Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Үч партияга жакпаган шайлоо мыйзамы


10-октябрь, 2010-жыл
10-октябрь, 2010-жыл

Айрым саясий партиялар шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү демилгесин көтөрүп чыгышты.

Шайлоо эрежелерине өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылыгы барбы? Мыйзам долбоору азыркы парламенттен колдоо табабы? Кыргызстанда шайлоо системасын ачык-айкын, таза өткөрүү үчүн эмне кылыш керек?

"Арай көз чарай" талкуусуна “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Жеңиш Акматов катышты.

"Азаттык": Адахан мырза, Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, шайлоо өткөнүнө жыл айланбай ага кайрадан өзгөртүү киргизүү сунушу менен чыгып жатасыздар. Буга кандай зарылчылык болууда?

Адахан Мадумаров: Биз зарылчылыкты турмуштан алып отурабыз. Өткөндөгү шайлоолор болуп көрбөгөндөй башаламандык, баш айландыруучулук менен өттү.

Биометрикалык паспорт менен киргизилгени бир жөн болду. Ал эми салынган добуштун багыты дарегине барып түшүп-түшпөгөнүн эч ким биле албайт. Биз Жогорку Сотко чейин бардык. Борбордук шайлоо комиссиясынын кеңсесинде отурган оператордогу маалымат менен жергиликтүү шайлоо комиссиясындагы маалыматтар дал келбей балакет болбодубу. Орто жолдо бир эле “Бүтүн Кыргызстандын” 27 миң добушу жоголуп кетти.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы өтпөй калса эле бүтүндөй шайлоо системасын өзгөртө берүү акылга сыйбаган нерсе.

Балээнин баары “акылдуу” деп жаткан кара кутуда. Ооба, акылдуу экен, Бишкекте туруп команда берип койсоң Чаткал, Ала-Бука же Ак-Талаада эмне болуп жатканын билип, өзү бүтүрө берет экен, анткени анын “акылы” бар.

Дүйнөдө маданияттуу, жетишкен делген бир дагы мамлекетте мындай акылдуу кутуну колдонбойт экен. Жада калса аны ойлоп тапкан корейлер өздөрү да колдонбойт экен. Дүйнөдө аны монгол менен кыргыз эле пайдаланууда.

Мына ушундан кутулуу үчүн мыйзамды өзгөртүү керек деп жатабыз. Экинчиден, азыр шайлоочу кимди, кайсы партияны шайлаганын билбейт. Ошондуктан биз Шайлоо кодексине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деп жатабыз.

“Азаттык”: Жеңиш мырза, сиз иштеген БШКга карата мындай сынды кандай кабыл аласыз? Мыйзам деген догма эмес да, мүмкүн чындап эле өзгөртүү киргизип, толукталып турушу керектир?

Жеңиш Акматов: Мен бизге койгон айыптарды толугу менен четке кагам. 27 миң добушту жоготуу дегеле акылга сыйбай турган иш. Убагында мен комиссиянын мүчөсү катары Ош облусуна барып, кайрадан санаганбыз, бир-бир чыккан.

Шайлоонун кандай болгонун бүт Кыргызстан көрдү, ыраазы болду. 25 жылда шайлоолордон кийин кандай гана нааразылык митингдери өтчү эле. Бул жолку шайлоодон кийин бир дагы митинг болгон жок. “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясынан башка партиялардын баары бул шайлоонун жыйынтыгын таанышкан.

“Азаттык”: Адахан мырза, сиздер сунуш кылып жаткан өзгөрүүлөр эмнеси менен артыкчылыктуу? Шайлоону ачык, таза өткөрүүгө канчалык кепил боло алат?

Адахан Мадумаров: Өнүккөн мамлекеттерде шайлоо сканер аркылуу өтөт. Бир зымга уланган, Бишкектен башкарган балээден кутулабыз. Ар бир аймактын добушу ордунда болот. Добуштун жыйынтыгы жергиликтүү байкоочулардын катышуусунда чыгарылат, азыркыга окшоп Бишкектеги "азаматтар" санабайт.

Бир шайлоочуга бир эле конверт берилет, өзү каалаган партиясына добуш берет, башка кишинин колу тийбейт. Атамбаев өзү да “аябагандай сатып алуулар болду” деп айтты го. Ооба, шайлоочуларды сатып алуулар болду, БШКнын өзүндө да ар кандай иштер болбодубу.

Биометрикалык паспорт менен киргизилгени бир жөн болду. Ал эми салынган добуштун багыты дарегине барып түшүп-түшпөгөнүн эч ким биле албайт.

Жеңиш Акматов: Биз бул жаңы система менен бир эле шайлоо өткөрдүк. Экинчиси ушул жылдын 27-мартында айрым аймактарда өттү. Үчүнчүсү күзүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо сыналат. Жок дегенде бир шайлоо циклин өткөрүп туруп баа бериш керек. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы өтпөй калса эле бүтүндөй шайлоо системасын өзгөртө берүү акылга сыйбаган нерсе.

Биз өткөн шайлоодо бийликтин кийлигишүүсүнө бөгөт коё алдык. Бул убакытка чейин шайлоо участогунан чыккан протокол райондук шайлоо комиссиясына жеткенге чейин бир нече жолу өзгөрчү. Азыр буга жүз пайыз бөгөт коюлду, участоктогу добуштар түз эле БШКнын серверине келип түшөт. Аны эч ким өзгөртө албайт. Бул пикир Адахан Кимсанбаевичтин бул системадан түшүнүгү жок экендигин далилдеп турат.

Адахан Мадумаров: Өткөн шайлоолор акылдын, идеялардын таймашы эмес, чөнтөктүн, акчанын таймашы болду. Биздин сунушубузда бир дагы партия эл менен түздөн-түз жолугуша албайт. Шайлоочулар менен байланыш теледебаттар аркылуу өтөт. Ар күнү кайсы темада дебаттар болору элге маалымдалат. Шайлоочу кимди, кайсы партияны шайлай тургандыгын билиш керек. Депутаттыкка талапкер 36 тамганы билеби, кандай дарамети, позициясы бар экендигин эл көрсүн. Азыр болсо тизменин алдына үч миллиарддерди коюп алып эле сүрмө топ кылып жатабыз. Парламент - улуттун каймагы, анда бардык тармактын өкүлдөрү отуруш керек.

XS
SM
MD
LG