Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Кыргызстандын "Жалпы аскердик биримдиги" коомдук уюму парламентте элдик кошуундарды куралдандыруу демилгеси чыгып жаткандыгын айтып, аны айыптады.

Жогорку Кеңештин депутаты Токон Мамытов бул маалыматты төгүндөп, аталган мыйзам долбоорунун маңызы бурмалангандыгына токтолду.

Анткен менен коомчулукта бийлик шайлоонун коопсуздугун камсыздоодо элдик кошуундарга гана таянабы деген күмөн саноолор орун алууда.
Тынчтыкты камсыздоо үчүн бардык зарыл кадамдарга барыш керек. Элдик кошуундарды күчөтүш керек.

"Жалпы аскердик биримдик" коомдук уюму шайлоо учурундагы коопсуздукту камсыздоо үчүн элдик кошуундарды куралдандырууга уруксат берүүчү мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгын жарыялап чыкты. Бул маселе “шайлоо учурундагы коопсуздуктун коркунучтары” деген аталыштагы төгөрөк үстөл жыйынында талкууланды.

“Альфа-антитеррор” коомдук уюмунун төрагасы Артур Медетбеков айрым депутаттардын элдик кошуундарды куралдандыруу демилгеси коркунучтуу экендигин айтты:

- Парламентте элдик кошуундарды куралдандыруу демилгесин айрым депутаттар көтөрүп жатканы маалым болду. Бул өтө терс көрүнүш. Анткени элдик кошуун деген менен ага ар кандай адамдар кирип, куралды туура эмес жакка колдонушу мүмкүн. Мына ошондон чоң жаңжал чыгышы ыктымал.

Уккан кулакта жазык жок

Ошол эле учурда парламенттеги бир катар депутаттар мындай маалыматты төгүндөп чыгышты. Анткени сөз болуп жаткан “Курал тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча таратылган билдирүүдө так эместиктер орун алгандыгы белгиленди.

Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Токон Мамытов аталган мыйзам долбоору коопсуздукту сактоого тартылган адис-жардамчыларга гана курал алып жүрүүгө уруксат берүүнү карай турганына токтолду:

- Биздин депутаттар мыйзам долбооруна күч түзүмдөрүнө жарандык сектордон тартылган кызматкерлерге, милициянын, МАИнин, кылмыш иликтөө тобунун жардамчыларына курал алып жүрүүгө уруксат берүү сунушу менен чыккан. Бул жерде элдик кошуундарды куралдандыруу жөнүндө сөз жок.

Кандай болсо да милицияга жарандык сектордон тартылгандарга курал алып жүрүүгө уруксат берүү коопсуздукка коркунуч жарата тургандыгы айтылды.

Ак үйдүн алдындагы нааразылык акциялары учурунда ортомчулук милдетти аркалап, маселени тынч жол менен жөнгө салууга көмөктөшкөн адамдар бар. Мына ошондой данакерчилик менен алектенген Кайып Шер ар-кандай карама-каршылыкты сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болот деп эсептейт:

- Элдик кошуундун болгону жакшы. Бирок маселе жанагыдай кризистик кырдаалдарда адамдардын алдына курал алып чыгып коркутуп-үркүтүүдө эмес. "Жылуу сүйлөсө жылан ийнинен чыгыптыр" дейт. Адамдарда канчалык чыңалуу болуп, ачуусун ичине батыра албай жатышса да алар менен түшүндүрүп сүйлөшсө болот. Курал же күч колдонуу менен ички маселени чечүүгө болбой тургандыгын өткөн окуялар тастыктабадыбы.

Элдик кошуундардын орду

Мындан мурун элдик кошуундарга коомдук тартипти сактоо үчүн милицияга көмөктөшүү милдети койулгандыгы белгиленген болчу. Анткени элдик кошуундар мурдагы эки ыңкылап учурунда талап-тоноочулукту токтотууга өбөлгө болгон. Ошондуктан митингдер же кандайдыр бир башаламандыктар учурунда элдик кошуундарды колдонууну сунуштагандар аз эмес.

Парламенттин Социал-демократтар фракциясынан депутат Акылбек Султанов бул жолку шайлоонун аягында да кокус митингдер боло турган болсо кырдаалды жөнгө салуудагы элдик кошуундардын ордун белгиледи:

- Тынчтыкты камсыздоо үчүн бардык зарыл кадамдарга барыш керек. Элдик кошуундарды күчөтүш керек. Элибиздин тынчтыгын жана коопсуздугун сактоодо алардын орду чоң.

Ошол эле кезде элдик кошуундарды шайлоого байланыштуу митингге чыккан жарандарга каршы колдонуу кооптуу экендиги талкууланды. Анткени шайлоо учурундагы мындай жоосундар жарандар ортосундагы жапырт жаатташууга алып келиши мүмкүн экендиги эскертилди. Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков андай аракеттерге жол бербөө зарылдыгын айтты:

- Биздин мамлекеттин тартипти жана коопсуздукту камсыз кыла турган түзүмдөрү бар. Ошол эле кезде элдик кошуундар түздөн-түз коопсуздукту камсыздоого тартылыш керек деген туура эмес. Алар мына ошол митингге чыккандарды сөз менен жөн эле тартипке чакырып коюшу мүмкүн.

Жакында Ички иштер министрлиги шайлоонун коопсуздугун камсыздоого элдик кошуундун он төрт миңден ашуун чоролору тартыла тургандыгын жарыялаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG