Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Шайлоодо чатак чыкпаса...


Шайлоо күнү төрт миң милиционерге дагы 9 миңдей элдик кошуун көмөктөшөт.
Шайлоо күнү төрт миң милиционерге дагы 9 миңдей элдик кошуун көмөктөшөт.

БШК менен байкоочулар шайлоо негизинен тынч өтөт деп күтүүдө. Ошол эле кезде айрым шайлооканаларда партиялар чагым уюштуруп жана добуш санап жаткан маалда чатак чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар бар.

25-ноябрдагы жергиликтүү кенештерге шайлоого байланыштуу 23-ноябрдан баштап 26-ноябрга чейин төрт миңдей милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштей баштаганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Тартип коргоо органдары менен шайлоого байкоо салган уюмдар добуш берүү күнү көңүлдү айрыкча ири шаарларга бурмакчы, анткени дал калааларда
күрөш курч болот
деп болжолдоп жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул саясий өнөктүк жалпысынан тынч жана мыйзам чегинде өтөт деп үмүт артууда. Ошол эле кезде БШКнын мүчөсү Гүлнур Батырова кырдаал шайлоодо ат салышып жаткан партиялардын жүрүм-турумуна жараша болот деп эсептейт.

- Тартипти атайын буза турган фактылар болушу мүмкүн. Добуш участкаларынын кире бериш жеринде чоң кишилердин атайын топтору туруп, тартипти бузууга аракеттениши мүмкүн.

“Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясы көп жылдык тажрыйбасынан улам бир жагдайга көңүл бурат. Коалиция жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, күндүз баары тынч өтсө да, добуш берүү аяктап, саноо учурунда чатактар чыгып кетиши мүмкүн.

- Шайлоо бүткөндөн кийин ошолордун баарын шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү так аткара алабы деген суроо бар да. Анан кышында жарык өчүп атат, байкоочулар көп, саясий партиялар көп – кандай болсо да курч акыбал болот да. Ошол шартта иштеп жаткан байкуш шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө абдан оор болот. Ошол учурда чатак чыгып кетсе, ката жасашы мүмкүн.

Негизги көңүл шаарларга бурулганы менен бир нече партиялар катышып жатканына байланыштуу айылдык кеңештерди да көз кырынан чыгарбоо керектигин Ошурахунова кошумчалады.

“Таза шайлоо” ассоциациясынын башчысы Айгүл Усупбекова өз өкүлдөрүнө таянуу менен түштүк аймактарда да кооптонууга негиз жок экендигин айта кетти.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов шайлоо күнү төрт миң милиционерге дагы 9 миңдей элдик кошуун көмөктөшөөрүн белгиледи. Анын айтымында, күнү бою тартип коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштесе да, шайлоо бүткөндөн кийин коопсуздукту сактоо үчүн зарылдыгына жараша кошумча күчтөр тартылат.

- Шайлоо участкаларында кандайдыр бир тартип бузуулар болуп же абал курчуп кетип, экиден-үчтөн милиция кызматкерлери жетишпесе, анда кошумча күчтөрүбүз көмөктөшөт. Бирок мындай мыйзам жана тартип бузуулар болбойт деген ишеничтебиз.

25-ноябрда 25 шаардык жана 416 айылдык кеңештерге шайлоо өткөрүлөт. 2 миллиондон ашык жаран үчүн өлкө боюнча эки миңдей добушкана ачылган.

XS
SM
MD
LG