Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

Жазгы табигый кырсыктар, аларды алдын алуу чаралары тууралуу Чукул кырдаалдар министри Болотбек Борбиев “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык”: Ат-Башыда кар ээрип, айыл чекесиндеги сайларда, арыктарда суу көбөйүп 160тай үйдү каптап кетиптир. Айыл башчылары Чукул кырдаалдар министрлиги эч кандай чара көрбөгөнүн айтууда. Сиз бул кырдаалды билсеңиз керек, кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатат?

Борбиев: Биз албетте бул кырдаалды билебиз. 27-март күнү, кечке маал күндүн жылышына жана жаан-чачынга байланыштуу тоолордун этегиндеги карлар ээрип, сел агымдары пайда болуп, суу канал арыктарына батпай тоо этегинде жайгашкан Ак-Муз жана Ак-Моюн айылдарын суу каптаган.

Райондук комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыганда Ак-Муз айылында 111 турак-жайды, Ак-Моюн айылында 158 үйдүн короо-жайларын суу каптап кеткен. Ошол эле күнү тиешелүү адистер кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзгөн.

29-мартта кечинде бул боюнча отчет болду. Отуз адамдан турган ыктыярдуу топтун күчү менен 80 метр аралыктагы арык тазаланып суунун негизги нугун буруп, суу каптоо токтоду.

Бүгүнкү күндө менин орун басарым Боронов Нарын облусунда жүрөт. Суу каптоонун кесепеттерин биздин тиешелүү департаменттин өкүлдөрү иликтеп эсептеп чыгышат. Анан тиешелүү чара көрүлөт жана азыр да көрүлүп жатат.

“Азаттык”:
Жалал-Абаддагы Ноокен районуна караштуу Кара-Үңкүр дарыясында суу ташкындап тосмону алып кеткен экен. Эми жаздын келиши менен ушундай окуялар боло берет эмеспи. Сиз өлкөдөгү жалпы абалды сүрөттөп айтып бересизби? Сел жүрүшү, суу капташы мүмкүн деп белгиленген канча кооптуу жер бар?

Борбиев: Мен оболу сизге жалпы абалды айтып коеюн. Бизде 14 минден ашык кооптуу деген жерлер бар. Өлкөбүздүн аймагынын бир чарчы метр жерине 7ден өзгөчө кырдаал туура келет. Ошол 14 миңден ашык жердеги абалдын баарын алдын алыш керек. Ал эми бүгүнкү биздин бюджетибиздин акыбалында бизде тез чараларды көрүүгө 179 объекттерде гана иш жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Бул жылга 485 кооптуу участокто иш жүргүзүүнү пландаштырганбыз. Биздин тез чара көрүүчү объекттерде азыр иш жүрүп жатат. Мындан башка 78 авариялык калыбына келтирүү жана капиталдык курулуш иштери пландаштырылып, иштер жүрүп жатат. Мына көрдүңүзбү, канча жерде кооптуу абалды алдын алышыбыз керек. Буга бюджеттин алы келбейт.

Ошого карабай былтыркы жылдын этегинде ушундай объекттерде мониторинг жасалып, алардын приоритеттери такталып кайсы жер эң кооптуу, кайсы жеринен башташыбыз керектигин аныктап, иштер жүрүп жатат.

Сиз айткан Кара-Үңкүр сайда мен өзүм да болуп келгем. Ал жерде сайдын эки жагынан тең Өзбекстандын чек арасына чейин 4 километрден ашык дамба салынышы керек. Сайдын бир жагындагы эле дамбанын баасы 90 миллион сомдон ашып кетип атат. Мурдагы, союздун тушунда курулган дамбанын баш жагы сууга желген экен, аны да тиешелүү техника менен адистер чыгып, азыр кооптуу абал жоюлуп, суунун нугу бери жакка салынды.

“Азаттык”: Сиз бардык аймактарды кыдырып келген экенсиз. Кандай орчундуу проблемалар бар экен?

Борбиев:
Мен бир аз мурда канча кооптуу абал бар экенин айтпадымбы, ошолордун дээрлик 30 пайыздан ашыгы суу ташкындар, сел болуп эсептелинет.

Мына азыр жаз келип, кар ээрип, жамгыр башталганда ушундай суу каптоолор эң кооптуу маселе болуп жатат. Ошон үчүн ар бир объектке барып өз көзүм менен көрүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, губернатор, акимдер менен ошол жерлерге барып, маселе менен жеринен таанышып, приоритеттерин, эң көйгөйлүүсүн тактап, бөлүнгөн каражатты биринчи кезекте ошол жакка жумшап жатабыз.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG