Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Ош алты саат караңгылык кучагында


Ошто электрге алты сааттан чектөө киргизилди.
Ошто электрге алты сааттан чектөө киргизилди.

Ошто электрге алты сааттан чектөө киргизилди. Эми түнкү саат 12ден таңкы алтыга чейин калаадагы жер үйлөрдө жарык өчүрүлөт. Газсыз отурган шаар жашоочулары бул аракетти нааразылык менен кабыл алууда.

Кыш күндөрү энергияны чектөө мындан да узарышы мүмкүн. Шаардыктар электрди лимиттен ашык пайдаланып жатканы үчүн ушундай чара киргизилгенин бийликтер кабарлоодо. Көгүлтүр отундун жоктугун эске алып, Ошко электр лимити көбүрөөк берилсе болмок дегендер арбын.

Ош шаарында алгач 10 сааттан жарык өчүрүлмөкчү болуп, бирок бийликтер алты саатка гана макулдашкан. Азыр күндүн сууктай электигине карап бул чектөө эл уктаган мезгилге киргизилгенин Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу билдирди:

- Ош шаарындагы электрге болгон чектөө - бул өкмөт талабы. Ошондуктан ОшРЭТ ишканасы тарабынан жарыкты өчүрүүнүн графигин Мэрияга сунушташты. Алар түнкү саат 12ден, эртең мененки алтыга чейин, анан күндүзгү саат бирден саат бешке чейин деп жатышат. Бирок Ош шаардык мэриясы бул сунушту толук кабыл алган жок. Түнкү режимге макул болгонубуз менен күндүзгү режимди өчүрбөө талабын койдук. Ошентип, 24-октябрдан баштап түнкү саат 12:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин Ошто жарыкты өчүрүү болот.

Бул чектөөлөр азырынча жалаң жер үйлөргө гана тийиштүү болчудай. Электрден башка эч нерсеси жок көп кабаттуу үйлөрдө авариялык абалдан сырткары жарык өчпөйт деп убада беришет бийлик органдары. Жер тамдарга чектөө киргизүүнүн бирден бир себеби – калк энергияны лимиттен ашык пайдаланып жатат:

- Былтыр так ушул октябрь айында Ош шаары 1 млн. 544 миң кВт/саат электр колдонгон болсо, быйыл октябрь айында 1 млн. 700 миңге чейин пайдаланып атабыз. Мунун 150 миң кВт/саатын биз көгүлтүр отундун жоктугуна байланыштуу кетип жатат деп эсептейбиз. Ошол көлөмдү пайдалануу менен биз биринчиден, лимиттен ашып, экинчиден, электр тармактарына күч келтирип жатабыз. Жер үйлөрдө очоктун бар экендигин жана үйгө меш коюп, көмүр жагууга мүмкүндүгүн эске алып, азыр өчүрүүлөр жалаң жер үйлөргө киргизилди, - дейт “Ош райондук электр тармактар” ишканасынын жетекчиси Данияр Сыдыков.

“ОшРЭТ” мекемеси учурда калаада 85 миңдей жеке турак-жайды жана 15 миңдей коммерциялык абоненттерди тейлейт. Мунун тең жарымы көп кабаттуу үйлөр десек, демек 30-40 миңдей үй түнкүсүн жарыксыз калат экен. Анын баары эле көмүр менен мешин камдаган эмес. Жер үйдө турган жаш энелердин бири Элиза Акматалиева:

- Эки кичинекей балам бар. Бири эки жарым жашта, кичүүсү он айлык. Түнкүсүн туруп алып сүт жылытып берем. Бир түндө кээде үч-төрт жолу турганга туура келет. Эми электрди өчүрүп койсо эмне кылам? Мешибиз жок, көмүр да албадык. Бир үйгө электр меш коюп алып, эптеп кыштан чыгып кетебиз деп аттык эле... Азыр күн жылуурак, кышта кантебиз билбейм. Эки-үч саат өчүрүшсө да мейли эле, алты саат деп атканы бизди аябай кыйнайт го...

Өткөн жылы кышта Ош шаары 900 млн. кВт/саат электр колдонгон болсо, соңку энергетикалык кризистин айынан калаага быйыл 650 млн. кВт/саат гана лимит берилген. Бул кеминде беш айга жетиши керек.

- Былтыр кышта беш айга деп Ош шаарына 700 млн. кВт/саат лимит бериптир, бирок эл 900 млн. кВт/сааттан ашык колдонду. Быйыл көгүлтүр оттун жоктугун эске албай, былтыркыдан да аз берип атат. Болгону 650 млн. кВт/саат электрге лимит берип жатат. Буга чейин Ош шаардык кеңеш, Ош шаардык мэриясы борбордук бийликке “лимитти көбөйткүлө” деп бир нече жолу кайрылганбыз. Эми болсо кат жүзүндө эле расмий кайрылат окшойбуз. Башка аргабыз калбады. Элдин кыжырына тийип, кыйнап атышат. Мамлекетте биринчи кезекте адамдын кызыкчылыгы турушу керек, анан башка нерселерди ойлоо керек, - дейт Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдувахаб Нурбаев.

Борбордук бийлик энергиянын лимити көбөйтүлбөйт деген турумду карманууда. Электр энергиясынын тарифин талкуулаган Оштогу жыйында өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев буларга токтолду:

- Газдын жоктугу бул убактылуу эле проблема. Аны башка түрлөргө өткөрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Түшүнүп жатабыз, жеңил болбойт. Бирок азыр тоолуу райондогулар бизде күн суук болуп атат, лимитти көбөйткүлө деп суранып атышат. Ошто болсо газ жок деп атсак. Эгер анын баарына лимиттерди кайра көбөйтүп бере турган болсок, анда бизде эч кандай үнөмдөө болбойт экен. Азыр эми суунун аздыгына байланыштуу ар бир регионго, ар бир шаарга лимит коюлган. Эгер ошол лимиттен ашса өчүрүлөт, ашпаса өчүрүлбөйт.

Ош шаары учурда суткасына 2 млн. кВт/саат электр колдонуп аткан болсо, мунун көлөмү кышкысын 5 миллионго чукулдайт. Ошондо жарык өчүрүүлөр азыркыдан да узаруусу мүмкүн.

Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 11 миллиард 793 миллион куб метрди түздү. Бул мурдагы жылдардан 4 миллиард кубга аз. Энергетика министрлиги ар кыл чектөөлөрдү киргизүү менен кийинки жылдын апрель айында суунун көлөмүн 7 миллиарддан түшүрбөй сактап калуу аракетин көрүүдө. Бул чектен ылдыйлап кетсе, суу сактагычтын жабдыктары иштен чыгышы мүмкүн.

Энергетиктер белгилегендей, быйыл кышта Кыргызстандын электрге дефицити 2 млрд. кВт/саатты түзөт. Өкмөттөрдүн сүйлөшүүсүнөн кийин Казакстан Кыргызстанга 2 млрд. кВт/саат энергия сата турган болгон.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG