Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Кыргызстанда президенттик шайлоого бүгүн туура эки ай калды. Эксперттик коомчулук президенттикке ат салышууну каалагандар мыйзамды бузуп, азыртан эле шайлоо өнөктүгүн башташканын, айрым маалымат каражаттары кайсыл бир саясатчыларды тымызын колдошконун, кээ бир саясатчылар административдик ресурсту колдонулуп жатканын айтты. Мунун баары быйылкы башкы саясий окуяны "коштошу мүмкүн болгон коркунучтар" катары сүрөттөлүүдө.

Шайлоо алдындагы кырдаалды тегерек үстөл талкуусунун негизги эксперттери “болушу мүмкүн коркунучтарга” шыкак бергидей таризде баалашты.

“Перспектива” деген аналитикалык консорциумдун мүдүрү Валентин Богатырев “бул ирет эл башы болом дегендердин саны рекордду ашып, сексенди секиргени менен, шайлоо тынч өтөт” дейт. Бирок добуш берүүнү коштой турган коркунучтардан такыр кутулуш, азыркы абалды эске алганда, оңой болбойт окшойт. Эң оболу, аналитик мында мыйзамды бузууга кеңири жол берилип жатканын атады.
Валентин Богатырев

“Өзүбүз көргөндөй, бүгүн бул жерге Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү келишпеди. БШК президенттикке ат салыша тургандар ар бир кадам сайын жасап жаткан мыйзам бузууларга да көңүл бурбай жатат, - дейт аналитик. - Мыйзам уруксат бербегенине карабай, маалымат каражаттары чет өлкөлүк эксперттерге шилтеме жасап, “президенттикке тигил же бул талапкер татыктуу” деп жазышууда. Көчөлөрдөгү жарнама-биллборддордо агитация кеңири жүрүп жатканын билесиздер. Талапкерлердин бири өзүнүн кызмат ордун пайдаланып, адамдардын айлыгын да көтөрүп салды. Азыр дээрлик ар бир маалымат каражатын шайлоо өнөктүгүндөгү үгүт үчүн кармаса болот. Мындай абал күчөгөн сайын Борбордук шайлоо комиссиясы ээлеши керек болгон позицияны карманышы мүмкүн болбой баратат. Анткени айланада баары мыйзамды бузуп жатканда бир-экөөнү эле жоопко тарткан натуура болуп калмак, аны баары “саясий куугунттук” деп атай башташмак”.

Шайлоого байланышкан коркунучтардын катарына Богатырев административдик ресурстун колдонулушун, анын кесепетин да кошту. Аналитик буга чейинки эки ыңкылапты эске салгандай таризде “бул өлкөдө чиновниктердин шайлоодогу өз билемдиги эч качан жакшылыкка алып келген эмес”, “азыркы жетекчилер мурдагыларды кууп бийликке келгени сөзсүз эле өздөрү да ошентип кетиши керек дегенди билдирбейт”, деди.

"Сүйлөшүш керек"

Анан, албетте, бул жылкы президенттик шайлоонун башкы трэнди – тандем сүйлөшүүлөрү да унутта калган жок.

“Азыр мына баары эле “сүйлөшүш керек” дешет. Бир аз убакыттан кийин түндүк менен түштүк ачык сүйлөшүүлөргө өтөт, - деген саясий эксперт, - мунун, негизи, максаты жакшы – мен башта айткан коркунучтардан ары болууга арналган. Бирок эмнеси чочутат? Президенттик кызмат шайлана турган эмес, соодалаша турган, элитанын өкүлдөрү ич ара сүйлөшүп белгилей турган орун болуп калып жатпайбы”, - дейт.

Шайлоонун дагы бир башкы коркунучу катары ал добуш берүүнүн жыйынтыгынын таанылбай калыш мүмкүнчүлүгүн атады. “Түндүктөгүлөр, маселен, түштүктө курал даярдап жатышыптыр дешет. Түштүктө болсо түндүктөгүлөр жөнүндө ушундай эле кеп”, – дейт В.Богатырев. - Мунун баары шайлоо маданиятынын төмөндүгү менен байланышкан коркунучтар”.

Беймаалым электорат

Азыр Кыргызстандагы эксперттик коомчулукту ойлонткон дагы бир маселе – шайлоочулардын көпчүлүгү азыркы шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр жөнүндө кабары жоктугу.

“Таза шайлоо” Ассоциациясы августтун башында түштүктөгү үч облуста сурамжылоо жүргүзүп, 900 адамдан шайлоого катышуу активдүүлүгүн, мыйзамдардагы жаңы өзгөрүүлөр тууралуу канчалык кабардар экенин сурашканын билдирди.
Айнура Усупбекова

Ассоциациянын директору Айнура Усупбекованын айтымында, эң эле шайлоого активдүү катышкандар баткендиктер болуп чыгышты. Суралгандардын 91,9% добуш берүүдөн калбайт. Бирок “Эмне үчүн шайлоого активдүү катышасыздар?” деп сурашса, “Бизге чынында кыларга башка ишибиз жок” деп жооп беришкен экен.

Бирок үч облустагы тең электорат мыйзамдагы өзгөрүүлөрдү жакшы билбей турганын аныкташкан. Маселен, “пропискаң каерде болсо, ошол жерде гана добуш бере аласың деп шайлоого көпчүлүк келбей коюшу да ажеп эмес” дешти.

Азыр парламенттеги партиялардын ичинен “Ата-Журт” үч облуста тең “эл эң көп ишенген партия” деп табылган. Айнура Усупбекованын айтымында, “Ар-Намыс” менен “Ата Мекенге” да элдин ишеними жогору.

Ал эми “Келерки президент кандай сапаттарга ээ болушу керек?” деген суроого көпчүлүк көз карандысыздыкты, чынчылдыкты, акыйкаттыкты жана жогору интеллектти айткан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG