Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

7-февраль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Алайдын Будалык айылында жер көчкү жүрүү коркунучу болгонун белгилеп, ал жердеги төрт үй-бүлөнү коопсуз жакка көчүрдү. Ошол эле күнү Гүлчө-Будалык жолуна 4500 кубметр көлөмүндөгү жер көчкү түшкөн.

2003-жылы Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында жүргөн көлөмү 1.5 миллион кубметрлик жер көчкүнүн кесепетинен Сөгөт айылы жер алдында калып, 38 киши набыт болгон.

2009-жылы мындай кырсык Аксы районунун Рай-Комол айлында кайталанып, 16 кишинин өмүрүн алып кеткен. Мындай каргашанын кайталанбасы үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кандай иш-чараларды жүргүзүп жатат? Аталган министрликтин өзгөчө кырдаалдар жана мониторинг департаментинин башчысы Турдубек Ажибаев “Азаттыкка” маек курду.


- Алайдагы жер көчкү жүрүү канчалык деңгээлде кооптуу?

- Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылындагы жер көчкү жаракасы былтыр эле пайда болгон. Бирок жакын жайгашкан үйлөргө анчалык коркунучу жок болгондуктан биз ал жерде турган үйлөрдү көзөмөлгө койгонбуз.

Быйыл кыш жылдагыдан айырмаланып, кар жаабай, жылуу болуп жаткандыктан, быйыл эртелеп эле мурдагы жаракалар чоңоюп, төмөн чөгүп, жер көчкү активдешип кетти. Кыш чыга электе эле жер жибиген мындай учурлар өтө сейрек кездешет, ал тургай биздин тажырыйбада алгачкы жолу болууда десем да жаңылышпайм. Ушундан улам бул кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүп чыгууга мажбур болдук.

- Алар кайда көчүрүлдү? Аларды көчүрө турган жер даяр беле?

- Азыркы кыштын күнүндө аларды чатырларга көчүрүү мүмкүн эмес, ошондуктан аларды жакындарынын, тууган-уруктарынын үйлөрүнө убактылуу көчүрдүк. Андан кийин мүмкүнчүлүк болсо Нурада бир-эки жыл мурун курулган мобилдүү үйлөр бар, аларды ошолоргобу же башка жаккабы көчүрүү маселеси министрликтин жетекчилери тарабынан чечилет.

Быйылкы жылы жер көчкүлөрдүн активдешүүсү тууралуу сигнал бизге эрте келди. Демейде жер көчкүнүн активдешүүсү март айынын этегинде, апрель айларында күчөчү эле. Буга бир жагынан 24-январда Алайда болгон жер титирөөнүн да таасири тийди, муну башкы себеп катары карасак да болот.

- Сиз жакшы билесиз, буга чейин да жер көчкү капсалаңынан бир топ айылдар жапа чегип, адам өмүрлөрү кыйылган. Алсак, Өзгөндө, эки жыл мурун Аксыда. Мына ошондой каргашалар болбошу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, сиздердин департамент кандай чараларды көрүп жатат?

Жер титирөөдөн кыйраган Нура айылына түшүкөн жаңы конуштар
- Сиз айтып кеткен каргашалардан кийин дагы ошондой жамандыктар кайталанбасы үчүн биз алдын ала жыл сайын мониторинг департаменти аркылуу Кыргызстандын ар бир аймагында, ар бир участокто иликтөө жүргүзүп, божомол корутундуларды чыгарабыз. Ал корутунду материалдар айыл өкмөт, район, облус башчыларынан тартып, кыргыз өкмөтүнө, президенттик администрацияга чейин берилип, өз учурунда маалыматтар берилет. Алардын негизинде жылдык планда кандай иштерди аткаруу зарылчылыгы болсо, ошолордун аткарылышын талап кылабыз, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн талап кылып келе жатабыз.

Биз жазалоочу орган болбогон соң өзүбүз ошол кооптуу аймактарда жашап жаткан элдин баарына эскертүү бергенбиз. Бирок биздин эскертүүлөрүбүз колунда болгону менен алардын айрымдары өз учурунда башка жакка кетүү үчүн материалдык колдоону мамлекеттен ала албай калгандары да бар. Бул өкмөттүн экономикалык абалына жараша да болбой атат, убагында жардам ала албай, көп үй-бүлөлөр ошондой кооптуу жерлерде жашоосун улантууга аргасыз болуп жатышат.

- Быйыл жер көчкү жүрүү коркунучунун сигналы эрте келди деп өзүңүз айттыңыз. Эми март, апрель айларында адатта Кыргызстанда нөшөрлөгөн жаан күчөйт, ошол учурларда дагы кайсы аймактарда жер көчкү жүрүшү ыктымал?

Нурадагы жер титирөөдөн кийин.
-Жер көчкү – жер титирөөдөн кийинки эле коркунучтуу табигый кырсык болуп калды. Бул кырсык эң көп тооруган, кооптуу аймактар – түштүк аймагында. Алсак Ош облусунда Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу райондорунда. Ноокат районунда бир-эки жер бар. Баткен, Кадамжай райондорунда кооптуу жерлер катталган. Жалал-Абад облусу боюнча Сузак, Базар-Коргон, Аксы райондорунда жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактар бар.

Ошол аймактардагы жер көчкү коркунучу бар деп биз тараптан эскертилген, эскертүү берилген жарандарга да сиздердин үналгы аркылуу кайрылып, суранып айтып кетким келет: ал нерсени "болду, кагазда калды" деп карабай, көңүл бурбай койбой, олуттуу мамиле кылсаңыздар. Анткени март айынан тарта жер көчкүлөрдүн абдан активдеше турган убагы.

Март, апрель, май, атүгүл июнь айынын этегине чейин башка бир коопсуз жерде, биздин министрлик тарабынан берилген чатырларда, тууган-уруктардын үйүндө убактылуу баш калкалап турсаңыздар. Ошондой эле эгерде кайсы бир аймактарда жердин жарака кеткени, чөгүүлөр пайда болгонун байкап калсаңыздар, биздин министрликке 101 телефону аркылуу кабарлап турууңуздарды да өтүнөт элек. Бул ар кандай кырсыкты алдын алууга жана эң ириде башкы байлык болгон – адам өмүрүн сактап калууга өбөлгө болот.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG