Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:53

Кыргыз өкмөтүнүн Ооганстанга жана Кувейтке элчилик ачуу демилгеси жана чет жактагы кыргыз элчиликтеринин абалы тууралуу Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асейин Исаев маек курду.

- Ооганстан менен Кувейтте элчилик ачуу Кыргызстанга эмне берет?

- Ооганстанга элчиликти мурдатан эле ачалы деп жүргөнбүз. Коопсуздук маселеси өтө татаал экен. Элчиликти ачуу үчүн атайын имараттарды куруп, атайын корголгон машиналарды берип, атайын аскерлерди жалдаш керек экен. Чоң каражат керек болду. Ошонун баарын изилдеп чыкканбыз. Азыр эми дипломаттар барса, алардын коопсуздугуна коркунуч келбеген бир ыгын таап жатабыз.

Азыр Кабулда өзүн мамлекет деп эсептеген өлкөлөрдүн бардыгынын өкүлчүлүктөрү бар. Көп дүйнөлүк маселелер ошол жакта чечилип жатат. Ооганстан бизге эң жакын мамлекет болгону менен ал жерде эмне болуп жатканын билбейбиз. Кандай болуп жатканы, эмне коркунучтар бар экени белгисиз. Эми Ооганстанда түбөлүк согуш боло бербейт. Бизде бул өлкөгө, андан ары Түштүк Азияга, Индия, Пакистанга багытталган көп долбоорлор бар. Согуш бүткөндөн кийин мына ошол долбоорлорго катышып калуу керек да.

- Ал эми Кувейтке экономикалык максаттардан улам элчилик ачылганы жатабы?

- Ооба. Биз көп жылдан бери араб өлкөлөрү менен мамилени өнүктүрө албай жатабыз. Мамлекет өнүккөн сайын чет өлкөлөргө көңүл бура баштайт экен. Чынын айтканда алар өздөрү бизге кызыгып жатышат. Кыргызстан калкынын басымдуу бөлүгүнүн мусулман болушу да буга себеп болууда.

- Элчилик ачканда каражат маселеси да кабыргасынан коюлуп жатпайбы. Деги Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү элчиликтерин каржылоо үчүн жылына канча каражат кетет?

- Жалпы 525 милллион сом сарпталат. 25 миллион сом биздин борбордук аппаратка, калганы, жарым миллиард сом элчиликтерге кетет. Туура түшүнүү керек, элчиликтер Тышкы иштер министрлигинин эмес, Кыргызстандын өкүлчүлүгү болуп саналат. Ал өкүлчүлүк кыргыз жарандарынын бардык маселелерин чечет. Ошол эле никени каттап, балдарга күбөлүк берет жана жарандардын, мамлекеттин кызыкчылыгын коргойт.

- Азыр Беларустагы жана Британиядагы элчиликтер саясий жактан маанилүү элчиликтер болуп турат. Бирок эмне үчүн бул өлкөлөргө элчилер алигиче дайындалбай жатат?

- Беларустагы жана Англиядагы элчибиз жакында эле кеткен. Элчи деген өзүнчө бир чоң фигура экен. Биздин билишибизче, азыр бул орунга тандоо жүрүп жатат. Бул адамдарга көп нерсе көз каранды. Англия жана Беларус менен мамилебиз кандай экенин билесиздер. Бир аз маселелер бар. Бул өлкөлөргө дайындала турган элчи ишти жакшы алып кетиши керек. Маселени чечүү менен эки тараптуу мамилени бузуп албоого аракет жасашы абзел.

- Парламенттин айрым депутаттары кээ бир анчейин пайда бербеген элчиликтерди жабуу керек дешет. Буга кошуласызбы?

- Түбөлүк эч нерсе жок. Бул да бир процесс. Бир элчилик өз потенциалын аткарып бүткөндөн кийин ал каражатты башка жакка деле жумшаса болот. Бирок элчиликти ачуу оңой, жабуу өтө кыйын. Жапсак, ал мамлекет менен мамилебиз сөзсүз начарлайт. Ошондуктан бул маселени аябай талдап туруп, кылдат чечүү керек.

- Бул өңдүү саясий маселелерден качып, айрым элчиликтерге каражатты ыксыз сарптай берүү керекпи?

- Карай келсек, элчиликтерине эң аз акча кетирген өлкө – бул Кыргызстан. Нормалдуу тышкы саясат жүргүзөбүз десек, минимум бюджеттин 5 пайызын кетириш керек. Бизде болсо 0,3 пайызы гана сарпталат. Бул жерде каражатка эмес, акыркы максатка маани берүү керек.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG