Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Токтогулдагы кырдаал ГЭСтерди жаңылоо зарылдыгын көрсөттү


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

2-январда Токтогул ГЭСине барган өкмөт мүчөлөрү калк электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынарын, учурда жетиштүү резервдер бар деп убада кылды.

Токтогул ГЭСиндеги абал менен таанышууга барган премьер-министр Темир Сариев ал жердеги оңдоо иштерин сапаттуу жана тез арада бүткɵрүүнү тапшырды. Жарактан чыккан жабдыктарды алмаштыруу ишин тездетип, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу өкмɵттүн негизги милдети экенин белгиледи.

- Токтогул ГЭСиндеги жабдыктардын иштен чыгышы биз үчүн абдан чоң коңгуроо. Себеби, энергетика системасындагы жабдыктар учурунда алмаштырылбай калган. Ошондуктан, биз ГЭСтерди реконструкциялоону тездетүүбүз зарыл экенин кɵрсɵтүүдɵ. Бул жаатта өкмɵт ɵз ишин күчɵтɵт жана энергетиктерге дал ушундай тапшырма коюлат, – деди Темир Сариев.

28-декабрь күнү ГЭСтеги кабелдерде май тамганына байланыштуу эки генератор өчүрүлгөн. Мындан улам электр энергиясына чектөө киргизилген. Бирок Нарын дарыясынын боюндагы кичи ГЭСтерди ишке киргизүү менен ал чектөө алып салынган.

Өлкөнүн энергетиктери буга чейин Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жетиштүү болгондуктан тыштан электр жарыгы сатып алынбасын айтышкан. Бирок түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 30-декабрда Бишкекте энергетиктердин жыйыны өтүп, премьер-министр Сариев элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, энергетиктерге бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү табыштаган. Андан сырткары электрди импорттоо боюнча коңшу өлкөлөрдөн 6 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалым болгон.

2-январда Токтогулга барган премьер-министрдин кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев калк электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынарын, учурда жетиштүү резервдер бар экенин убада кылды.

- Калкты электр энергия менен толук кандуу камсыз кылууга резервдер бар. Бирок учурдагы энергетикалык коопсуздукту күчɵтүү үчүн электр энергиясын импорттоо боюнча Казакстан менен сүйлɵшүүлɵр жүргүзүлүп, Экибастуз ГРЭСи менен алдын ала келишимге коюлду.

Кубанычбек Турдубаев учурда жарактан чыккан Токтогул ГЭСинин экинчи трансформаторунун шакекче кабелинин тетигин (муфтасын) оңдоо боюнча иштер толук кандуу жүрүп жатканын да билдирди:

- Жыйырмадан ашык адис эки кезмет менен 24 саат бою иштеп жатат. Алардын арасында орусиялык адистер да бар. Жабдыкты алмаштыруу 15-январга чейин бүтɵт. Ал эми 28-декабрда иштен чыккан Токтогул ГЭСинин 500 киловаттык кабелин алмаштырууга эки айлык мɵɵнɵт болжолдонууда. Учурда керектүү жабдыктар, адистер жетиштүү.

Энергетика тармагына эмгек сиңирген ишмер Райымбек Мамыровдун айтымында, учурда Токтогул эле эмес башка ГЭСтерде да жабдыктар эскирген. Ал өкмөт бул жаатта эрте аракет кылбаса, энергосистемада абал өтө оор экенин айтат:

- ГЭСтер өткөн кылымдын 70-жылдары ишке берилген, андан бери кырк жылдан ашуун убакыт өттү. Айрым тетиктер эскирди, кабелдик зымдарды эбак алмаштыруу керек эле. Буга чейин канча какшадык, көңүл бурушпай койгон. Эми минтип кыш келгенде керектен чыгып отурат. Буга тез арада ыкчам аракет көрүлүшү керек. Болбосо энергосистемада абал өтө оор.

Кыргызстандагы ГЭСтердин техникалык базасын жаңыртуу иштери 2017-жылга пландалган. Көпчүлүк тетиктер менен кабелдер мурда жерлерде чыкпай калгандыктан ГЭСтерди жаңылоону Түштүк Корея менен жүргүзүү макулдашылган. Ошондой эле Евразия жана Азия өнүктүрүү банктары менен насыя алуу сүйлөшүлгөн, каражаттын 40% гранттык негизде берилмекчи.

XS
SM
MD
LG