Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Жалал-Абадда милиционерлерге үй курула баштады


Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районуна милиция кызматкерлери үчүн беш кабаттуу эки үйдүн курулушу башталды. Бүгүн турак жайдын пайдубалын түптөө аземине ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Буга чейин Ош, Ысык-Көл жана Чүй облустарында тартип сакчыларына үйлөр салынган. Милицияга өзүнчө үй Жалал-Абадда алгач ирет курулууда. 100 батирлүү көп кабаттуу үйдү бүтүрүүгө мамлекеттик бюджеттен 160 млн сом бөлүнүп, курулуш кийинки жылдын күз айларына бүтөрү пландалууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG