Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Чукул кырдаалдар министри Болотбек Борбиев “Азаттыкка” маек куруп, кыш каатчылыгын утурлай жасалып жаткан чаралар, иш пландары тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Аба ырайынын өзгөрүшү менен коштолгон ар кандай жаратылыш кырсыктарга алдын ала кандай чаралар көрүлгөн? Маселен Кыргызстанда жолдордун дээрлик көбү тоо бойлото, тоо арасында жайгашкан. Жолдорго көчкү түшөт, тайгак болот дегендей.

Б. Борбиев: Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, азырынча аба ырайынан улам өзгөчө кырдаалдардын болушу күтүлө элек. Бирок ошого карабастан сактоочу-куткаруучу отряддарыбыздын баары ишке даяр турушат.

Биз негизинен маалыматты элден алуу үчүн ага атайын шарттар түзүлгөн. Мисалы 101 телефонуна кайсы региондо жүрүп чалсаңыз, ошол аймактагы биздин Өрт өчүрүрүү кызматы ал кабарды алар менен бизге жеткирет. Бизге маалымат келип жетери менен мобилдүү ыкчам отряддар болуп жаткан өзгөчө кырдаалга каршы күрөшүүгө даяр болушат.

Биздин эң негизги стратегиялык жолубуз болгон Бишкек-Ош жолунда биздин өзүбүздүн сактоочу-куткаруучу топторубуз бар. Мисалы Чүйдө Беловодскийден бара турган топ бар. Анан аба ырайы бузулуп, кар калың жаап, көчкү түшө баштаган маалда биз ыкчам топторубузду Суусамыр өрөөнүнө да жайгаштырабыз. Алардын баары мобилдик байланыштар менен камсыз болгон.

Токтогул районунда да биздин куткаруучу борборубуз бар. Алар жол кырсыктары, көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктарында жардамга келүүгө даяр турушат. Мындан сырткары Таш-Көмүрдө мобилдик-инженердик тобубуз бар. Ал дагы өзүнүн оор жана жеңил техникалары менен даяр турат, бул жерде ыкчам мобилдик отряд да жайгашкан, бул аскерий уюм.

Бирок мен мындан да жогорураак нерсени айткым келет. Күзүндө Нарын облусундагы кар калың түшкөндө жергиликтүү бийлик органдары жарандык коргонуу боюнча кандай иш алып барганын көрсөттү.

Жарандык коргонуу боюнча президент өзү катышкан мекемелер аралык комиссиянын чечимдери бар. Ага ылайык, бардык жергиликтүү бийлик органдардын жетекчилери жарандык коргонуу боюнча өздөрүнүн аймактарында башчы болуп эсептелет. Алар өздөрүнүн аймагында болгон бийлик органдарын, инфраструктуралардын баарын колдонуп, өзгөчө кырдаалды алдын алууга, кудай сактасын, эгер болуп калса кесепеттерин жок кылууга милдеттүү.

Эгер жол боюнча айта турган болсом, бул жерде башка министрликтер да бар. Жол Транспорт министрлигинин балансында турат. Булар да ошол мекемелер аралык комиссияга ар кандай жаратылыш кырсыктарынын алдын алууга, кесепетин жоюуга даярбыз деп өздөрүнүн отчетторун беришкен. Бирок азыр практика көрсөткөндөй декабрь айында жааган кардын кесепетинен Ысык-Көлдө Түп-Кеген жолу жабык туруп, азыр ачылды. Кара-Кол-Эңгилчек-Ак-Шыйрак чоң ашуу жолу жабык туруп анан ачылды. Бул проблемаларды чечүүгө мекемелер аралык комиссиянын чечими менен башка министрликтерге, жергиликтүү бийликтердин бардык бутактарына милдеттендирилген. Алардын үстүнөн ишти көзөмөлдөп, координациялып туруу милдети бизге жүктөлгөн. Биз азыр ушунун үстүнөн иштеп жатабыз.

Биринчи өзүңдү, анан өңгөнү корго

Буйруса январь айынын ичинде биз жарандык коргонуу, анын мамлекеттик системасы боюнча кеңири кеңешме өткөрөбүз. Анткени жарандык коргонууга ар бир адамдан баштап Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чейин тартып, үйрөтүп, жарандарыбызды биринчи өзүн өзү коргоп, анан жанындагысын коргогон акыбалга жеткиришибиз керек. Биз азыр ошондой кеңешмеге даярданып жатабыз. Анда мурдагы жылдары катталган кемчиликтерди белгилөө менен жаңы жылга тапшырмаларды коймокчубуз. Мен жаңы жетекчи катары жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын жакшыртуу, реформалоо боюнча сунуштарым бар. Менимче, ошо мамлекеттик механизм иштеп кеткенден кийин гана биздин жумушубуз натыйжалуу болот.

Биз эң биринчиден, бизди эмне, кайсы жерде, качан күтөт деп алдын ала иликтөөгө, алдын ала болжоп айтууга көңүл бурушубуз керек. Экинчиси, ошол кырсыктарды болтурбоо боюнча алдын ала чараларды колдонуу. Үчүнчүсү, эми андан кудай сактасын, эгер болуп калса анын кесепеттерин жоюу, адамдардын өмүрүн сактоо. Бирок биздин эң башкы жумушубуз кырсыктардын алдын алуу жана аны болтурбай коюу чараларын көрүүгө жумшалмакчы.

Москва облусунда ондогон шаар-кыштактар электр кубатысыз калды
“Азаттык”:
Өзүңүз деле угуп-билип жатсаңыз керек, Орусиянын Москва шаарынын жака-белиндеги бир нече кыштар-шаарлар жаратылыш кырсыгынын айынан жарыгы жок калды. Эми мындай көрүнүш Кыргызстанда болбой эле койсун, бирок айталы кайсы бир аймак, же район бүтүндөй электр кубаты жок калса, сиздер аларга кантип жардам бересиздер? Ушул жактары ойлонуштурулганбы?

Б. Борбиев: Мен ошол маалда Москва шаарында элем. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 20 жылдык маарекеси өтүп, декабрь айынын аягында чакыруу менен баргам. Ошол акыбалды өз көзүм менен көрүп келдим. Мындай кырсыктарга, кырдаалга жадагалса Орус мамлекети даяр эмес экен. 200гө жакын электр станциялары иштен чыгыптыр, жолдор жабык, байланыш жок. Биз барып конгондон кийин аэропорттон чыга албай отуруп калдык.

Эми бизде акыбал кандай, айрыкча алыскы Кара-Кулжа, Чаткал, Ат-Башы жана Тогуз-Торо сыяктуу райондорубуз бар. Бизде негизинен унаа байланышы болгондуктан ага көчкү коркунучу бар. Бул кырсык жылына кайталанып тургандыктан көчкү боло турган жерлердин баары белгиленген. Кайсы чектен өткөндөн кийин көчкү пайда болушу мүмкүн экенин аныктап ал жерде кардын калыңдыгы ченелип турат. Анан байланыш жок болуп калган убакта биздин ишенгенибиз авиация, тактап айтканда тик учак болуп калат, байланыш телефон аркылуу болот. Ошого карабастан жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери өздөрүнүн аймагында өзгөчө кырдаалдар боюнча, тагыраак айтканда жарандык коргонуу боюнча жетекчи катары элге биринчи, убагында маалымат берип, анан ошол коркунуч убагында элге баш-көз болуп тиешелүү министрликтер менен байланышып өздөрүнүн милдеттерин аткарышы керек.

Биз болсо баягы көчкүлөрдү атып түшүрүү боюнча паландуу иштерибизди аткара беребиз, бирок жергиликтүү бийлик органдары да бул боюнча иштеши керек. Эгер да ал милдетин аткарып жетише албай жатса, биз өтө кооптуу жерлерге өзүбүз барабыз. Бирок практика көрсөтүп жатпайбы, Мисалы Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда жер көчүп жолду алып кеткен, кышында ошол жолду дайыма кар басып калат. Анан унаа каттамы токтоп калат. Бул проблемада Транспорт министрлиги да өзүнө тиешелүү иштерди алып барышы керек.

“Азаттык”: Эгерде бүтүндөй аймак жарык жок калса ал жактагы оорукана, төрөт үйү сыяктуу маанилүү стратегиялык объекттерге кантип жардам бере аласыңар?

Б. Борбиев: Андай стратегиялык мааниге ээ объекттердин бардыгында тең сөзсүз түрдө башка автономдуу түрдөгү электр энергиясынын булактары бар, ал болушу керек. Анткени ошол мекемелердин жетекчилери, же ошол тармактардын жетекчилери сөзсүз түрдө көзөмөлгө алышы керек. Эми Москвада музга айланган жаандын айынан электр кубатын өткөргөн зымдар үзүлүп калган. Мынчалык масштабда үзүлүп калат деп булар да күткөн эмес.

“Азаттык”: Мен билгенден сиздердин министрликке таандык бир эле тик учак бар. Бул кырсыктарга каршы күрөшүү үчүн жетиштүүбү? Дегеле техникалык мүмкүнчүлүктөрүңүздөр кандай?

Б. Борбиев: Ооба, биздин бир эле тик учагыбыз бар. Техникабызды жакшыртуу, авиациябызды күчөтүү боюнча биздин сунуштарыбыз-пландарыбыз бар. Бардыгы келип эле каражатка, бюджетке такалат да. Өрт өчүргөн техникаларыбызды да жаңылайлы деген ниеттерибиз бар. Анткени жанагы “ЗИЛдин” базасындагы суу аз баткан эски маркадагы техникалар. Бийик көп кабаттуу үйлөрдөгү өрттү өчүрө ала турган, жаасынын узундугу 50 метрге жете турган бир эле техникабыз бар. Өрт коркунучу да азыр биздин башкы приориттерибиздин бири. Өзүнүздөр көрүп жатасыздар, азыр көп кабаттуу бийик үйлөр курулуп жатат. Кудай сактасын, эгер ошол үйлөрдүн 17, же андан да бийик кабатында өрт чыкса ал үйдө жашагандарды алып чыгыш керек, өрттү өчүрүү керек. Ушундай техникаларды алалы деген ниеттерибиз бар.

Азыр биздин сүйлөшүүлөрүбүздүн негизинде Орусиядан 37 даана техника, 11 даана жабдуулардын комплекти келет. Азыр эки өлкөнүн министрликтери сүйлөшүп жатабыз. Бул гуманитардык жардам болуп жатат. Бул техникалар келсе да бир топ маселелерибиз чечилип калат. Анын ичинде өрт өчүрүү унаалары Камаздын базасында келет. Биз аны эксперимент катары алып келип жатабыз. Бирок бул келген техникалар албетте маселени дээрлик чечпейт. Бирок биз жаңыртуунун үстүнөн иштешибиз керек. Техникасыз биздин ишибиз да натыйжалуу болбой калышы мүмкүн. Бирок колубузда тургандары менен бүгүнкү күндө милдеттерибизди аткарууга мүмкүнчүлүгүбүз жетет.

Ишти электрондоштуруу аракети

“Азаттык”: Министрликте кадр маселеси кандай турат? Куткаруучулардын адистик даярдыгы кандай экен?

Б. Борбиев: Биз азыр куткаруучуларды даярдоо курсун даярдоо борбор кылуу боюнча өкмөткө сунуш киргиздик. Анткени биз бул борбор аркылуу жергиликтүү айыл өкмөттөрүнүн башчыларынан баштап окутуп үйрөтүп келгенбиз. Кадрлар тез-тез аламаша бергенинен улам азыр жергиликтүү айыл кеңештеринен чейин окуталы деп жатабыз. Ошол эле мезгилде өрттөн куткаруучу-сактоочу отряддарбызды ошол борбордун базасында даярдап, алардын кесиптик деңгээлин көтөрөлү деген нитеттебиз.

Москвага жасаган кыска мөөнөттөгү иш сапарымдын учурунда мен Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Илим-изилдөө институтуна да атайын барып, маалымат алмашып келдик. Анткени өзүбүздүн да Илим-изилдөө институтун түзсөк деп турабыз. Илимий-техникалык башкаруу болмоюнча биз алыска кете албайбыз.

Бул жерде кризистик абалды башкаруу борбору бар. Анда мамлекеттин, өкмөттүн башчысынан баштап министрлик ушул жерде отуруп алып, ар кандай кооптуу кырдаал түзүлсө оперативдүү чечим кабыл алганга мүмкүнчүлүк түзөлү деп жатабыз. Диспетчердик кызматтарды райондун деңгээлине чейин түшүрүп, бардыгын электрондук вариантта, видео жыйын сыяктуу өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн аймак менен түз телекөпүрө аркылуу байланышып, оперативдүү чечим кабыл алганга мүмкүнчүлүк түзөлү деп жатабыз.

Мурда кагаз түрүндө жасалып келген прогноздорду, мониторингдердин баарын чогултуп, бир системага келтирип электрондук доска, же болбосо электрондук мультимедиалык карта түзөлү деп жатабыз. Ал картада айыл өкмөттөрүнүн деңгээлине чейин кайсы аймакта өзгөчө кырдаалдар болуп калышы ыктымал экени көрсөтүлөт. Ал кырдаалды болтурбай коюуга кандай чаралар керек, канча каражат сарпталат, жумуштун көлөмү канча болот, жоопкерчилик кимде болот, кайсы объектер бар аныктайбыз. Анан өзгөчө кырдаалдар түзүлүп калганда оперативдүү кайсы жерде эң керектүү каражаттарды алып тура алабыз, күйүүчү майлоочу майлардыбы, ичүүчү суулардыбы, тамак-аштардыбы ушулардын баарын сүйлөшүп, менчиктин формасына карабай оперативдүү колдонуп кайра анын ордун толтуруп туруу боюнча системаны түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Иш коррупцияны ооздуктоодон башталат

“Азаттык”: Сиз алдыдагы, учурдагы жасалып жаткан иш-пландарыңыз тууралуу кенен айтып кеттиңиз. Ушул жерден тактап бересизби, ишиңизди эмнеден баштадыңыз, же эмнеден баштайын деп турасыз?

Б. Борбиев: Менин жүрөгүмдө турган маселе мамлекеттик бюджеттеги каражаттын баарын максаттуу пайдалануу, коррупциялык схемаларга жол бербөө. Бул менин иштеримдин башы болот. Мамлекеттин каражатын өзүнө туура колдонуу, азыркы болуп жаткан техникаларды, биз ала турган техникалардын бардыгын максаттуу пайдалануу.

Менин дагы бир ниетим жарандык коргонуу боюнча мамлекеттик системага жалпы жарандарды, элдин өзүн катыштыруу. Биринчи элге жеткирүү, анан ошол аркылуу элдин өзүн катыштыруу. Ар кимди өзүн өзү коргой алганга жеткирүү. Мунун эң эле жөнөкөй мисалы кышында өрттөн өзүн өзү коргоо. Азыр көбү электр жылыткычтарды колдонушат. Колго жасалгандарды колдонот. Учурда өрттүн көбү колго жасалган жылыткычты колдонуудан, кадимки эрежелерди сактабагандыктан келип чыгат. Ар кимдин коопсузду өзүнүн колунда.

“Азаттык”:
Сиз коррупцияны ооздуктоо ниетиңиз бар экенин айттыңыз. Сизде паракорчулукту жоюу боюнча натыйжалуу чаралар барбы? Сиз кантип күрөшкөнү жатасыз? Анткени өзүңүз билесиз өлкөдө коррупция тамырлап кеткен, аны жоюуга мамлекеттик агенттиктин да күчү жеткен эмес.

Б. Борбиев: Биринчи жетекчи өзү таза болуш керек. Андан кийин өзүнүн мекемесиндеги, министрлигиндеги коррупциялык көрүнүштөргө жол бербеши керек. Ал колдон келе турган нерсе. Мен өзүмдүн министрлигим боюнча айтып жатам.

“Азаттык”: Рахмат, ишиңизге ийгилик.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG