткөрсө жыйынтыгы талаш астында калабы?
Каттоосу жок деген абдан жакшы, бирок ошол эле убакта бир киши бир нече жерге барып добуш берип коюшу мүмкүн.

Мукар Чолпонбаев: Менин көз карашымда президенттин айткандарында толук негиз бар. Президент деген жөн саясатчы эмес. Эгерде биз Роза Отунбаеваны президент деп тааный турган болсок, ага президент катары баа беришибиз керек.

БШКнын мүчөлөрү мыйзамдын негизинде шайланган жок. Конституцияга ылайык элдин мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү мыйзамдар жарыяланган күндөн баштап гана күчүнө кирет. БШКнын мүчөлөрүнө “Шайлоо жөнүндөгү” мыйзам жарыялана электе шайлоо өтүп калды. Демек мыйзам күчүнө кире электе шайлоо өттү.

Үчүнчүдөн, ошол күнкү жыйынга катышып отурган Турсунбай Бакир уулу “бүгүн залда 26 гана депутат отурабыз, бул кабыл алган мыйзамдарыбыз мыйзамдуу болобу, же болбойбу” деди. Ошол жерде отурган Сасыкбаев “сиз шайлоону өткөргөндөн мурда депутаттарды чогултпайсызбы” деп айтты. Ошондо 45 депутат гана отуруп шайлады. Депутат деген жеке добуш бериш керек.

“Азаттык”: Равшан мырза, ушундай болду беле?

Равшан Жээнбеков: Жок, андай эмес. БШКнын мүчөлөрүн шайлаганда парламенттик көпчүлүк менен азчылыктын да бардык депутаттары жашыруун добуш менен шайлады. Бардыгы эле катышты.

“Азаттык”: Бекбосун мырза, президенттин жүйөсү келечекте шайлоону чындыгында эле күмөнгө койобу, же депутаттар шайлаган негизде бардыгы мыйзам чегиндеби? БШК биринчи жыйын өткөрдү, парламентте БШКны түзгөнгө конституциялык укук барбы?

Бекбосун Бөрүбашев: Парламенттин укугу бар. Бирок процедура, шайлоо маселеси биринчи топ 24-июнда, экинчиси 30-июнда өтүп кетти. Ошон үчүн эки мыйзамдын ортосунда калып калды.

Экинчи жактан, биринчи топто бардыгын тизме аркылуу баарына эле добуш берип коюшту, экинчи топто болсо өзүнчө бөлүштү. Ошондуктан дискриминация сыяктуу болуп калды. Ката кетип калганын биз моюнга алышыбыз керек.
Эл аралык уюмдар, демократиялык институттардын көпчүлүгү шайлоо процесси боюнча жардам бергенге даяр.

Шайлоо – өтө татаал процесс. Шайлоо кантип өтүп, эмне менен бүтөөрүн билбейбиз. Ошондуктан ушул маселени жоюш үчүн жакында кезексиз сессия болгону турат, жаңы мыйзамдын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттары төрагасы баш болуп кайра бул маселени карап койсо артыкчылык кылбайт. Эртеңки күнү ызы-чуу аз болгону жакшы. Ошондуктан мыйзам бузуу Жогорку Кеңеш жактан болду деп айтсак болот.

“Азаттык”: Анда БШКнын өткөргөн жыйындары нөл болуш керекпи?

Бекбосун Бөрүбашев: Бардыгын нөлдөн башташ керек.

Чыр-чатактын башатыбы?

“Азаттык”: 8-июлда Жогорку Кеңеш чукул сессияга чогулуп жатат. Бул маселе коюлабы?

Равшан Жээнбеков: Кийинки келген эки талапкер кайрадан каралат. Президент кайрадан берип аткандан кийин экөөнү тең Жогорку Кеңеш караш керек.

Бекбосун агайдын айтканына кошулам, чындыгында бул жерде адилетсиздик болуп калды. Жогорку Кеңеште биз эки стандарт менен иштеп атабыз. Жогорку Кеңеште кандайдыр бир топ болобу, же партиялардын лидерлери болобу, мен так айта албайм, бирок чынында эле бизге керек убакта биз топ менен добуш беребиз, ал эми президенттик кандидатурага келгенде, бирөөлөрдү кулатыш керек болгондо өз-өзүнчө добуш берип атабыз. Бул эки стандарт деген түшүнүктү киргизип атат. Жогорку Кеңеш мамлекеттин жогорку уюму катарында мындай нерселерге жол бербеш керек, бул туура эмес.

“Азаттык”: БШКнын жаңы курамын кайра шайлап коюу маселени чечеби?
Жалпысынан чынында коррупциялашкан система иштеп атат. Биз өкмөттү сындап атабыз, бирок оппозициялык партиялар деле ошол жол менен кетип атпайбызбы.

Мукар Чолпонбаев: Эгерде БШКнын курамын Бекбосун мырза айткандай кылбасак, кийин чыр-чатактын баары чыгышы толук мүмкүн. Ошондой чыр-чатак чыкпасын десек, булар календардык планды гана карады, азыр болсо облустук, райондук, участкалык комиссияларды түзүү жүрүп атат, алардын календардык планынын мөөнөттөрү 15-25де бүткөндүктөн, эгер 8де карап койо турган болсо, ошол күнү БШК кайра жыйын өткөрсө, анда ошонун баарын өзүнүн ордуна келтирип койсо болот.

“Азаттык”: Азыр эки стандарт жөнүндө сөз болгондо Акылбек Сариев менен Ирыскулбековдун талапкерлиги кайрадан коюлуп атат, булар кандай шартта шайланыш керек деп эсептейсиз?

Мукар Чолпонбаев: Эгерде шайлоону калыбына келтире турган болсо, ар бир талапкерди президент көрсөтөбү, парламенттик көпчүлүкпү, же оппозиция көрсөтөбү абалын бирдей кылыш керек, бардыгына бирдей шарт түзүп бериш керек, же тизме боюнча бир шайлаш керек, же ар бирине өз-өзүнчө добуш бериш керек.

Равшан Жээнбеков: Бул прооцесс өтүп кетпедиби. Бирок ошентсе да коомдук пикир жаралгандан кийин адилетсиздик болду. Экинчиден, процедура бузулуп атат. Биз бул маселеге кайрылып келсек болот. Бул маселени алдыда келаткан кезексиз сессияда карашыбыз керек. Бардыгын бирдей стандартка алып келген чечимди кабыл алышыбыз керек. Эки талапкерди бир тизме менен, өз-өзүнчө бөлүп караган адилетсиздик болот.

“Азаттык”: Биздин эксперттер айтып жаткандай бул маселеге кайрылыш керекпи, сиз өзүңүз маселени көтөрүүгө даярсызбы?

Равшан Жээнбеков: Мен көтөргөнгө даярмын. Биз бул маселени көтөрүп, кайрылып келишибиз керек.

“Азаттык”: Президент, коалициялык көпчүлүк жана оппозициянын талапкерлери менен куралган БШК адилет жана чынчыл шайлоо өткөрүүгө жөндөмдүүбү?

Мукар Чолпонбаев: Конституция жазылып аткан кезде өтө чоң ката кеткен. БШК жеке эле президенттин кызыкчылыгы эмес, парламентте отурган коалициялык көпчүлүк, же азчылык эмес. Парламентте отуруп, бирок өкмөттү түзүүгө катышпай калганда эле оппозиция деп айтуу туура эмес. Бүгүнкү күндө парламентте отурган, өкмөттү түзүүгө катышпай калган депутаттарды оппозиция деп айтуунун өзү натура. Анткени алар бүгүн бийликте отурат, маселе чечип атат.

Ал эми шайлоодо жетишпей калган коомдук уюм катары оппозицияда жүргөн башка күчтөрдүн пикирлери такыр эле эсепке алынбай калганы туура эмес. Эгерде чынында укуктук мамлекет, же жарандык коом курабыз дей турган болсок, БШКнын эч болбогондо үчтөн бири такыр бийликте отурбаган күчтөрдөн болушу керек эле. Ошондо биз чыныгы БШК түздү деп айтсак болот эле. Азыр башкаруучу күчтөрдүн өкүлдөрү, жалдаган адамдары БШКда отуруп калды.

“Азаттык”: Бул сынга кандай жооп бересиз, Равшан мырза?

Равшан Жээнбеков: Биз талапкерлерди тандаганда субъективдүү ыкмалар болуп атат. Биз бардыгыбыз "БШКга, Соттордун кеңешине адамдарды алабыз” деп билгенбиз. Бир да партия, бир да өкмөттүк уюм Соттордун кеңеши, БШК боюнча конкурс өткөргөн жок. Ар бири өзүнө жакын, сатпайт деген кишилерин алып келип ошол комиссияларга киргизип атышат. Бул туура эмес.

“Азаттык”: Сиздердин фракцияда да ушундай болдубу?
Шайлоо – өтө татаал процесс. Шайлоо кантип өтүп, эмне менен бүтөөрүн билбейбиз.

Равшан Жээнбеков: Биздин фракцияда да ошондой болду. Алып келип, биздин фракцияга 3-4 кишини киргизди, анан көпчүлүк менен шайлап алышты. Ар бири ачык-айкын конкурстун негизинде алына турган болсо, анда эч кимибиз талаша албайт элек. Бүгүнкү күндө бул талаш жарата турган маселелер.

Бекбосун Бөрүбашев: Азыркы убакта Кыргызстанда иштеп аткан укуктук-саясий система демократиялык мүнөздө эмес. Былтыр өткөн конституциялык реформа демократияны алып келген жок.

Бизде шайлоо системасы коррупциялашкан. Анткени шайлоо системасын кызматкер адам бузат, акча менен келишет. Андан башка шайлоо системасы узурпацияга ачыктан-ачык жол берет. Узурпациянын эки элементи бар: бийликти басып алуу, же болбосо бирөөнүн бийлигин чектеп, укуктарын өзүнө алып коюу.

Шайлоо кандай өтөөрүн көрөбүз. Азыр жер-жерге барып губернатор, акимдерге баланча пайыз бересиң деген сөз кетти. Демек эл шайлабайт. Биз укуктун теориясын жакшы билишибиз керек. Бизде акыркы үч жылда жүргүзгөн реформаторлорубуз саясий, укук жактан сабатсыз экенин көрсөтүп койду. Бул системаны биз терең карап чыгышыбыз керек. Ушул жактан биздин Жогорку Кеңеш чабалдык кылып атат.

Мукар Чолпонбаев: Бүгүнкү мамлекеттик бийлик Конституциянын негизинде толук коррупцияланып бүткөн деп айтсак болот. Анткени Конституция коррупцияны түзүүгө толук шарт түзүп койгон, демократия дегендин жыты да калбай калды.

“Азаттык”: Бизде атаандаштык болуп, парламентте фракциялар, талкуу күчтүү болуп атпайбы?

Равшан Жээнбеков: Биз демократиянын баштапкы жолунда баратабыз. Албетте идеалдуу демократиялык процесстерди, институттарды куруу үчүн көп ашуулардан өтүүгө туура келет.

Жалпысынан чынында коррупциялашкан система иштеп атат. Биз өкмөттү сындап атабыз, бирок оппозициялык партиялар деле ошол жол менен кетип атпайбызбы. Соттордун кеңешине, БШКга өзүбүздүн жакындарыбызды, партиялаштарыбызды шайладык. Ошондуктан оппозиция ачык-айкындыкты талап кыла турган болсок, анда өзүбүз да биринчи кезекте сынактын негизинде кадрларды алып, бардыгына бирдей аттандаштык шарттарды түзүшүбүз керек.

Убакыт тар

“Азаттык”: Равшан мырза, сиз президенттикке талапкер болуп чыксаңыз, мыйзамдык жактан камсыздалгансызбы, же ушул коррупциялашкан системада эч кандай мүмкүнчүлүгүңүз болбой калабы?

Равшан Жээнбеков: Бизде азыр таза, ачык шайлоо өтөт деп айтыш кыйын. Бирок мурдагы жылдарга караганда шайлоо бир эсе таза, ачык, дурус өтөт деген ишенимим бар.

“Азаттык”: Азыркы шайлоонун өзгөчөлүгү жаңы парламент кабыл алган мыйзамга ылайык, каттоосу жок барышат, тизмени БШК өзү түзүш керек, өзү жоопкерчиликтүү болуш керек. БШК ушулардын бардыгын иретке келтирип, мурдагы шайлоодогудай жаңжалга тушуктурбай шайлоо өткөргөнгө кыска мөөнөттө үлгүрөбү?
Бүгүнкү күндө парламентте отурган, өкмөттү түзүүгө катышпай калган депутаттарды оппозиция деп айтуунун өзү натура. Анткени алар бүгүн бийликте отурат, маселе чечип атат.

Мукар Чолпонбаев: Жакынкы төрт айдын ичинде азыркы шайланган БШК бүгүнкү курамы менен ушул талаптарды аткарып бере албайт деп ойлойм. Себеби ар бир участкада эбактан бери түзүлгөн даяр тизмелер бар. Алардын ичинде ким качан өлгөнү, ким качан 18ге чыкканын териштирип аткан эч ким жок. Азыр мамлекеттик жогорку бийликте турган адамдар бийлик кызматын өткөрбөй туруп шайлоого бара турган болуп атышат. Андай болсо алар административдик ресурстарды колдонбойт деп ким айта алат? Эс алууга чыкканы менен ал кызматында отурат. Ачык шайлоо боло тургандыгында эч кандай ишеним жок.

“Азаттык”: Ушул тизмени түзүүнү БШКга берүү өзгөрүүгө алып келип, былтыркыдай каталарды кайталабоого шарт береби? БШК жооп берсин деген негизде ушундай кадам жасалдыбы?

Равшан Жээнбеков: Ооба. Эмне үчүн бул норма киргизилди? Бардык нерседе бир кожоюн, жоопкерчиликтүү уюм, же адам болуш керек. Буга чейин эч ким эч нерсеге жооп берчү эмес. Ошондуктан жоопкерчиликтүү кылып биз БШКны түздүк. Төрт айдын ичинде жетиштүү убакыт, алар тизменин баарын карап чыкса болот. Эл аралык уюмдар, демократиялык институттардын көпчүлүгү шайлоо процесси боюнча жардам бергенге даяр.

Урматтуу шайлоочулар, азыркы шайлоодо каттоонун кереги жок, каалаган жериңиздерден бир айдан 10 күнгө чейин “мен ушул жерден добуш берем” деп айтып коюп, шайлоо күнү келип добуш бере берсеңер болот. Каттоону талап кыла турган болсо ал мыйзамсыз.

Бекбосун Бөрүбашев: Акыркы 20 жылда Кыргызстанда көп шайлоо болду, бардыгы тең бурмаланып өттү, референдумдун баары бузулуп өттү, бирок эч ким жооп берген жок. Ушул маселени биз кайра көтөрүп чыгышыбыз керек.
Кыргызстанда иштеп аткан укуктук-саясий система демократиялык мүнөздө эмес. Былтыр өткөн конституциялык реформа демократияны алып келген жок.

БШК президент, Жогорку Кеңеш менен бекилип келет. Ошондуктан жогорку органдар да жооп бериши керек. Эгер шайлоо, референдум сапатсыз өтсө, мыйзам бузуу көп болсо, эң биринчи ушул мамлекеттик органды түзгөн эки жогорку мамлекеттик орган жооп бериш керек. Бизде мындай жоопкерчилик жок. Добуш берүүнүн жаңы жолун ойлоп чыксак.

Каттоосу жок деген абдан жакшы, бирок ошол эле убакта бир киши бир нече жерге барып добуш берип коюшу мүмкүн. 30-октябрда боло турган шайлообуз укуктук жактан да, техникалык жактан да бышпай атат. Аны азыртадан эле көрүп турабыз. Ошондуктан бул маселеге кайра кайрылбасак болбойт.

“Азаттык”: Бармакка көрүнө турган сыя, каттоосуз добуш берүү башаламандыкты жөнгөрүп, акыйкат шайлоого шарт түзүп бере алабы?

Мукар Чолпонбаев: Бармака баскан сыя бөгөт болуп бериши мүмкүн, эгерде шайлоо комиссиялары таза, так иштеп бере турган болсо. Биз баарыбыз эле шайлоого катышып жүрөбүз, Жогорку Кеңешке өтпөй калган оппозициялык партиялардан, эркин кандидаттар чыгат, алардын өкүлдөрү шайлоо участкасына чыгарбайт.

Шайлоо участкасына келгенде добуш берүү чоң залдын бир бурчунда болсо, байкоочуларды башка бир бурчка киргизип койот да, алар таң аткандан кечке отурса да эч нерсеге таасир эте албагандай абалга жеткирип койот. Бул көнгөн нерсе. Бармагына дары чачтырып алып башка участканы кыдырып добуш берип жүргөн шайлоочуларды көргөнбүз. Бул сапар да андай массалык түрдө болушу мүмкүн.

Равшан Жээнбеков: Мен деле таза, ачык, жакшы шайлоо болушун каалайм. Анткени бул кайсы гана мамлекет болбосун өнүгүүсүнө түрткү боло турган маанилүү нерсе. Бирок биз канча аракет кылбайбы бир күндө идеалдуу шайлоо системасын кура албайт экенбиз. Бүгүнкү жасап аткан кадамыбыз жок дегенде 2-3 кадам алдыга жасайлы деген аракет.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG