Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Энергетикага жаңы баа сунушталууда


Энергетика министрлиги токту 3 фаза менен пайдалангандарга ушул күздөн тартып келерки жылдын апрель айына чейин 1 сом 20 тыйындан төлөөнү сунуштоодо.
Энергетика министрлиги токту 3 фаза менен пайдалангандарга ушул күздөн тартып келерки жылдын апрель айына чейин 1 сом 20 тыйындан төлөөнү сунуштоодо.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги сунуштаган баа саясаты коомчулуктун жана эксперттердин элегинен өтпөй калды. Министрлик өкмөткө жаңы баа саясатын сунуштаганы жатат.

Эми министрлик 1 фаза менен электр тогун пайдалангандарга 2015-жылдын 1-апрелине чейин мурдагыдай 70, андан кийинкисин 84 тыйындан төлөөнү сунуштап жатат. Ал эми токту 3 фаза менен пайдалангандар ушул күздөн тартып келерки жылдын апрель айына чейин 1 сом 20 тыйындан төлөшөт. Көрсөтүлгөн баалар жыл сайын инфляцияга карап өсүп турат.

Энергетика министрлиги өкмөткө жаңы баа саясатын сунуштаганы жатат.
Буга аталган министрлик сунуштаган баа саясаты коомчулуктун жана эксперттердин элегинен өтпөй калганы себеп болду. Аталган министрликтин Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин башчысы Миргүл Айдарованын билдиришинче, эми министрлик 1 фаза менен электр энергиясын пайдалангандарга 2015-жылдын 1-апрелине чейин мурдагыдай 70 тыйын, андан кийин 84 тыйындан төлөөнү сунуштап жатат. Эгер баа саясатынын өзгөртүлгөн варианты министрлик күткөндөй күзгө чейин кабыл алынып калса, токту 3 фаза менен пайдалангандар кийинки жылдын апрель айына чейин 1 сом 20 тыйындан төлөшөт. Көрсөтүлгөн баа жыл сайын инфляцияга жараша өсүп турат. Ошондо электр энергиясына болгон баа орто эсеп менен жыл сайын 3-7 сомго өсүп отурат.

- Биз бул жолкусунда 2 сом 20 тыйын деген бааны алып койдук. Көп талкууларда, элди кыдырып Ошко, Нарынга барганыбызда да бааны эки тепкичтүү кылып көтөрүүгө каршы болушкан. Ошондуктан азыркы өзгөртүүдө жайкысын 300 кВт/саат, кышкысын 600 кВт/саат деген көрсөткүчтөр алынды. Азыр электр энергиясын каалаганча ала бергиле, бирок төлөйсүңөр деп айтып атабыз. Анткени бизде электр энергиясы товар катары кабыл алынган. Биз сунуштаган долбоор өтүп калса, 1 фаза менен электр энергиясын пайдалангандар 2015-жылдын 1-апрелине чейин мурдагыдай 70 тыйын төлөйт деп атабыз.

Ал эми 3 фаза менен пайдалангандар долбоор ишке ашкандан тартып токту “өздүк наркы” деген тариф менен төлөй баштайт. Бул бүгүнкү күндө 1 сом 15 тыйынды түзөт. Аны инфляцияга көбөйтсөк, 1 сом 20 тыйын болот. Ал эми 70 тыйын төлөгөндөр 2015-жылдын 1-апрель айынан кийин орто эсеп менен 84 тыйындан төлөшөт. "Биз 1-июлга чейин бааларды көтөрүп үлгүрөбүз деп ойлогонбуз. Бирок жетишпей калдык. Эми бул долбоорду ушул жылдын октябрь айына чейин кабыл алабыз го деп турабыз", - деди Миргүл Айдарова.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин буга чейин сунушталып, талкууга алынып аткан тариф саясаты эксперттер тарабынан сынга кабылып келген. Ал арада министрликтин алдындагы Байкоочу кеңеш бааларды көтөрүү тартиби баа саясатына туура келбей турганын айтып чыккан болчу. Кеңеш төрайымы Нурзат Абдырасулова өкмөттүн сунушунда бааларды кымбаттатуунун калктын жакыр катмарына тийгизчү таасири тууралуу маалымат жоктугун сындады.

- Азыркы киргизилген баанын канчасы туура, ага кандай чыгашалар кирди, анын канчасы насыя, канчасы компаниянын чыгашасы, канчасы өндүрүүгө, канчасы бөлүштүрүүчү компанияларга кетери жакшы ачылбай калган. Экинчиден, баа кандай максат менен, эмнеге негиздеп көтөрүлгөнү так жазылган эмес. Экинчиден, 300, 600 кВт/сааттан ашык колдонгондор дегенде жаңы коррупциянын жолдору келип чыккан. Керектөөчүлөрдүн баарында акылдуу эсептегичтер жок. Ошондуктан жайкысын, кышкысын канча колдонушканын кантип тастыкташат? Андан сырткары электр энергиясы - бул товар, аны канча пайдаланабыз өзүбүздүн ишибиз. Негизгиси төлөсөк болду. Аны эске алганда Жарандык кодекстин беренелерине да каршы келип калат.

Министрлик жайкысын айына 300 кВт/сааттан ашык колдонгондорго бааны 1 сом 20 тыйынга, кышында 600 кВт/саат энергиядан көп колдонгондорго 2 сом 20 тыйынга чейин жогорулатууну сунуштаган. Эксперттер муну коррупцияга жол ача турган саясат деп сындашкан. Жарандар болсо 300 кВт/саат күнүмдүк тиричилик үчүн колдонууга гана кетип каларын белгилешип, министрликтин сунуштарына макул болушкан эмес.

Министрлик тариф саясатын жаңы өзгөрүүлөрү менен ушул жылдын күз айларына чейин кабыл алабыз деп ниеттенүүдө, азыр өкмөттүн макулдугу күтүлүп жатат. Өкмөт макулдугун берсе жер-жерлерде элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайра талкуу, коомдук угуулар өткөрүлөт. Толук даяр болгон долбоор өкмөттө каралып, андан соң парламенттин талкуусуна жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG