Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:12
Жай башталып, 1-курсту бүтүрүп түйүнчөгүмдү түйүп алып, шашылып шаардан айылга жөнөп калдым. Биздин үй көчөнүн башында, автобустан түшкөн соң дагы жарым саат басыш керек. Эки көзүм алыстагы караанды издейт, бирок көрүнбөйт. Окуу мезгилинде ишемби күнү үйгө жетип барып калат элем, анда да менин келээримди сезгендей апам эшикте таягын таянып алып күтүп алат эле. Жанына жетип келген соң менин башымы кучактап, мурдун мурдума тийгизип жыттап-жыттап «Садаган болоюн, сары кызым келдиби, мага?» деп сагынычын кандырып алат эле. Ошондойду күтүп эки көзүм алаңдап, апамдын карааны качан көрүнөт экен деп бара жаттым.

Үйгө жетээрде жүрөгүм дүкүлдөп, эки көзүмө жаман үйүм алтындан салган сарайдай көрүнүп, аны сагынганым да өзүмө сезилип турду. Үйгө жетип чоң дарбазаны ачканда жаныма шыйпалаңдап Жолборс деген итибиз жетип келип, мени жыттагылап калды. А мен түйүнчөгүмдү жерге коё коюп эле Жолборстун башын сылап «Мени да сагындыңбы?» деп калам, анда Жолборс андан бетер эркелейт. Үйдөн эч ким чыкпады, буларга эмне болгон деген ойдо үйгө кирдим. Эшикти ачып башымы көрсөттүм. Үйдө жеңем балдары менен отуруптур, анан кирип эле «Апам менен атам кана?» деп сураптырмын. Көрсө алар эчак жайлоого көчүп кетишкен экен. Түнөп алып эртеси жайлоого аттанып жөнөп калдым. Жолборс да мени ээрчип алган. Мен мурда минип көнгөн атамын сары жоош аты жок, карагер жулкунган атын минип жайлоону көздөй жол тарттым. Жайлоодогу жайылган үйүр-үйүр бээлерди көргөн ат, алар жакка жулкунуп, кишенеп баратат. А мен болсо коркконуман аттын тизгинин кагып, качан биздин боз үй көрүнөт деп эки көзүм алаңдайт.

Бийик тоолор, айлана жапжашыл, асман көпкөк, мөңгүдөн түшкөн суу, айлананын жымжырттыгын бузган тоту куштун сайраганы - дегеле биздин жердин кереметин карачы деп өзүмчө кыялданам. Бул кыялымды минген атым менен Жолборс дагы түшүнүп койчудай, анда-санда аларга карап сүйлөп койом. Ошентип атып кантип жеткеними да билбей калдым. Мени көргөн атам кыр ылдый атын желдирип түшүп келсе, апам болсо баягы таягын таянып күтүп турат. Мен жетип эле аттан секирип түшүп апамды кучактадым, ал болсо адатынча мурдун мурдума тийгизип жыттап, сагынычын таркаткандай сезилди. Үйдө болсо каймак менен жаңы жабылган ысык нан, мыкчыма жасалып атыптыр. Апам адатынча өзү мыкчып, андан менин оозума сала баштады. Аны көргөн эжем мени шылдыңдап, «Апа, сары кызың студент. Баягы мурдун аарчый албаган кичинекей кыз эмес» - деп күлсө, анда апам «Мен үчүн баягы эле кичинекей сары кызым» деп жооп узатат. А мен болсо апама андан бетер эркелеп, мышыктай болуп кучагына батып, жытын жыттап, көзүм илинип кеткенин да билбей калыпмын.

Алтыным апам, ар дайым менин жүрөгүмдө жашайт, айткан акыл-насааттары кулагыма ар дайым угулуп турат. Анын мээрими менен жыты менден эч качан кетпес, дүйнөгө теңсиз Апа!

Элнура Какеева

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG