Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Атамбаев менен Шэннон кыргыз-америка алакасын талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн АКШ мамлекеттик катчысынын орунбасары Томас Шэннонду кабыл аллды. Вашингтон өкүлү Борбор Азия сапары менен Бишкекке келген.

Тараптар Кыргызстан менен АКШ ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулаганын президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушууга АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни, мамлекеттик катчынын Борбор Азия боюнча орунбасарынын кеңешчиси Дэн Розенблюм да катышты.

Борбор Азияга 24-октябрда сапарын баштаган беш күн аралыгында Томас Шэннон Казакстанда, Кыргызстанда жана Өзбекстанда болот. Жолугушуулардын өзөгүн үч өлкө менен Вашингтондун өз ара кызматташуу маселелери түзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG