Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

КТРКнын жаӊы Байкоочу кеӊешинин мүчөлөрү тандалат


КТРКнын башкы имараты
КТРКнын башкы имараты

Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин 27-мартта боло турган жыйынында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү маселе каралат. Бул тууралуу маалымат парламенттин расмий сайтында жазылды.

КТРКнын учурдагы байкоочу кеӊешинин курамы 2012-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан бекиген. Мыйзамга ылайык, байкоочу кеӊештин жаӊы курамына талапкерлерди көрсөтүү, учурдагы кеңештин ыйгарым укуктары бүтөрүнө үч ай калганда Жогорку Кеӊеш тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

КТРКнын Байкоочу кеӊеши 15 мүчөдөн туруп, беш жылга шайланат. Талапкерлерди президент, Жогорку Кеӊеш жана жарандык коом сунуштоого укуктуу. (SDz)

XS
SM
MD
LG