Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Кыргызстанда 14 миң кооптуу жер бар


Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондору менен Нарындын Кочкор райондорунда суу каптоо болуп, сел жүрдү. Табигый кырсык келтирген чыгым жарым миллион сомго чукул деп бааланууда.

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов “Азаттыкка” курган маегинде кырсыктын кесепеттери жана аны жоюу боюнча жасалып жатканын иштерге токтолду:

К. Боронов: Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматынын эсебинде - Кочкор районунда 28 миллион сомдун тегерегинде материалдык чыгым болду деп эсептелүүдө. Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети- Өгүз райондору 20 миллион сомдон ашуун материалдык чыгым тартты. Барскоон-Кумтөр унаа жолундагы үч көпүрөнү, Тосордогу 1200 метр жолду, андан сырткары жайлоого барчу жолдогу көпүрөнү сел алып кетти. Кызыл-Суу өзөнүндө суу нугунан ашып, үч көпүрөнү керектен чыгарды. Буларды кайра калыбына келтирүү оңойго турбайт, каражат таап, мээнет кылуу керек. Эң опурталдуу кырдаал - 14-августта Тоң районунун Жер-Үй айылында түзүлдү. Мөңгүлөрдүн тез эрип кеткенине байланыштуу айылдын жогору жагында жайгашкан Четинди- Жер-Үй тоосундагы көл толуп, жырылып кеткен. Андан чыккан суу айылдагы беш жүздөй адамдын сөөгү коюлган мүрзөнү каптаган. Азыр эле жерде үч-төрт эле бейит турат, калганы сел алдында калган.

"Азаттык": Кубат мырза, так маалыматтарыңыз үчүн рахмат! Сиз жетектеген Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык болгондон кийин анын кесепеттерин эсептеп-тактап, маалымат берген мекеме катары эле сезилбейби?

К. Боронов: Жок, мындай ойго таптакыр каршымын. Фактыны айта турган болсок, ошол күндөрү иш сапар менен Ысык-Көл облусунда жүргөм. 15-августта Тоңдун Жер-Үй айылындагы жагдайды көрүп, маселени жеринен чечтик. Бүгүнкү күндө бир трактор менен бир бульдозер иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн жерде эки этапта иштер жүргүзүлөт: биринчиси - куткаруу иштери же ликвидациялык этап, экинчиси - кайра калыбына келтирүү. Жарандык коргонуу мыйзамына ылайык, ар бир мамлекеттик орган же жеке менчик өз түзүмүнө карабастан өз карамагындагы жерин, тургундарын, мүлкүн өзгөчө кырдаалдан сактоого милдеттүү. Мисалы, транспорт министрлигинин карамагындагы жол селден бузулса, куткаруудан тарта калыбына келтирүү иштерине чейинки милдет ошол мекемеге жүктөлөт.

"Азаттык": Жогоруда өзгөчө кырдаал түзүлгөн Тоң, Жети-Өгүз жана Кочкор райондорунда кырсыктын алдын алуу чаралары көрүлдү беле?

К. Боронов: Албетте. Биздин министрлик атайын Мониторинг департаментинин сунушу боюнча, жыл аягында келерки жылы аткарыла турган иштерди пландаштырат. Маселен, быйылкы жылы өлкө боюнча 185 жайда превентивдүү иш-чараларды көрүүнү пландаганбыз. Учурда ал план боюнча иш жүрүп жатат. Андан сырткары дагы 52 жайда ушул максаттагы иштер аткарылды. Ага кошумча күтүлбөгөн кырсыкка кабылган жерлерди кошо киргизип, иштөөгө туура келет. Мындан сырткары 62 жерде капиталдык оңдоп-түзөө иштерди: дамбаларды куруу, суу жээктерин бекемдөө боюнча иштер аткарылууда. Быйыл "кооптуу" деп табылган 47 объектини дагы капиталдык ремонтту талап кылган жайлардын катарына киргизгенбиз. Ошону менен жыл ичинде тез арада аткарылчу жумуштар 237 жайда, капиталдык жумуштар болсо 115 объектиде жүрүүдө.

"Азаттык": Сиздин министрликтин бул жаатта аткарган иштери эффективдүү деп жетекчи катары ишенимдүү айта аласызбы?

К. Боронов: Биз аткарган иштин натыйжасында кээ бир жерлерде кырсык болгон жок деп ишенимдүү айта алам. Бул жогоруда мен айткан 352 жерде болжолдонгон кырсыктардын алдын алдык дегенди түшүндүрөт. Кыргызстан боюнча ушундай кооптуу деген жерлердин баарында атайын иштерди жасап койсок, албетте жакшы болмок. Биздин Мониторинг департаментинин эсеби боюнча өлкөдө 14 миңден ашуун кооптуу жайлар бар. Алардын баарында алдын алуу иштерин жасоого бир жылга 16 миллиард сом каражат керек. Быйылкы жылы ушул максаттагы иштерди аткарууга 382 миллион акча бөлүнгөн.

"Азаттык": Сиз жетектеген министрликтин дагы бир өзгөчө функциясы – куткаруу иштери. Кырсык болгон жерден кабар келгенден кийин канча убакытта атайын топ жетип, куткаруу иштерин жүргүзөт?

К. Боронов: Азыр бул багытта толугу менен канааттандырарлык иш жок. Биз республиканын бардык аймагын куткаруу кызматтары менен камсыздай алган эмеспиз. Өлкө боюнча 11 куткаруу кызматы иштейт. Алардын экөө Бишкек жана Ош шаарларында. Өзүңүз эсептеп көрсөңүз, Ысык Көл облусунда Караколдо гана куткаруу кызматы бар. Эгерде Чолпон-Атада же Ананьеводо өзгөчө кырдаал түзүлсө топ бир жарым-эки саатта гана жетет. Албетте, анан куткаруу кызматынын дарегине сындар айтылат.

"Азаттык": Мисалы, министрликте канча тик учак бар? Автоунаа барбаган жерде кырсык болсо дароо жетүүгө канча тик учак даяр турат?

К. Боронов: Бир тик учак бар, ал бюджеттен каржыланбайт. Ал дагы авиация департаментинин карамагында турат. Тик учакты каржылоо, техникалык жактан тейлөө, учкучтардын айлыгы - тик учак тапкан каражаттын эсебинен жабылат. Тик учакты кармоо бюджетке киргизилген эмес, башынан эле ошондой. Андыктан тик учактын дагы эффективдүү иштеши бир топ оор.

"Азаттык": Табигый кырсык болгон жерде жабыркагандар бардык доо-арызын, чыгымын өкмөткө, биринчи кезекти сиздердин министрликке артат. Ошол эле кезде тургундар мал-мүлкүн, там-ташын камсыздандырып койгон система бар. Камсыздандыруу системасы, жарандардын кырсыктан кантип сактануу боюнча аң-сезими кандай?

К. Боронов: Тилекке каршы бул Кыргызстанда өтө төмөн деңгээлде. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги колунда болгон бардык каражаттары аркылуу элге маалымат жеткирүүнүн аракетин көрөт. Үч-беш күн, жок дегенде эки күн мурун шашылыш билдирүү таратабыз. Эл аны элебейт, көңүлүнө албайт. Ошол эле Нарында жазында калың кар түшкөндө алдын ала маалымат бергенбиз, аны тастыктаган атайын документтер бар. Азыр мобилдик байланыш операторлору менен тыгыз иштешип жатабыз. Мобилдик телефондор аркылуу СМС кабарларды беребиз, аны деле карапайым эл жөн эле окуп, бул мага тийбейт дегендей мамиле жасап коёт.

"Азаттык": Кубат мырза, кооптуу жерлердин атайын картасы болот. Маселен, чет өлкөлөрдө түрдүү форматта кеңири таркатылат. Кыргызстанда дагы кооптуу жерлерге чукул айыл-кыштактарга, интернетке ушундай карталарды жайгаштырып койсо болобу?

К. Боронов: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин интернет сайтында андай карта бар. Биз өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн катарындабыз. Андыктан бардык нерсе барып туруп каражатка такалат. Ал эми биздин мониторинг департаменти жыл сайын атайын чоң томдук китеп чыгарып турат. Ал китепте жогоруда мен айткан өлкө боюнча 14 миң кооптуу участок көрсөтүлгөн. Бул китеп президенттен тарта, Жогорку Кеңештин төрагасы, андагы фракция башчыларына, өкмөттөгү тиешелүү министрлерге да таркатылат. Бул китептен башка жети облус менен ар бир райондун аймагындагы кооптуу жайлардын толук маалыматы камтылган китептер да даярдалат. Ар бир облус, район жетекчилеринин колунда ошол китеп бар. Облус менен райондун жетекчиси ошол административдик аймактагы жарандык коргонуунун башчысы болуп эсептелет.


  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG