Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

Карызы бардын жарыгын өчүрүшөт


"Түндүкэлектрдин" маалыматы боюнча, бул үйдө ЖКнын депутаты Олег Домшенко жашайт.
"Түндүкэлектрдин" маалыматы боюнча, бул үйдө ЖКнын депутаты Олег Домшенко жашайт.

Электр ишканалары журналисттердин коштоосунда карызы көп, эл ичинде хансарай атка конгон үйлөрдү электр жабдуусунан ажыратып жатат. Бул жолу эки жылдан бери жарык үчүн төлөбөй, карызы 100 миң сомдон ашкан үйгө барышкан.

Эркиндик булварындагы 229-үйдүн электр эсептегичин энергетиктер акыркы жолу 2011-жылы жайында эскисин жаңыга ооштурган кезде көрүшкөн экен.

“Түндүкэлектр” ишканасынын Свердлов району боюнча бөлүм башчысы Тынар Жусумалиевдин айтымында, ошондон бери ишкананын кызматкерлери эсептегичти көргөн да жок, кожоюндар канча жакканы тууралуу маалымат да бербей келатышат. Короосуна да киргизишпейт экен.

- Бул 229-үйгө квитанция Яицкая деген фамилия менен келет. 2012-жылдын август айынан баштап мунун 147 миң сом карызы бар.

Баянды толугу менен бул жерден угуңуз:



Эсептегичтин даана көрсөткүчтөрү жок болгондуктан, бул санды энергетиктер компьютер аркылуу орточо эсеп менен чыгарып беришет экен. Буга чейин короого киргизбей коюшкандыктан, мыйзамга ылайык, эскертүү кагазын таштап кетишкен. Бүгүн болсо дагы бир жолу барышты. Киргизишсе, эсептегичтеги сандарды жазып кетишет. Киргизбей коюшса, чогуу барган монтерлор үйгө кирген электр зымын карагайдан ажыратышат.

Тынар Жусумалиев: Азыр алар эшикти ачпай жатышат.

Домофондон аялдын үнү: Эмнеге кайра-кайра чалып атасыңар? Эшикти азыр ачат.

Дарбазаны ачкан киши видеокамераларды көргөндө эле каалганы жапканча шашты. Кайра чалган учурда домофондон сүйлөгөн айым текшерүүчүлөргө мындай салам дубайын жолдоду:

- Анда эмне үчүн силер видеокамераларыңар менен келдиңер? Болду, жакшы баргыла.

Майнап чыкпагандан кийин “Түндүкэлектрдин” Свердлов району боюнча бөлүм башчысы Тынар Жусумалиев уруксат кагазын көрсөтүп, монтерлорго электр жарыктан ажыратууга буйрук берди.

Ушул үй караган 24-тилкенин текшерүүчүсү Улан Жабуевдин айтымында, башка үйлөрдүн ээлери өз убагы менен төлөп, же көп болсо акчасын бир-эки айга кармаса, Эркиндик-229 көйгөйлүү үй болуп саналат.

- Ушул үйдү акыркы айларда биз биринчи жолу өчүрүп атабыз. Башкалар болсо бир-эки айдан кийин төлөп атышат. Булар кагазын, электр эсептегичин көрсөтсүн, биз реалдуу көрсөткүчтөрүн алабыз, суммасын чыгарып беребиз, ошону төлөп коюшсун. Негизи буга чейин деле буларды өчүрүп жүргөнбүз.

Электриктердин сөзүнө караганда, бул заңгыраган эки кабаттуу үйдө кайсы бир күркүл жашайт. Маңдайкы үйдө турган Игорь Безяев:

- Карызың бар болсо, аны төлөш керек. Энерго каатчылык ошол үчүн болуп атат да.

Энергетиктер Эркиндик, 229 жарыктан ажыратып кеткенден кийин макала даярдалып жатканда үйдүн кожоюндары карызын толугу менен төлөгөнүн “Түндүкэлектрдин” директорлор кеңешинин мүчөсү Сапарбек Аргынбаев билдирди.

- Силер болуп барганда ачпай койгон. Андан кийин Жогорку Кеңештеги отун-энергетика комитетинин төрага орун басары, депутат Олег Домшенконун жардамчылары чалып, "азыр барабыз, эшикти ачасыңар, анан көрөсүңөр" деп айтышыптыр. Анан биздин коммерциялык директорубуз текшерүүчүлөргө "кайра баргыла" десе, тигилер эшигин ачып беришиптир. Эсептегичинде 107 миң сомго киловатт-саат жагылыптыр. Анан эсеп жазылып берилип, чуркап барып төлөп коюшту.

Ишкана буга чейин да ири өлчөмдөгү карызы бар үйлөрдү кыдырып келген. Акыркы Малдыбаев көчөсүндө болгон рейдде КТРКнын кабарчылары токмоктолгон эле.

“Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз катчысы Гуля Мураталиеванын 2013-жылдын январ айына карата маалыматы боюнча, ишканага жарандар жалпы эсеп менен 179 миллион сом карыз.

Карызы барлардын үйүн кыдырып...
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00
XS
SM
MD
LG