Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Баткендеги иш сапары маалында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Баткенде былтыркы селден жана жер титирөөдөн жабыркаган айрым социалдык объекттер бүтпөй калган эле. Сиз ал жактардан кабар алдыңызбы?

Кубатбек Боронов: Сөзсүз. Биз эки программа менен кыдырып жатабыз. Азыр Айдаркенге келдик. Кечээ Лейлек району, Сүлүктү шаарын кыдырып чыктык. Ал жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүкчөлөрү менен тааныштык.

Экинчи маселе ошол былтыркы болуп өткөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышуу эсептелет.

Кыштын күнү бүтпөй токтоп калган жумуштар менен, дегеле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмес, башка мекемелердин да бул жааттагы иштери менен таанышуу үчүн келдик. Маселелер бар экен. Анын баарын тактап, кудай буйруса ошол иштерди аягына чыгаруу боюнча аракет көрөбүз.

“Азаттык”: Аймактагы куткаруу топтору, өрт коопсуздугу агенттигинин ишинен кабар алдыңызбы? Алардын шаймандары шай бекен?

Кубатбек Боронов: Бардыгы толук, жыргап кеттик дегенден алысмын. Албетте жетишпегендиктер бар. Техникалык жактан жабдуу боюнча кемчиликтер бар. Эскилиги жеткен техниканы жаңылоо керек.

Азыр өрт коопсуздугу боюнча кызматтын куткаруу тобу менен таанышып, областты кыдырып жатабыз. Тоо-кен шахталарындагы куткаруу кызматынын абалы менен таанышып жатабыз. Кадамжайдагы шахтага да барабыз.
Жаз келсе, күн тез ысып кетиши мүмкүн. Ошол убакта сел коркунучу жогорулайт.

“Азаттык”: Сиз ушул жолугушууларда кырсык болгондон кийин анын кесепети менен күрөшүп тим болбостон, кырсыкты алдын алуу боюнча аракеттер жасалышы керек деп белгилепсиз. Мисалы, бул жаатта эмнелерге көңүл бурулушу керек? Айрым учурларда сел жүргөндө, же дагы башка кырсыктар болгондо, айыл тургундары арыгын тазалабай койгондон, же дагы башка алдын алуу чараларын көрбөй койгондон улам болот дешет.

Кубатбек Боронов: Негизинен элдин шалаакылыгынан чыккан сел кырсыктары бар. Арык тазаланбай калат, же болбосо аккан суулардын жолу тосулбай калат. Алдын алуу чаралары боюнча биз техникаларыбызды кооптуу деген жерлерге жакындатып коюу жагын ойлонуп жатабыз. Мисалы, Лейлекте сел жүрүп кетсе, Баткенден техниканы алып баруу үчүн убакыт кетет. Ошон үчүн техникаларыбызды топтоп, убакытты үнөмдөп алып баруу жагын карап жатабыз.

“Азаттык”: Жалпы Кыргызстан боюнча кырдаалды айтып бересизби? Адатта жаздын келиши менен ар кандай табигый кырсыктар башталат эмеспи.

Кубатбек Боронов: Быйылкы кыш катаал болду. Былтыркыга салыштырмалуу кар көбүрөөк жаады. Жаз эрте келет деген да божомол бар. Жаз келсе, күн тез ысып кетиши мүмкүн. Ошол убакта сел коркунучу жогорулайт. Аларды алдын алуу үчүн биз Кыргызстан боюнча кырсыктарды алдын алуу пландарын даярдап жатабыз.

“Азаттык”: Кыргызстандын аймагында жер көчкү жүрчү бир топ опурталдуу аймактар бар экени маалым. Ошол аймактардагы тургундар көчүрүлүшү керек деп айтылат. Мындай иштер улантылабы?

Кубатбек Боронов: Кыргызстанда 300дөн ашуун кооптуу, жер көчкү жүрүп кетиши мүмкүн деген жер бар. Бизде мониторинг департаментинин адистери көзөмөл жүргүзүп турат. Ал жерлерге приборлорун коюшуп, ар дайым байкап турушат. Бирок ал жерде жашаган элдин баарын көчүрүүгө каражат талап кылынат. Алардын баарын көчүрүүгө бизде мүмкүнчүлүк жок.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG