Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:39

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун кезектеги чыгарылышы 30-октябрга белгиленген шайлоо алдындагы абалга, коопсуздук маселесине, добуш берүүчүлөрдүн укугуна арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Роза Акназарова, саясат таануучу Мелис Жунушалиев жана көз карандысыз байкоочу, БШКнын мурдагы мүчөсү Абдымомун Мамараимов катышты.

“Азаттык”: Бир аз күндөн кийин Кыргызстандын шайлоочулары жаңы президентти шайлоо үчүн добуш бергени участокторуна барышат. Бул албетте биринчи жолку шайлоо эмес, тилекке жараша акыркысы да эмес.

90-жылдары бир жеринен романтикалуу, экинчи жагынан элдин материалдык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп, чайга, аракка, жоолукка добуш берген учурлар көп болгон эле. Андан кийин административдик ресурстун тартынбай пайдаланышы болду, кээ бирөөлөр алкынган административдик ресурс деп да айтып жүрүшөт. “Алга Кыргызстан”, “Ак Жол” партияларынын мисалдарынан билебиз.

Ал эми былтыркы парламенттик шайлоо патриоттук духту көрсөткөндөй маанай калтырды. Быйыл эми президенттик шайлоо болгон атат. Быйылкы президенттик шайлоо сиздердин баамыңыздарда эмнеси менен өзгөчөлөнүшү мүмкүн? Бул президенттик шайлоодон кандай өзгөрүүлөрдү күтүп жатасыздар?
Бүгүнкү күндө айыл өкмөт, мектеп директорлорунун деңгээлинде өзүнүн эркиндигин терең сезе албай, укугун коргой албай атат. Анткени эртеси күнү кызматтан кетирип коюушу мүмкүн.

Акназарова: Бул шайлоонун айырмачылыгы - адамдар өз эрки менен шайлоого барчудай сезилип турат, мурдагыдай административдик ресурстар көп байкалбай, ачык-айкын, демократиялык жолдо болчудай сезилип турат. Анткени шайлоонун акыйкат өтүшүнө көп чаралар көрүлүп атат.

Атуулдук коомдор да жакын арада "биз көзөмөлдөп туралы" деп атайын меморандумга кол коюшту. Эгерде бир жерде мыйзам аткарылбай атса, же чатак болсо, же коррупция байкалса, 69-41-13, 66-33-73, 93-99-03, 0556-01-38-40 деген телефондорго чалгыла, атуулдук коом 25-октябрдан 10-ноябрга чейин күзөт кыларын айтты. Бул уюмдар мамлекеттик уюмдарга кайрылып, мыйзам бузуулар болсо оңдоого аракет кылышат.

“Азаттык”: Мурункуга салыштырмалуу эмне өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн?

Мамараимов: Биринчиси, эски менен жаңынын ортосундагы күрөш катары бааласа болот. Башкача айта турган болсок, демографиялык күчтөр менен авторитардык бийликти самагандардын ортосундагы күрөш. Элибиз да ошону байкап, түшүнүп турат.

Элди эки лагерге бөлсөк болот. Азыркы жаңы багытты каалагандар бар, "мурдагы президенттик бийлик жакшы эле, биздин туугандарыбыз турган" деп, мурдагы башкаруу системасын самагандар бар.

Андан тышкары татаалдаштырып аткан нерсе, азыр жаңы мыйзамдагы талаптар, өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат элге так жетпей калды. Ошонун айынан бир аз чыр-чатактар чыгып кетиши мүмкүн. Себеби көпчүлүк өздөрүн тизмеден тактап үлгүргөн жок, ошону жасаш керек экендигин билбей да калды. Мурдагы эле эски тизмелер келип калды.

“Азаттык”: Мелис мырза, сиз эмне өзгөрүүлөрдү күтүп атасыз?

Жунушалиев: Бүгүнкү күндө элибизде шайлоодон өткөн адам адилеттүү, калыс болсо экен деген күтүүлөр болуп атат. Акыркы 4-5 жылдын ичинде ушул күтүүлөр пайда болуп, жылдан-жылга көбөйүп атат. Ошон үчүн жаңы шайланган президенттин башкы миссиясы кийинки алты жылдын ичинде жаңы саясий башкаруу элитаны бийликке алып келүү. Өзгөчө аткаруу, же мыйзам чыгаруу бийлигинде кабыл алынган чечимдердин сапаты начарлап кетти. Ошондуктан профессионалдуу адамдар келсе экен деген күтүүлөр болуп атат.

Ишеним зор, үмүт күч

“Азаттык”: Быйылкы шайлоого былтыркы апрел, июн окуялары кандай таасир бериши мүмкүн деген суроо туулат.

Жунушалиев: Биз жакын арада социологиялык изилдөөнү өткөрдүк. Жыйынтыгында кызык цифралар пайда болду. Биринчиден, шайлоочулардын 16-18 пайызы жаңы муунга, жаңы лидерлерге добуш берели деген позицияда турушат.

Экинчиден, улутчулдук маселе жоюлуп баратат. Анткени шайлоочулардын көбүндө мамлекетибиз, өлкөбүз бириксин деген дух пайда болду. Бул жыйынтык келечекке негиз болот экен деп эсептесек болот.

“Азаттык”: Мелис мырза, улутчулдук маанай пастап калды деп атат. Абдымомун мырза, сиз кандай дейсиз?
Бүгүнкү күндө элибизде шайлоодон өткөн адам адилеттүү, калыс болсо экен деген күтүүлөр болуп атат. Акыркы 4-5 жылдын ичинде ушул күтүүлөр пайда болуп, жылдан-жылга көбөйүп атат.

Мамараимов: Бул боюнча көп айтса болот. Азыр ар бир талапкердин оозунан "мамлекет бир болуш керек, улуттар аралык биримдик болуш керек" деген лозунгдарды угуп атабыз. Мүмкүн болушунча көп добуш алуу максатында башка улуттардын өкүлдөрүн өзүнүн шайлоо кампаниясына тартып атышат. Бул жакшы жакка таасир этет, улуттар аралык мамилени жакшыртат.

Ошол эле учурда бизге түштүк жактан маалыматтар келүүдө, бул расмий түрдө тастыкталган эмес, бирок журналисттер арасында маалымат бар. Азыр өзбектер оор абалда турат, Атамбаевге, же түндүк тараптан бир талапкерге добуш берсем, тиги жактагылар "бизде жашап, эмнеге ага добуш бересиң" деп айтышы мүмкүн. Тигилерге добуш берейин десе, ал жактан коркутуп-үркүтүүлөр болуп атат. Бирок жалпысынан кырдаал жакшы жакка өзгөрүп баратат деп үмүттөнүп, ишенгим келет.

“Азаттык”: Роза айым, кыргыз улутун эске албаганда, башка улуттар добуш берүүгө даярбы?

Акназарова: Алар добуш берүүгө абдан активдүү катышат. Бүгүнкү күндө даяр, болгону биздин талапкерлер агитация жумушун кандай алып барат? Талапкерлер этникалык мамилелерге урунбаш үчүн абийир кодексине кол койдурдук эле.

Бүгүн эң негизгиси Кыргызстанды сактап калсак, ынтымак, биримдик болсо, регионалдык, улуттук мамилелерди козгобосок деген маанай бекем. Бүт улуттар "Кыргызстан биздин жерибиз, биздин элибиз" деп жашаса, анда Кыргызстанда биримдик болот, шайлоону жакшы өткөрүп алабыз.

Жунушалиев: Бирок айрым учурларда кээ бир талапкерлер, "жеңилген күрөшкө тойбойт" дегендей, ушул проблемаларды козгошу мүмкүн, ушул учурду пайдаланып, саясий абалды курчутушу мүмкүн.

“Азаттык”: Шайлоочуларда улуттук жалпы кызыкчылыкты, жалпы дөөлөттөрдү сактап калуу деген аң-сезим калыптанганбы, "биздин бала" деген сокур сезимге алданып кетүү коркунучу жокпу?

Мамараимов: Ар бир шайлоодо болуп келген нерсе, өзбектер кимге добуш берет деген суроо коюлат. Мага ушул жакпайт. Андай суроо берилбеш керек. Өзбектер кара масса эмес, буга добуш бер десе бардыгы чуркап кетет дегендей. Ар биринин өзүнүн ою бар, ар биринин өзү кызыккан талапкерлери бар, тааныганы, билгени бар. Ошондуктан талапкерлерди да, аларга иштеп аткандарды да чакырып кетет элем, "өзбектер кимге добуш берет" деген сөздөн алыс болуш керек.
Бүт улуттар "Кыргызстан биздин жерибиз, биздин элибиз" деп жашаса, анда Кыргызстанда биримдик болот, шайлоону жакшы өткөрүп алабыз.

Биз мамлекеттин атуулубуз. Мисалы, мен өзбек катары эмес, атуул катары добуш берем, өзүмдүн туугандарымды да ошого чакырам. Азыр башка улуттарга келгенде талапкерлердин роликтери чыгып атат, ар кандай сюжеттерди көрсөтүп атышат, башка улуттардын өкүлдөрү чыгып сүйлөп атканы жакшы маанай туудуруп атат. Улуттук азчылыктар мамлекеттин арасында бар экенин көрүп, сезип, шайлоого да кызыгуу болуп атат, шайлоого активдүү катышканга стимул болуп атат. Жакшы жышаан катары мен ушуну айтып кетет элем.

Акназарова: Утулган киши уткан киши менен саясий маданиятуулукту көрсөтсө деп айтып атабыз. Уткан киши утулган кишиге өзүнүн деңгээлинде кызмат берип, чогуу иштешсе. Анткени утулган кишинин өзүнүн шайлоочулары болду да. Башка мамлекеттерде утулгандан кийин өкмөттүк кызматка алып, иштетип, ал кишинин көп тажрыйбасын пайдаланышат. Ушундай жолго барсак жакшы болмок.

Жунушалиев: Ар бир талапкердин программаларын көрүп атабыз, бардыгынын сөздөрү бирдей, улуттук кызыкчылыкты коргош керек дешет. Бул жерде негизги маселе шайлоодо жеңүү эмес, негизги маселе шайлоодон кийин алган бийликти, башкарган мамлекетти, өлкөнү сактап калуу. Ушул ишке ашса жакшы болот деп ойлойм.

Кооптонууга негиз барбы?

“Азаттык”: Бул жерде Абдымомун мырза да айтып атат, кооптондуруучу жагдайлар, мисалы коркутуп-үркүтүү фактылары бар деп. Ушул сөздөр көп айтылып атат, мисалы ички террористтер, регионалисттер деген. Ушул доомат сөздөр коопсуздукка, стабилдүүлүккө канчалык таасир этет?

Жунушалиев: Бул түшүнүктөр коопсуздукка түздөн-түз таасир этет. Булар өзүнөн-өзү пайда болгон жок, алардын артында ким бар, уюштуруучулардын кызыкчылыгы эмне, ушунун баарын билгенден кийин террористтер, реваншисттер менен күрөшсө болот.

Экинчи жагынан, айрым саясатчылар, шайлоого чыккандар ушул учурларды пайдаланышы мүмкүн. Пайдаланса билбей каласың, бул чын эле реваншист, террористтерби, же саясатчылардын артынан жүргөн топторбу деп. Ошондуктан буларды ажыратып, анализдеп, ушунун негизинде алар менен иштеш керек.

Мамараимов: Кооптуу деп айтууга негиз бар. Бирок экинчи жагынан Ички иштер министрлигинин жетекчилиги реваншисттер, террористтер, сепаратисттер козголуп кетиши мүмкүн дегендей маалымат таратып койду. Алар ким? Маалыматтары бардыр. Былтыр референдум болгондо көпчүлүк эл "тынч болсо болду, уруш чыгып кетпесе эле болду, тезирээк мамлекеттик бийликти шайлап алалы, укуктук нукка кирип, мамлекет өсө баштасын" деген ой менен барып добуш берип койду. Азыр ошондой максат жокпу деген ой пайда болуп атат.

Акназарова: Бүгүнкү күндө Кыргызстандын эли да, дүйнөлүк коомчулук да Кыргызстанды карап турат, тынч өтүп кетсе экен деп. Биз алган парламенттик бийлик деп жаңы формага киргенден кийин эң негизи ушул форманы сактап, Кыргызстандын бүтүндүгүн, келечегин сактоого баарыбыз аракет кылышыбыз керек.
Өзбектер кара масса эмес, буга добуш бер десе бардыгы чуркап кетет дегендей. Ар биринин өзүнүн ою бар, ар биринин өзү кызыккан талапкерлери бар, тааныганы, билгени бар.

“Азаттык”: Бүгүнкү шайлоочу мыйзам менен мыйзамсыздыктын ортосун ажырата турганга мүмкүнчүлүгү жетеби?

Акназарова: Толугу менен жетпей калышы мүмкүн. Анткени бүгүнкү күндө иши жокторду талапкерлер пайдаланып коюшу мүмкүн. Талапкерлерден көп нерсе көз каранды. Эгерде талапкер Кыргызстанды өзүнүн кызыкчылыгынан өйдө койсо, утулуп калса шайлоочуларды пайдаланбайт. Эң негизги коопсуздукту ушул түзөт.

Жунушалиев: Башка жактан караганда, эл, коомчулук жүрөгү менен сезе баштады. Акыркы жылдары жакшы адам менен жаман адамдын айырмасы билинбей калып аткан. Азыр ким кандай экенин эл билип атат. Ушул бүгүнкү күндө кепилдик сыяктуу болуп атат. Талапкердин арасынан татыктууну, абалды турукташтыра турган адамды эл шайлайт.

Мамараимов: Шайлоого катышып келатабыз. Элдин аң-сезимин сөз кылганда кичине этият болуп сүйлөгөндү жакшы көрөм. Себеби эл деген эл, тараза. Юридикалык жактан маалыматы жакшы болбосо да, жүрөгү менен билет. Бирок ошол эле учурда элибиздин арасында жүргөн жогорку маалыматтуу кишилерибиз азыркыга чейин парламенттик башкаруунун жакшы жактары кайсы, жаман жактары кайсы деп так аныктап алган жок.

Парламенттик башкаруу боюнча азыркы депутаттарды карап туруп, бул жакшы эмес экен деген ойду айтып салышы мүмкүн. Президенттикке келгенде, жакшы президент келсе бул жакшы башкарат деген ойдо да болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан элибиз парламенттик башкаруунун жакшы, жаман жагын карап туруп добуш бербейт. Талапкерлердин адам катары кандай экенин, ак-карасын таразага салып добуш берет деп ойлойм.

“Азаттык”: Карапайым калкта маалыматтын жетишсиздиги да болуп атат. Саясий элитанын да айыбы бар деп айтсак болот го.

Жунушалиев: Парламенттик, президенттик башкаруунун Кыргызстанга кайсынысы ылайык, кайсынысы ылайык эмес - элге баары бир. Негизгиси бийлик адилеттүү болсо, кабыл алган чечимдер калыс болсо ошол керек.

"Көнгөн адат калабы..."

“Азаттык”: Административдик ресурстар мурдагыга салыштырмалуу азыр дээрлик жок деп бир тарап айтып атат, катуу пайдаланылып атат деп экинчи тарап айтып атат. Кайсынысы чындыкка жакын?

Жунушалиев: Бүгүн административдик ресурс катуу пайдаланып атат деген ойдон алысмын. Анткени бийликтин бутагын үч саясий партия түздү. Бир партия административдик ресурстун баарын ээлеп алган деп айтууга болбойт. Бирок ар бир партия өзүнүн министрлерин койду, алар губернатор, акимдерин коюп атат. Ошол жагынан административдик ресурстун бир бөлүгүн алар пайдаланышат.

“Азаттык”: Абдымомун мырза, сиз байкоо жүргүзүп келатасыз. Балким сизде далилдүү фактылар бардыр?
Шайлоочулардын көбүндө мамлекетибиз, өлкөбүз бириксин деген дух пайда болду. Бул жыйынтык келечекке негиз болот экен деп эсептесек болот.

Мамараимов: Инерция деген түшүнүк бар физикада, ошол инерция боюнча административдик ресурс жүрүп атат. Жогорудан айтабы, айтпайбы деп мектептин директору, айыл өкмөттүн башчысы мурдагыдай эле нукта иштеп атышат. Өз ара мелдеш да болуп аткан фактылар бар.

Былтыр парламенттик шайлоодо бийлик жок эле, ошондо административдик ресурс пайдаланылды деп айтылды. Бийликке оппозицияда турган партиялар тарабынан да административдик ресурс катуу пайдаланылды. Себеби алардын тарапкерлери бийликте отуруп калган учурлар болду. Ар бир талапкердин өзүнүн кишилери бар, туугандары пайдаланып атат. Бул жакын арада жок болот деп айта албайм.

Акназарова: Кызматкерлер шайлоого катышат. Анын иштеп аткан иши деле административдик ресурс деп айтылат. Жолугушуулар болгондо, мугалимдер, дарыгерлер барганда Атамбаев "силер артык кылам деп тыртык кылып атасыңар, эмнеге буларды алып келдиңер, ким сурады эле" деп урушуптур. Өзүлөрү мурунку тенденциялар менен иштеш керек турбайбы деп иштеп аткан учурлар болуп атат.

“Азаттык”: Негизи административдик ресурс пайдаланылып жатат.

Акназарова: Пайдаланылып жатат. Жок деп айтпайм.

“Азаттык”: Ушул административдик ресурсту такыр колдонбой коюу мүмкүнбү? Дүйнөлүк практикада кандай?

Акназарова: Азайтса болот, бирок толугу менен жоюуга болбойт. Бардык жерлерде административдик ресурсту колдонушат, бирок деңгээли ар кандай.

Жунушалиев: Жалпы тажрыйба деп айтса болот. Анткени Кыргызстанда ар бир модел иштей албайт. Мисалы улуттук модел иштеп чыгышыбыз керек. Административдик ресурсту пайдаланууда мурдатан келе жаткан инерция, түшүнүк калган. Өз жүрөгүнөн барып бирөөгө иштейм десе, жетекчиси тескери саясат жүргүзүп атасың деп айтышы мүмкүн. Ошондуктан бүгүнкү күндө айыл өкмөт, мектеп директорлорунун деңгээлинде өзүнүн эркиндигин терең сезе албай, укугун коргой албай атат. Анткени эртеси күнү кызматтан кетирип коюушу мүмкүн. Ошону административдик ресурс деп айтса болот.

Мамараимов: Мисалы, Америкада президенттик бийлик, эки жылдык мөөнөткө шайланса болот. Экинчи мөөнөткө келгенде президенттин командасы жер-жерлердеги чиновниктер болот. Кимдин пайдасына иштеш керек? Алар өз кызмат орундарын сактап калыш керек. Аларга айтпаса деле пайдаланат. Ошондой эле бизде да бар. Бирок бизде парламенттик бийликке өткөндөн кийин, бийлик өкүлдөрү түздөн-түз шайлана баштагандан кийин административдик ресурсту колдонуу солгундайт.

“Азаттык”: Көп штабдар түзүлүп атат. Ар бир тарап, анын ичинде депутат Роза Акназарова да бир топ иштерди жүргүзүп аткан экен, Акыйкатчы институту, башкы ар бир талапкерлер штабдарды түзүп, таза шайлоо өткөрүш, жеңиш талапкерлердин максаты. Абийир кодекс деп сиз айтып кеттиңиз, меморандум кабыл алынып атат. Ушул сыяктуу көптөгөн институттар, уюмдар түзүлүп атат. Ошолор реалдуу тандоого жана талапкерлердин кандай тыянак чыкса да ошол тыянактарда даанышман мамиле жасашына көмөк көрсөтө алабы?

Жунушалиев: Менин оюмча көрсөтө алат. Анткени канчалык көп болсо, ошончолук шайлоо таза өтүшүнө салым кошот.
Инерция деген түшүнүк бар физикада, ошол инерция боюнча административдик ресурс жүрүп атат.

Мамараимов: Мен да буга жакшы көз менен карайм. Анткени ошол жерде активдүү, элге иш аткарып берейин деген кишилер иштеп атат. Алардын ар бири жөнөкөй адам катары эле мамлекетте тынчтык орносун, тезирээк бийлик мыйзамдашып, укуктук нукка түшөлү деген ой менен умтулуп, аракет кылып атышат. Бул сөзсүз жакшы таасир кылат деп ойлойм.

Акназарова: Мени да кубандырган нерсе - Кыргызстанда жарандар, өкмөт, парламент, өкмөттүк эмес уюмдардын бардыгы тең Кыргызстанда тынчтык, демократиялык жолу менен таза, акыйкат шайлоо болуп, Кыргызстан өнүгүү жолуна түшсө деген үмүт болуп атат. Атуулдук коомдордун кызыкдар болгону эч жерде чыр-чатак болбой, тынч өтсө экен деген үмүт менен жардам көрсөтөлү деп, өздөрү чогулуп алып бизге жардам бергиле деп кайрылды. Парламентте бул маселе бир нече жолу каралды, мыйзамдан сырткары, токтом чыгарылды. Кечээ эле БШКны уктук. Айтор парламентте да мыйзам жолу менен өтсө экен дегендей үмүт болуп атат.

Мамараимов: Бардыгыбызды бириктирип турган нерсе - мамлекеттин бүтүндүгү. Шайлоонун тынч өтүшүнө мен ишенем.

“Азаттык”: Рахмат. Албетте стабилдүүлүк Кыргызстанга зарыл нерсе болуп турат. Шайлоочулар өздөрүнүн укуктарын ушул шайлоодо туура пайдаланып, демократиялык нукта өнүгүүгө өз салымын кошот деген ишенимдебиз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG