Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Кыргызстанда президенттик шайлоо жакындаган сайын талапкерлердин көпчүлүгү интернеттеги социалдык түйүндөрдү активдүү колдонууга өтүштү. Ал түгүл айрым талапкерлер атайын адистерди жалдашып, Фейсбук, Твиттер өңдүү социалдык түйүндөрдө натыйжалуу үгүт жүргүзүүнү колго алууда.

Деген менен айрым адистер Кыргызстандагы интернеттин жайылышын эске алганда, социалдык түйүндөрдөгү үгүттөрдөн майнап чыкпайт дешет. Социалдык түйүндөр алдыдагы шайлоодо кандай роль ойнойт?

Талапкер & "Фейсбук"

Интернеттеги "Фейсбук", "Твиттер" же "Одноклассники" өңдүү социалдык түйүндөрдөгү сиздин баракчаңызга президенттикке талапкерлердин биринен дос болуу сунушу келсе, же талапкерлер сизди ээрчий баштаса, таң калбай эле коюңуз. Шайлоо алдында саясатчылар социалдык түйүндөрдү активдүү колдонуп, көп адамдар менен мамиле курууга өтүштү дейт, “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева. Ал түгүл айрым талапкерлер интернетти жакшы билген атайын адистерди жалдап, үгүт жүргүзүүнү колго алышкан экен:

Татту Мамбеталиева
- Талапкерлердин көпчүлүгү чыныгы жашоодо кандай нерселерди сүйлөсө, интернетте да ошондой сүйлөгөнгө аракет кылышат. Бирок бул агитациялардан бирдей натыйжа болбойт. Интернетте таптакыр башка эрежелер, ураандар өкүм сүрөт. Мен билгенден, президенттикке талапкерлигин койгон үч адам атайын интернет тилин билген блоггерлерди чакырып, алар аркылуу социалдык түйүндөрдү колдонуп жатышат. Бул блоггерлер талапкердин сөздөрүн жазып берип, таасир кылып жатышат. Мындай талапкерлердин бедели көтөрүлүүдө.

Социалдык түйүндөрдө президенттикке аттанган белгилүү саясатчылардын дээрлик бардыгын табууга болот. Алардын ичинде интернетте жаңы пайда болгондору менен катар, мурдатан бери эле түйүндөрдү колдонуп келгендери да аз эмес. "Фейсбукта" саясатчылардын орто эсеп менен 500дөн 1500гө чейин достору бар.

Президенттикке талапкерлердин көпчүлүгү коомдогу соңку окуялар тууралуу байма-бай социалдык түйүндөргө пикирлерин жазып, баракчаларына өзүнүн сүрөттөрүн жайгаштырып, карапайым интернет колдонуучулар менен активдүү баарлашууга өтүшкөн. Бул жагдайларды блогчу, интернет активист Тимур Токтоналиев да тастыктап өттү:

"Твиттер" социалдык тармагы
- Былтыркыга салыштырмалуу саясатчылар активдүү болуп калды. Кээ бир саясатчылар өздөрү социалдык түйүндөрдү колдонуп, башка карапайым колдонуучуларды өзүнүн иштеген жерине чейин чакырып көрсөтүп жатышат. Өзүм колдонуп жатам деп.

Социалдык түйүндөрдөгү үгүт натыйжа береби?

Кыргызстанда президенттикке талапкерлер көп колдонгон социалдык түйүндөрдүн катарына “Фейсбук”, “Твиттер” кирет. Мындан тышкары “Одноклассники”, “Мой Мир” өңдүү тармактар да бар. Статистика боюнча, Кыргызстанда Фейсбуктун 50 миңдей колдонуучусу бар болсо, “Твиттерди” 1000-3000дин тегерегинде адам колдоноору айтылат.

Коомчулук менен байланыш багытындагы адис Элира Турдубаеванын айтымында, социалдык түйүндөр үгүт жүргүзүүгө ыңгайлуу болгондуктан, талапкерлердин көпчүлүгү түйүндөрдү колдонууга өтүшкөнүн айтат:

- Социалдык түйүндөрдө кааласаң сүрөт, видеолорду колдоносуң, кааласаң кандайдыр бир шилтемелерди бересиң. Социалдык түйүндөрдө адамды ынандыруу үчүн көп шарттар түзүлгөн.

Деген менен 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоодо социалдык түйүндөрдүн таасири чоң болоорунан күмөн санагандар бар. Кээ бир адистер интернет колдонуучулардын пассивдүүлүгүн белгилешип, алардын шайлоого барып, добуш берерине да ишенишпейт.

Барак Обаманын рейтинги "Фейсбук" аркылуу жогорулаганы айтылып келет
“Жаңы медиа институту” уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Толкун Умаралиев буларга токтолду:

- "Фейсбук", "Твиттер" өңдүү социалдык тармактарда саясатчылардын аккаунттунун болушу, бул жакшы нерсе. Бирок бул жол саясатчылардын үгүт жүргүзүүдөгү негизги максаты эмес, бул жол менен жетиштүү натыйжа деле болбойт. Эгер жалпы ала турган болсок, Кыргызстанда интернет колдонуучулардын 80 пайыздайы Бишкекте жайгашкан.

Шайлоо кампанияларындагы социалдык түйүндөрдүн таасири батыш өлкөлөрүндө көбүрөөк байкалат. Маселен, АКШ президенти Барак Обаманын бедели "Фейсбуктун" жардамы менен көтөрүлгөнү айтылып келет. Кыргызстанда болсо былтыркы парламенттик шайлоодон тарта социалдык түйүндөр аркылуу үгүт жүргүзүлө баштаган.
XS
SM
MD
LG