Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

Кыргызстанда президенттик шайлоого 1,5 ай убакыт калган кезде эле анын курч мүнөздө өтөөрүүн серепчилер божомолдоодо. Шайлоо мыйзамындагы так эместиктер жана алешемдиктер болочокто кризистик кырдаалга жеткиреби? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкуунун катышуучулары: БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков, БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев жана “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Руслан Ташанов.





“Азаттык”: Президенттик шайлоого бир жарым айдай убакыт калды, алдыда дагы көп иштер бар. Эң башкысы азырынча канча талапкер жарышка түшөөрү аныктала элек. Бирок азыр эле шайлоону уюштурууга дооматтар көбөйө баштады.

Акылбек Сариев сотко кайрылыптыр, кечээ эле кол топтоо баракчасын көрсөткөн жок деп четтетилген 34 кишинин жоон тобу маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда Шайлоо кодексиндеги 30 миң кол топтоо, 100 миң сом күрөөгө коюу талабы жөнөкөй адамдардын укугун бузган жана бийлик өкүлдөрүнө жол ачкан жоболор деп билдиришти.

Шайлоо кодексин коррупциялашкан мыйзам деп да айтып жиберишти. Мындай кадам үчүнчү ыңкылапка чейин алып барат деген кескин билдирүүлөр менен атайын маалымат жыйын уюштуруп, айтып атышат. Мындай дооматтын жөнү канчалык?
БШК жалпы биздин башкаруу системабыз мыйзамдардын так аткарылышын камсыз кылуусу стабилдүүлүктү камсыз кылуунун эң негизги өбөлгөсү катары каралат.

Ишенбай Кадырбеков: Доомат кылуу ар бир инсандын укугу. Жүйөсү болсо адам өзү түшүнө алса, ошонун деңгээлинде доомат кылып аткандыр. Мисалы, 100 миң сом адамдын укугуна таасир этип атат дегенге макул болуу кыйын.

Шайлоо салык төлөп аткан элдин акчасынын негизинде болуп атат. Президенттик талапкерлер өзүн-өзү үгүттөөгө, сыналгыга чыгууга жол болбосун деген мааниде күрөө катары коюлган. 30 миң – чоң ат чабышка чыгып атканда элдин колдоосу кандай экенин алдын алуу текшерүү. Бул чектөө орундуу деп эсептейм, мыйзам ченеминде жасалган.

“Азаттык”: Ошол эле мезгилде Акылбек Сариев сотко кайрылып, өзүнүн аргументтерин келтирип атат. Сотко кайрылышыңызга эмне себеп болду?

Акылбек Сариев
Акылбек Сариев: Биздин азыркы жазылган мыйзамдын так аткарылышы, кандай чектөө болот, күчтөсө болобу, укугу барбы, же жокпу деген маселеде талкуу кылып атабыз. Анткени биздин көз караш боюнча шайлоочулар талапкерлерин колдоп жатканда колун текшерүү, же колун тастыктоо жөнүндө гана мыйзамда бар. Бул жобо мурда да бар болчу, ал жерде “шайлоочу өзү колу менен жазыш керек” деп так жазылган. Бирок былтыркы ыңкылаптан кийин мыйзамчылар мыйзамдын кээ бирлерин аябай жумшарткан, жеңилдиктерди алып келген, демократиялык мыйзам деп жазышкан.

Биз карап чыкканда “шайлоочу өз колу менен жазыш керек” деген талап жок. Бул жерде БШК өз укугунан ашкере пайдаланып, талаптарды коюп атат. Ошол талапты коюу менен биздин майыптардын, кары-картаңдардын укугу тепселенди.

Азыркы күчөтүп койгон талапты көп киши аткара албайт. Кол жазманы ошол киши өзү жазганын эч ким тактай албайт. Ошону жөнөкөйлөтүп, шайлоочулардын колун топтош керек болчу. Анан каттоосунун кереги жок болчу, чогулткан жердин ордун, атын көрсөтүп койсо жетиштүү болмок. Биз ушул гана маселени сотко бердик.

Шайлоого жакын калганда бул маселени көтөрүп чыкчу кишилер табылат, кызыкдар кишилердин саны көп. Ошондуктан азыр чекит коюп койсо, кийин бул маселе алынып салынат.

Түйшүктүү тизме маселеси

“Азаттык”: Руслан мырза, кол топтоо аяктап бүттү. Ал кандай жүрдү, тазалыгы, тактыгы кандай болду?

Руслан Ташанов: Өзүбүздүн узак мөөнөттүү байкоочулар менен жыйындарды өткөрүп атабыз. Алардын айтымында, көпчүлүк биздин атуулдар үйгө келип колун сураган учурлар байкалбай атат. Эгерде шайлоочулардын үйүнө келип кол коюп бер деп эч ким суранбай атса, талапкер кантип 30 миң кол чогулта алды?

Кол топтоо канчалык деңгээлде чынчыл жүрдү деген күмөн суроолор пайда болуп атат. Бул жагынан мыйзам өзгөчө тактоолорго муктаж. Кол топтоонун механизмин компьютерлештирип, автоматташтырып, андай шайлоочу жок боло турган болсо түздөн-түз жооп бере турган системаны киргизүү зарыл деп ойлойм.

“Азаттык”: Топтолгон колдордун тууралыгын БШК кантип текшерип, кепилдик бере алат?
Мугалимдерге "айлыгыңар көбөйдү, ошон үчүн силер кимге добуш берүүнү билишиңер керек" деген сыяктуу сөздөр айтылып атканы жөнүндө биздин байкоочулар маалымат берип жатышат.

Ишенбай Кадырбеков: Толугу менен кепилдик берип текшериш кыйын. Ошондуктан мурунку жобо күчүндө калды, аны биз бекитип койдук. Топтолгон колдун 20 пайызы текшерилет, арасынан тандалып алынат. Комиссия иштеп атат, анын ичинде прокуратура, СНБ, Ички иштер министрлигинен адистер бар. 100 пайыз текшере албайт, ошонун арасынан тандап алып текшерет.

Кээ бир жерлерде жөн эле 1-2-барактарында кол топтолгон экен, ортосуна ошону көчүрмө кылып салып койгондор да бар экен. Биздин талапкерлер ойлоп чыгарганга өтө кыйын.

“Азаттык”: Козголуп аткан дагы бир маселе – тизме маселеси. Сиз өткөндө айттыңыз эле, мыйзам иштелип жаткан кезде, шайлоо системасы аркылуу эмес, БШКнын өкүлдөрү өзү тизмени түзүш керек деген тыянакка келдик деп. Бүгүн тизме кандай жагдайда, такталып бүттү беле, жер-жерлерде жетишип атабы?

Ишенбай Кадырбеков: Биринчи тизме 2001-жылы түзүлгөн. Ар бир райондо системалуу администраторлор бекитилген, бардык жерден түшкөн маалыматтын негизинде толуктоолорду жасап иштеп келишкен. Ар бир райондун тизмелерин борборлоштуруп бир жерден текшерген система жок болчу.

Азыр БШК өзүнчө комиссия түзүп, бирдиктүү шайлоочулардын тизмесинин тегерегинде иштеп, тизмени бүтүп баратабыз.

20-сентябрда ар бир участкада жаңы толукталган тизме илинет. Бирок ал тизме таза болду деп айта албайбыз. Ошондуктан шайлоого 30 күн калганда ар бир шайлоочуга чакыруу жиберилет. Ошону алгандан кийин өздөрү текшерип толукташат.

21нен баштап ар бир үйгө 3 кишиден барат. Бүгүнкү күндө 6 миңдей адис чогулду. Бир аптанын ичинде 10 миңге жеткирели деп атабыз. Ошентип республика боюнча экинчи тактоо этабы болот. Кошумча тизме болбойт.
Дүйнө жүзүндө мыйзамга ыраазы болгон адамды таба албайбыз. Себеби мыйзам бул укугун чектөө документ.

10 күн калганга чейин биздин шайлоочулар “ушул жерден мен шайлоого катышам” деп каалаган участкасында арызын бериш керек.

Ошол эле кезде арызына паспорттун каттоодо турган жери тиркелет. Эгерде өзү нарындык, же баткендик болуп, Бишкектен добуш берем десе, Бишкектен жаңы участкага анын фамилиясы киргизилет, убактылуу шайлоого ушул жерден добуш берет деп, каттоодо турган жерге бюллетен берилбейт.

“Азаттык”: Руслан мырза, сиз кандай дейсиз, тизме түзүү мыйзам чегинде шайлоочулардын укуктарын сактоо менен ырааттуу жүрүп жатабы? БШК ушунун баарын тактап бүткөнгө жетишеби?

Руслан Ташанов: Албетте шайлоочулардын тизмесин тактоо жана түзүү бүгүнкү эле көйгөй эмес. Жаңы мыйзам боюнча шайлоо дареги деген түшүнүк кирди. Ошол боюнча ар бир шайлоочу жашап жүргөн жеринен добуш бергенге укук алып атат. Мунун жакшы жактары – ички мигранттардын добушун жоготпой, шайлоого катышууга болгон укугун сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүп атат.

Ошол эле учурда бир топ суроолор жаралып жатат, канчалык деңгээлде участкалык шайлоо комиссиялары өздөрүнө жүктөлгөн милдетти аткара алат? Аягына чыга алышабы, чыга алышпайбы, сапаты кандай болот? Кошумча тизмеге мыйзамсыз шайлоочулардын кирип кетпешине кепилдик берүү аябай кыйын болуп турат. Чет өлкөдөгү биздин жарандардын шайлоо дарегин тактоо кандайча жүргүзүлөт? Ушунун механизмдери биздин мыйзамда так, даана каралган эмес.

Акылбек Сариев: Азыр эч ким жаңы тизме түзө албайт. Мурунку эле тизмени алабыз. Себеби убакыт өтө аз калды. Убагында Салык инспекциянын, Соцфонддун, ГРСтин базасында чогулта коебуз деген аракеттер болгон. Каттоодо айылдардын атынын өзгөрүшү бар. Бул маселени автоматташтырганга мүмкүнчүлүк болбойт. Үймө-үй кыдырып текшергенге убакыт жана көп киши керек. Статкомитеттин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 18ден жогорку 3 жарым млн. ашык жаран бар.

Күмөн туудурган жагдайлар

“Азаттык”: БШК бүгүн таза, так иштеп жаткандыгын кантип кепилдесе болот?

Акылбек Сариев: Негизги маселе мыйзамдын өзүндө. Анда көп мүчүлүштүктөр бар. БШК мыйзамды буза баштады. Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнү БШК кабыл алыш керек деген жобо турат. Ал аткарылган жок.
Кол топтоо канчалык деңгээлде чынчыл жүрдү деген күмөн суроолор пайда болуп атат. Бул жагынан мыйзам өзгөчө тактоолорго муктаж.

Шайлоо комиссияларына партиядан көрсөтүлөт жана резервден алат деп көрсөтүлгөн. Бирок БШКнын түзүү тартиби эски эле тартип менен кетти. Экинчиси, тил комиссиясына келгенде БШК өзүнүн укугунан четке чыгып кетти. Ал жерде тиешелүү орган Мамлекеттик тил комиссиясы сунушту бериш керек болчу, БШК бекитиш керек болчу. БШК тандаганга чейин өтүп кетти. Кол топтоо жагында да чектөөлөрдү көбүрөк койду.

“Азаттык”: Мыйзамдарда өксүктөр бар деп айтып атышат. Ишенбай мырза, ушуларга сиз кошуласызбы? Канткен менен сиз мыйзамдын авторлорунун бирисиз да?

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков: Сын пикирлер боло берет. Дүйнө жүзүндө мыйзамга ыраазы болгон адамды таба албайбыз. Себеби мыйзам бул укугун чектөө документ. Тизме боюнча бүгүнкү күнү чоң жаңы программа иштелип чыгат, 20-30 киши күнү-түнү компьютерде иштеп атышат.

БШКнын мурунку тизмеси база катары алынган, азыр Соцфонд, ГРСтин материалдарын киргизип атат. Бүгүнкү күнү эртең менен саат ондордо 1 млн. 800 адамдын тизмеси биздин базага кирди. Ошол эле кезде ГРСтин маалыматтарынан чоң каталар чыгып атат, аны оңдош керек, аны үймө үй кыдырганда текшеребиз. Чоң иш башталды. Баары бир башташ керек эле, толуктоо чоң болуп атат.

Акыркы үч жылда Соцфонд өлгөн адамдардын тизмесин алган экен, бул чоң жардам болду, ошолорду программага киргизип, чоң тазалоо болуп атат. 90-100 пайыз так тизме болот деп эч ким айта албайт, бирок ошого аракет жасаганыбыз чоң иш деп эсептейм.

“Азаттык”: Сиздерде материалдык, моралдык ресурстар жетиштүүбү, ошончо кишини күнү-түнү иштетип атканыңарга?

Ишенбай Кадырбеков: Бүгүнкү күнү АЙФИС, ПРООН, ЮСАИДден техникалык жактан чоң жардам берип атышат.
Канчалык деңгээлде участкалык шайлоо комиссиялары өздөрүнө жүктөлгөн милдетти аткара алат? Аягына чыга алышабы, чыга алышпайбы, сапаты кандай болот?

“Азаттык”: Акылбек мырза парламенттик шайлоодо убактылуу өкмөт киришкен жок деп айттыңыз эле. Сиз мүчө болбой калган азыркы БШКдан күмөнсүнгөн маанайды байкап атам сизден. Эмне үчүн? Же азыркы курам биздин ишибизге киришпе деп азыркы бийликке айта албайбы?

Акылбек Сариев: Мен билгенден азыркы курамда иштеп аткандардын билими күчтүү, тажрыйбалуу жарандар. Биздин маселе башкада: мыйзамды бузуп ишке киришкендиги тууралуу, мыйзамдын аткарылышы тууралуу.

Сотко текшерип көрөлү деп инструкцияны бердик эле, Конституцияда 3 күндүн ичинде сот чечим чыгарыш керек деп турат, бүгүн бир жума болду - эч кандай сот карай элек. Бүгүн, эртең талапкерлер көп болгондон кийин сот процесси болбой койбойт. Ошондуктан сот органдары бүгүнкү күндө бир нукка алып келип коюш керек. Добуш бергенге 2 күн калганда сотко бере баштаса чырдын баары ошондо чыгат.

“Азаттык”: БШК канчалык актанбасын, шайлоолордо сөзсүз администрацияга кызмат кылып келет деген доомат айтылып келатат. Ыңкылаптардын келип чыгышынын негизги себептеринин бири да ушул болгон. Бүгүнкү күнү ыңкылаптан кийинки өткөөл президентти эске албаганда биринчи президенттик шайлоо болгон атат. Ушул шайлоодо бүгүнкү БШКнын көз карандысыз, чын эле административдик ресурссуз иш алып барганга чама-чаркы жетеби?

Ишенбай Кадырбеков: Жетет. Бүгүн БШКга, мүчөлөрүнө административдик ресурсту колдонуп, басым кылып, тапшырма бере турган күчтү табыш кыйын. БШК үчтөн бири президент тарабынан, үчтөн бири оппозициядан, үчтөн бири коалициядан шайланган. Азыркы мыйзамдын негизинде БШК шайлангандан кийин 5 жыл эч ким чакырып ала албайт. Биз ич ара бири-бирибиз менен оңой чечимди кабыл алган жокпуз.
Эгерде өзү нарындык, же баткендик болуп, Бишкектен добуш берем десе, Бишкектен жаңы участкага анын фамилиясы киргизилет, убактылуу шайлоого ушул жерден добуш берет деп, каттоодо турган жерге бюллетен берилбейт.

“Азаттык”: Руслан, чын эле көз карандысызбы, Ишенбай мырзанын сөзүнө ишенсе болобу, эл, шайлоочулар эмне дейт? Азыр административдик ресурс колдонулуп атат деген сөздөр айтылып атат?

Руслан Ташанов: Жалпы жонунан алып караганда биздин шайлоо системасынын оңолуу тенденциясы байкалууда. Мурдагыга салыштырмалуу өткөн парламенттик шайлоодо, азыркы келе жаткан президенттик шайлоодо административдик ресурстун минималдык деңгээлге түшкөнүн байкап жатабыз. Буга байланыштуу БШКнын ишине болгон калк тарабынан сын пикирлер азайып калды десек болот.

Ошого карабастан, жер-жерлерге кыйыр түрдө үгүттөө болуп аткан тууралуу тынчсызданган маалыматтар бар. Мисалы, мугалимдерге "айлыгыңар көбөйдү, ошон үчүн силер кимге добуш берүүнү билишиңер керек" деген сыяктуу сөздөр айтылып атканы жөнүндө биздин байкоочулар маалымат берип жатышат. Бирок муну БШКга айтылган сын пикир деп айтууга болбойт. Бул – жалпы бийлик системасына айтылган сын пикир.

Биринчи кезекте Шайлоо кодексиндеги каралган нормалар так аткарылса, шайлоонун тынч өтүшүнө жана утулган тарап өзүнүн тарапкерлерин көтөрүп чыгуусуна бөгөт коюшу мүмкүн. БШК жалпы биздин башкаруу системабыз мыйзамдардын так аткарылышын камсыз кылуусу стабилдүүлүктү камсыз кылуунун эң негизги өбөлгөсү катары каралат.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG