Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

БШК: Бюллетендер катуу кайтарууда


Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү бюллетендерин аймактарга таратып, катуу кайтарылып жатканына ишендирүүдө.

Бирок бюллетендерди таратуу жараянына талапкерлердин жана жарандык коомдун өкүлдөрү кошулган жок.

Бул аралыкта бюллетен маселеси 21-октябрда парламентте да талкууланып, БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовго дооматтар артылды.

Депутат күмөн санайт

Жогорку Кеңештин 21-октябрдагы жыйыны шайлоого камылгалардын талылуу деп саналган бир топ өңүттөрүн талкуулады. Алардын бири дал ушул бюллетен маселеси болду.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Талант Мамытов Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгү күмөн жаратып жаткандыгын айтты.

- Сиз шайлоо бюллетендери аймактарга аман-эсен жетет деп ишенесизби? Балким жолдо жарымын түшүрүп, же алып калат. Эртең ушул маселени көтөрүп чыгышат. “Биз катышкан эмеспиз, бул жактан канча жөнөткөнүн көргөн эмеспиз” деп айтышат. Жөнөткөндө ким катышып жатат, кандай негиздер менен жиберип жатасыздар?

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун ишендиргенине караганда, мыйзамга ылайык, бюллетендер толук таратылып бүткөндөн кийин гана анын жараксыздары жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен эсептелет. Ошондой эле төрага бюллетендерди аймактарга жөнөтүү мыйзам чегинде болуп жаткандыгын белгиледи:

- Жиберип жатканда үч кишиден кем эмес БШКнын мүчөлөрү кол коюп, өкмөттүн атайын байланыш кызматынын жеткирүүчүсүнө өткөрүп берет. Бюллетендердин баары аймактык шайлоо комиссияларына так жеткирилип жаткандыгына биз кепилдик беребиз. Аларды жолдон алып алганда эмне кылмак эле? Анткени шайлоо участкалык комиссияда болот. Ал эми аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарымынын катышуусунда ошол жердеги шайлоочулардын санына жараша өткөрүп берет.

Айкындуулук талап кылынды

Туйгуналы Абдраимовдун
айтымында, жеткирилген бюллетендер шайлоо өтүүчү жайдагы сейфке салынат, ал шайлоо күнү гана ачылып, байкоочулардын көзүнчө дагы бир жолу саналат.

- Сейфке салынат, сейф болсо ошол шайлоо өтүүчү бөлмөдө турат. Башка жерге сейф жылбаш керек. Шайлоо күнү эртең менен участкалык шайлоо комиссиянын төрагасы талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда ачат. Саналгандан кийин гана комиссия мүчөлөрүнө берилет.

Анткен менен мурдагы бийлик тушундагыдай бюллетендерди уурдоо, шайлоо күнү аларды топ-тобу менен үкөктөргө салуу сыяктуу иштер кайталанбайт деген кепилдик жок деп тынчсыздангандар чыгууда.

Ошол эле мезгилде ички иштер министри Зарылбек Рысалиев депутаттарды шайлоо бюллетендери катуу кайтарылып жаткандыгына ишендирди.

- 15-октябрдан тарта биздин кызматкерлер бюллетен чыгарылып жаткан “Учкун” басмаканасында турат. Кечээги күндөн баштап бюллетендер Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына таратылып, аларды кайтарууну биздин кызматкерлер көзөмөлгө алып жатышат.

Ошол эле кезде байкоочулар БШКнын айрым аракеттери шайлоонун мыйзамдуулугуна шек келтирип жаткандыгын белгилешүүдө. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова Борбордук шайлоо комиссиясы ачык-айкын боло албай жатат деп сынга алды.
Бюллетендердин баары аймактык шайлоо комиссияларына так жеткирилип жаткандыгына биз кепилдик беребиз. Аларды жолдон алып алганда эмне кылмак эле?

- Борбордук шайлоо комиссиясы абдан көп күмөн жаратууда. Буларга карата толтура имиштер айтылып жатат. БШК чындыгында эле кимдир бирөөгө эч кандай кызыкчылыгы жок, бейтараптуу иштеп жаткандан кийин ал жасаган иштерин баарына көрсөтүш керек. Өздөрүнүн айкындуулугун ачык маалымат берүү жана талапкерлердин өкүлдөрүн көбүрөөк чакырып, аларга көрсөтүү менен алып барса, аларга ишеним жогоруламак.

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине карата, Чүй облусу менен Бишкек шаарынан башка аймактардын баарына бюллетендер таратылып бүттү. БШК бул шайлоодо 2 млн. 870 миң бюллетен даярдалганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG