Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Кыргызстан боюнча жер көчкү жүрүшү ыктымал деген аймактардан баш-аягы 3,5 миңден ашуун адам коопсуз жерге көчүрүлүшү керек.

Алардын айрымдарына мамлекет ссуда бере албай жатат. Бирок убагында өкмөттөн акча алганы менен коопсуз жайга турак которууга ынабай жүргөндөр да бар .

Кара-Кулжа районундагы Буйга айылында соңку жер көчкү 1994-жылы жүргөн. Аталган айылдын Майрам аттуу тургуну өкмөт көчүрүү керек деген чечим чыгарганы менен эл мал-жанга, үлүш жерине карап көчпөй жатканын айтып берди:

- Азыр 200дөй түтүн бар. Көчөбүз деп, бирок калып калганбыз. Бир туугандарыбыз көчүп кеткен. Азыр көчкү коркунучу бар жерде жашайбыз. Бул жер мал-жанга ыңгайлуу, ошон үчүн эле кетпей жатабыз. Ссуда берип, көчкүлө деп айткан. Бала-чакасын коопсуз жерге чыгарып, улгайып калгандар ошол жерде эле калып калганбыз.

Кара - Кулжада жалпысынан жер көчүшү ыктымал деген 70тен ашык жер бар. Район акими Каныбек Алиясовдун маалымдашынча, мындай опурталдуу аймакта жашагандардын теңинен көбү коопсуз жайга отурукташып калды. Калгандарын каражат, жер маселесинин айынан көчүрүү кыйын болуп жатат дейт аким:

- Негизи кооптуу жерде турган миңден ашык үй бар болчу. Анын ичинен 655и көчүрүлгөн. Азыр эми 560тан ашык үй калды. Жер берилбегендиктен көпчүлүгү коопсуз жакка чыгып кете элек. Анан калса баары тең ссуда менен камсыз болгон жок.

Жер көчкү жүрүшү ыктымал деген аймактардын басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жайгашкан. Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри Абдузакир Ибрагимов шаардагы соңку жагдайды айтып берди. Ага ылайык, ар кандай себеп менен жайыт которо элек 40ка чукул үй калды:

- Кооптуу 72 точка бар. Биз такай кыдырып, текшерип турабыз. 1991-жылдан бери бир топ үй-бүлө көчүрүлдү. Мисалы, 1993-жылы 272 үй көчүрүлгөн. Алардын баарына жер берилген. Чүйгө, Бишкекке көчүп кеткендер да болду.

Жалал-Абаддын Сузак районунда алты адамдын өмүрүн алган табигый кырсык жер көчкүгө байланыштуу маселелерди кайра көтөрдү. Чукул кырдаалдар министри Кубатбек Боронов “Азаттыктагы” маегинде жарандарды кооптуу жайга көчүрүү кыйын болуп жатканына токтолду:

- Көчкү салаңдап, өтө коркунучтуу жерде жашап аткандарга барып, араңдан зорго макул кылган учурлар бар. Көгөрүп, “өлсөм эч кимге доом жок, көчпөйм” деп кагаз жазып бергендер да чыгат кээде. Эми аларды да түшүнсө болот. Мисалы, тоодо мал менен жан багышат да. Анан аларга түздөн жер берилгенде турак жайына жери чечилет да, жайыт маселеси чечилбей калат. Ушундай маселелер көп.

Табигый кырсыктан жабыркаган, же жабыркашы ыктымал деп көчүрүлсүн дегендерге ссуда маселесин Жарандык турак-жай департаменти чечет. Департаменттин өкүлү Жанарбек Абдылдабеков табигый кырсыктар көбөйгөндүктөн жана өкмөттүн акчасы чектелүү болгондуктан муктаж болгондордун баарына каралаша албай жатышканын тастыктады:

- Соңку күндөрү табигый кырсыктарга байланыштуу чыгым көбөйдү. Анын баарын жапканга өкмөт жетише албай жатат. Мына ушул жылдын башында эле 7 316 адам материалдык жардам менен камсыз боло элек деп жатканбыз. Быйыл эле аларга 1124 адам кошулду.

Кыргызстан боюнча жер көчкү жүрүшү ыктымал миңге жакын аймак бар. Адам өмүрү кыйылган жер көчкүлөр буга чейин да катталган эле. 2011-жылы Жалал-Абаддагы Чычкан капчыгайында жер көчүп, тамактануучу жайда иштеген бир адамды басып калган. Аксы районундагы Райкомол айылында 2009-жылы жер көчкү 16 адамдын өмүрүн алып кеткен.

XS
SM
MD
LG