Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Энергетика министрлиги кайра түзүлөбү?


Парламентте айрым депутаттар энергетика тармагындагы саясат чаржайыт жүрүп жатканын билдирип чыгышты.

Алар бир жыл мурун түзүлгөн Энергохолдингдин эффективдүүлүгү байкалбай жатканын айтып, кайрадан Энергетика министрлигин калыбына келтирүү боюнча өкмөткө сунуш даярдап жатат.

Бирок өкмөт Энергохолдингди жоюп, Энергетика министрлигин кайра түзүүгө макул эместей. Анткени Жогору Кеңештеги көпчүлүк коалиция тарап, кайра куралган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште бүгүн ант беришти. Он эки министрликтин алтоо, төрт вице-премьерлик кызматтын биринде жетекчилик алмашты. Бирок Энергетика министрлигин кайра түзүү тууралуу өкмөттө азырынча сөз жок.

Кыргызстанда былтыр түзүлгөн Энергохолдингден тышкары бул тармакты Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитети да көзөмөлдөйт. ​

Депутаттардын демилгеси

Парламенттеги Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети 15-ноябрда Энергохолдингдин тогуз айлык ишинин жыйынтыгы тууралуу отчетун укмак. Депутат Жыргалбек Турсункуловдун айтымында, холдингдин жетекчиси алып келген отчетто тийиштүү маалымат болбогон үчүн комитет аны карабай койду.

- Ал отчеттордо такыр эле маалымат жок экен. Слайд түрүндө жасап келген экен. Ал жерде такыр эле деталдуу маалымат жок. Жалпыланган эле нерсе болуп калган. Ошондуктан биз комитеттен чечим кабыл алып, бул отчетуңду карабайбыз, маалыматы жок деп жөнөттүк өзүн.

Жыл башында жаңы түзүлгөн Энергохолдингдин ишине карата сындар бир топтон бери эле айтылып келе жаткан. Бул тармактагы структуралык өзгөртүүлөрдөн улам чачкын саясат жүрүп жатат деген айрым эл өкүлдөрү мурдагы Энергетика министрлигин кайра калыбына келтирүү демилгесин эми дагы көтөрө баштады. Депутат Алтынай Өмүрбекова жакында өкмөткө атайын сунуш жолдоого белсенип жатканын билдирди.

- Энергохолдинг түзүлгөндөн баштап электр жоготуулары азаят дешти. Бирок жоготууларды министрлик кезинде деле азайтса болмок. Анан акылдуу эсептегичтерди коюп жатабыз дешет, аны мурда деле коюп келишкен. Биз 25 жылдын ичинде канча деген кредиттерди көбүнчө ушул энерготармакка алыптырбыз. Же жанагы комитетине кайрыларыңды билбейсиң, алар кайсы маселени чечет? Өтө мындай чоң, бир түшүнүксүз структура болуп жатат азыр. Мен азыр мурдагы Энергетика министрлигин кабылына келтирүүнү өкмөткө сунуштайм.

Калиевдин жообу

Айбек Калиев өкмөттүн структурасы бекитилгенден кийин бул маселени көтөрүп чыгуу кызыкчылыгын көрбөй тургандыгын белгилейт. Ал Энергохолдингдин карамагына кире турган компаниялардын акциялары кечигип жатып, эми гана октябрь айынан тарта өтө баштаганын, толук кандуу иш декабрь айынан башталат деп үмүт кылып турганын билдирди.

- Буга чейин канча кармалып, документтер даярдалып келди. Анан мына 6-октябрда кол коюлду. Мына эми декабрь айында биз кезексиз директорлор кеңешин, акционерлердин жалпы жыйындарын өткөрөбүз. Эң негизгиси биз бүгүнкү күндө беш жарым миллион сом дефицитти азайттык, жоготууларды кыскарттык, акылдуу эсептегичтерди коюп жатабыз. Процесстерди оптимизация кылдык.

Айбек Калиев.
Айбек Калиев.

Мындан тышкары ал айрым депутаттардын сын пикирлеринин артында жеке кызыкчылыктар дагы роль ойноп жатканын кыйытты.

- Башка депутаттар менен эч кандай чатагым жок. Эми кээ бир маселелер бар, айрым депутаттар жеке мүнөздөгү нерселерге өтүп кетет. Кадр маселеси деген бар. Ошолор чечилбесе, трибунадан айтып жатат. Эми тигини тияка коюш керек, тигини жумуштан албаш керек деген нааразычылыктар бар. Болгон нерсени айтып жатам.

Депутат Алтынай Өмүрбекова азыркы жаңы түзүмдүн жетекчилери айтып жаткан иштер мурда министрлик бар кезде деле жасалып келгенин эскертип, Энергохолдинг түзүлгөнү эмне өзгөргөнүн аныктоо маанилүү деп эсептейт.

- Ар бир цифраны далилдеш керек. Чын эле Калиев иштеп ушуга жеттикпи же мурун деле ушундай беле дегендей. Ага кичине убакыт керек. Мен негизи Калиевди тааныбайм деле. Бирок кээ бирөөлөр аны жаш, таза, мыкты профессионал деп жатат. Анан мен ошондуктан айтып жатам, ушунчалык эле мыкты болсо дагы бир жооптуу кызматка коелу, анан мыктылыгын көрсөтсүн. Бирок азыр Энергохолдинг боюнча абдан сонун болду деп эч ким деле айта албайт.

Алтынай Өмүрбекова
Алтынай Өмүрбекова

Энергетик адис Калый Рахимов учурунда энерготармактагы ирилештирүү жараянын колдогондордун бири. Ал бүгүнкү күндө жаңы түзүмдөрдүн максат - милдеттери, ким эмне менен алектенээри, кызматтык жоболору аныкталбай жатканынан улам иш жылбай тургандыгын белгилейт.

- Ар бири эмне иш кылышы керектигин бөлүштүрүп жазып бериш керек да. Анан кимиси эмне иштээрин билбей эле, эки бийлик болуп түшүнүксүз болуп жатат. Өкмөт дагы жаңы болуп чолосу тийбей жатат. Окумуштууларды чогултуп, комиссия түзүп, тапшырып койсо, баары менен кеңешип туруп жазып берет элек. Ошол иштер жок болуп жатат. Улам которулуп, алмашып эле. Өздөштүрүп, түшүнүп, ирээтке келгиче эле баары алмашып кетип жатпайбы.

Жыл башында түзүлгөн Энергохолдингге электр энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү жана жеткирүү менен алектенген жети ишкана бириктирилип, башкаруу бир колго өтмөк. Бирок талдоочулар иш жүзүндө мындай бирдиктүү системаны көрө албай жатканын айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG