Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Саясатчыларды "талаштырган" шайлоо мыйзамы


Кыргызстанда 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен 5 партия парламентке келген. Кийинки шайлоо келерки жылдын күзүндө болот.
Кыргызстанда 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен 5 партия парламентке келген. Кийинки шайлоо келерки жылдын күзүндө болот.

Президент башында турган улуттук кеңеш кезектеги жыйынга чогулуп, өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясын жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык маселесин талкуулады.

Өлкөнү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында негизги басым 2015-жылдагы парламенттик шайлоого жасалды. Анда парламент депутаттары тарабынан иштелип чыккан шайлоо боюнча мыйзам долбооруна ача пикирлер айтылды. Сунушталган мыйзам долбоорундагы башкы өзгөчөлүк-шайлоо партиялык тизме менен өтөт, бирок талапкерлердин депутат болор-болбосу өз аймагындагы алган добушунан көз каранды.

Демилгечилердин айтымында, мындай өзгөртүү парламентте ар бир аймактын кызыкчылыгын коргоого мүмкүнчүлүк түзүп, партиянын башындагы эки-үч лидердин арты менен Жогорку Кеңешке кокустан келип калган депутаттардын санын кыскартмак жана талапкерлер тизмеде канчанчы тургандыгына карабастан, өз окуругунда алган добушуна жараша нары-бери жылмак.
Бирок долбоорду сындагандар, ал ансыз да жердешчилик гүлдөп турган Кыргызстанда аймактык бөлүнүүчүлүктү күчөтөт деп чочулашууда жана 2010-жылдагы шайлоодой эле өлкөнүн бардык аймагы бирдиктүү бир округ болушун жакташат.

“Оорукчан” партиялар жана талапкерлер...

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы мыйзамдын кемчиликтери толукталбаса ага вето коёрун, болбосо алдыдагы шайлоону 2010-жылдагы мыйзам менен өткөрүү керектигин белгиледи.

- Негизи жаңы мыйзам долбоорун таразалап көрүш керек. Менин оюмча кийинки шайлоону 2010-жылдагы мыйзамдын негизинде деле өткөрсөк болот. Бирок айрым тактоолорду киргизиш керек. Анткени парламенттик шайлоого 28-29 партия катышып жатат. Айрым партиялардын аты-жыты билинбейт. Айрымдар президенттик шайлоого атын чыгарыш үчүн эле катышат. Маселен, Түркияда же Америкада президенттикке эки эле талапкер аттанса, бизде 87. Бул уят нерсе. Ачык эле айтып коеюн кээ бир оорукчан адамдар телевидениеден бекер бакылдаш үчүн президенттик шайлоого катышат. Ошондой эле оорукчан партиялар да шайлоого катышып жатат. Муну токтотуш керек.

Атамбаев сунушталып жаткан можаритардык жаңы системага каршы эместигин, бирок бул ыкма Кыргызстан үчүн али эрте экенин кошумчалады. Анын айтымында, шайлоо аймактык тизме менен өтсө, анда парламентке жалаң капчыктуулар келип, жаштар, аялдар жана улуттук азчылык өкүлдөрү четте калат.

Деген менен “Ата Мекен” фракциясынын лидери, аймактык тизме менен шайлоо боюнча мыйзам долбоорунун автору Өмүрбек Текебаев президент айтып жаткан кемчиликтер эске алынганын айтууда.

- Биз сунуштап жаткан мыйзамда Кыргызстан бүтүн бир округ, бирдиктүү бир партиялык тизме болот. Регионалдык тизме деген өзүнчө болбойт. Болгону шайлоо жыйынтыгы менен ар бир аймактык топ алган добушуна жараша мандат алат. Тогуз региондон калктын санына жараша депутат шайланат. Бул система партиялык коррупцияны азайтат, аймактардан лидерлердин чыгышын шарттайт. Партиянын ар бир аймактык тизмесинде төртүнчү киши аял болот. Жаштар менен улуттук азчылык өкүлдөрүнө 15 пайыздан кем эмес квота берилет.

Саясый партиялардын талапкерлеринин бирдиктүү тизмесин тогуз аймакка бөлүү боюнча мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда 86 добуш менен кабыл алынган.

Жаңы мыйзам элди тогузга бөлөбү?

Айрым саясатчылар сунушталып жаткан бул мыйзам ансыз да жердешчилик гүлдөп турган Кыргызстанда аймактык бөлүнүүчүлүккө алып келет деп чочулап келишет. “Ата Журт” фракциясынын лидери Жылдыз Жолдошова аталган мыйзам долбооруна каршылыгын мындайча билдирди.

- Кайсы гана мыйзам болбосун жергиликтүү менталитетти эске алыш керек. Бул мыйзам кабыл алынса, шайлоодо кыргыз эли аймак-аймакка, көчө-көчөгө бөлүнүп кетет. Биз буга жол бербешибиз керек. Дагы бир маселе. Нарында башка улуттун өкүлдөру аз, ал эми Ошто көп. Анан аймактык тизмеде улуттук азчылыктардын балансы кантип сакталат? Ошол эле учурда жаштар, гендердик баланс жок болуп жатпайбы. Бул мыйзам долбоорунун жакшы жактары да жок эмес. Бирок жакын калган шайлоого ушул ыкманы колдонобуз деп тобокелчиликке барбашыбыз керек. Толуктап иштеп чыгуу үчүн убакыт керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков 2015-жылдагы шайлоо жаңы мыйзамдын негизинде өтпөсө, парламентке кайра эле капчыктуулар, мыйзам чыгаруу ишмердигинен кабары жоктор топтолот деп кабатыр. Ал 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун негизги кемчилиги катары буларды атады.

- Эң негизги катачылык шайлоо системасын жокко чыгарып, шайлоочуларды добуш берүү укугу менен гана чектеп койгон. Тактап айтканда шайлоочулар бир партияга добуш берүү укугун беш жылга берип жатат. Анан ошол шайлоочу партиядагы 120 адамдын ким экенин билбей туруп эле добуш берди. Кээ бир партиялар бизнес долбоор катары пайда болуп, добуштарды сатып алды да парламентке келди. Анан ошондой жол менен келген депутаттардан эмнени күтсө болот?

Айрым адистер жаңы сунушталып жаткан мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алган күндө да президент четке кагат деп, эмитен боолгоп келишет. Алардын айтымында, азыркы парламенттеги айрым партиялар аймактардан жетишүү добуш ала албайт жана алар да аталган мыйзамга каршы чыгышат.

Кыргызстанда 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен 5 партия парламентке келген. Кийинки шайлоо келерки жылдын күзүндө болот.

XS
SM
MD
LG