Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Шайлоо коопсуздугу шайма-шайбы?


Шайлоо күнү коомдук тартипти камсыздоого алты миңден ашуун милиция кызматкери тартылат.
Шайлоо күнү коомдук тартипти камсыздоого алты миңден ашуун милиция кызматкери тартылат.

30-октябрга дайындалган президенттик шайлоого байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрү күчөтүлгөн абалда иштөөгө өтөт.

Коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча атайын иш-чаралар иштелип чыкты. Ошол эле учурда былтыркы апрель жана июнь окуяларынын учурунда тартылып алынган курал-жарактардын көпчүлүгү кайтарылбай жаткандыгы тынчсызданууну жаратууда.

Кырдаалды көзөмөлдөөгө чакырык


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарандарга чагымчылдыкка жол бербөөгө жана коопсуздукту сактоого салым кошууга чакырып кайрылды. Анда террордук коркунучтар туурасында шектүү жагдайлар байкалса жана эл көп топтолгон жайларда бөтөн буюмдар көзгө урунса дароо укук коргоо органдарына билдирүү зарылдыгы белгиленген. Мындан сырткары өлкөнүн биримдигин бузууга жасалган ар кандай аракеттерге жол бербөө маселеси көтөрүлгөн.

Атайын кызматтын басма сөз борборунун жетекчиси Нурлан Токталиев шайлоодогу коопсуздукту сактоодо саясий күчтөрдүн жана маалымат каражаттарынын жоопкерчилигине басым жасады:

- Чыр-чатактардын курчушуна түрткү болгон иш-аракеттерге жол бербөө үчүн маалымат каражаттарын чындыкка коошпогон кабарларды таратуудан баш тартууга чакырабыз. Ошондой эле саясий партияларды жана президенттикке талапкерлерди шайлоо учурунда же андан кийин коомдук-саясий абалдын курчушуна багытталган кырдаалдын курчушуна багытталган массалык акцияларды уюштуруудан баш тартууларын өтүнөбүз. Мунун бардыгы өлкөдөгү туруктуулукту сактоого, шайлоонун тынч жана татыктуу өткөрүлүшүнө кошкон сиздердин салымыңыздар деп эсептейбиз.

25-октябрдан тартып ички иштер органдарынын өздүк курамы жана ички аскер бөлүктөрү толугу менен күчөтүлгөн абалда иштөөгө өтөт. Мындан сырткары шайлоо күнү коомдук тартипти республика боюнча алты миңден ашуун милиция кызматкери жана он төрт миңге жакын элдик кошуундун чоролору камсыздашат.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов милициянын өздүк курамы шайлоо мезгилинде кандай аракеттенүү боюнча атайын окуулардан өткөрүлгөндүгүнө токтолду:

- Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында жана облустук, шаардык башкармалыктарда атайын шайлоонун коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча штабдар түзүлдү. Милиция кызматкерлерине шайлоо маалындагы коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөөдө жарандарга кандай мамиле кылышы керектигин жана өзгөчө учурларда кандай чараларды көрүшү керектиги түшүндүрүлүп, бул боюнча атайын китепчелер таркатылды.


Кайтарылбаган куралдардын кайгайы


Ошол эле кезде коомчулукта шайлоого байланыштуу чыр-чатактар чыгып кетсе каршылашкан тараптар курал-жарак колдонуп жибербейби деген санаркоо күч. Анткени былтыркы апрель жана июнь окуяларында күч түзүмдөрү тарттырып жиберген көптөгөн курал-жарактар элдин колунда калып кеткен. Жоголгон же тарттырып жиберген куралдардын так саны белгисиз.

Бакыт Сейитов аталган куралдарды кайтарып алуу иш-чаралары жай жүрүп жаткандыгын белгиледи:

- Бүгүнкү күндө мына ошол куралдардын элүү пайызга жетпеген бөлүгү гана кайра кайтарылып алынды. Жакында кеңешмеде бул боюнча жакшы көрсөткүчтөрдү бере албаган жетекчилерге эскертүү берилип, айрымдары сөгүш алышты. Бул маселе бизди да абдан тынчсыздандырган көйгөй. Ошондуктан ИИМ колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде курал-жарактарды кайтарып алуу иштерин улантып жатат.

Жоготкон жана тарттырып жиберген курак-жарактар боюнча Кыргызстандын аскер прокуратурасы кылмыш иштерин козгогон. Бирок укук коргоочулар ал куралдарды кимдер тартып алгандыгы, кимдер тарттырып жибергендиги жана алардын каралып жаткан жоопкерчилиги боюнча маалымат коомчулукка белгисиз болуп жаткандыгын айтып чыгышкан.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова курал-жарактарды кайтарып алуу боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгына токтолду:

- Бүгүнкү күндө мына ошол курал-жарактарды кайтаруу иштери эч кандай деле деңгээлде аткарылган жок. Бул тапшырманы бир эле милицияга жүктөп койгон да туура эмес. Мына ошондуктан биз ар кайсы уюмдардан жана мекемелерден турган жумушчу топ түзүп, иш алып бара жатабыз. Шайлоо тынч өтүп кетсе, биз мына ошол куралдар тартылып алынган Талас, Ош, Жалал-Абад аймактарына барып, маалымат өнөктүгүн жүргүзөбүз. Биз элге катылып турган курал качандыр бир учурда атылаарын айтып, аларды кайтарып берүү зарылдыгын түшүндүрөбүз.

Мындан сырткары президенттик шайлоого байланыштуу чек ара коопсуздугун бекемдөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды. Чек ара аскерлеринин кол башчысы Закир Тиленов “Азаттыкка” чек ара көзөмөлү күчөтүлүп, кооптуу деп эсептелген чек ара тилкелерине кошумча күчтөр жөнөтүлгөндүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG