Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев жаңы жылдык куттуктоосунда элден жарыкты ашыкча колдонбоону, үйдү көмүр менен жылытууну өтүндү.

Бирок көмүргө бай Кыргызстан өзүнө жетерлик көмүр казып албайт жана баасы да жогору.

Кыргызстандын Баткен облусунда да көмүр казылат. Бирок жергиликтүү тургундардын бири Максат Баймырзаев таш көмүрдүн баасы өлкө боюнча Баткенде эң кымбат экенин айтууда:

- Башка жактарга салыштырмалуу көмүр маселеси бизде өтө эле кыйын болуп жатат. Бир тоннасы он миң сомго жетти. Ошондуктан элдин көбү отун-тезек менен күн көрүүдө. Көмүр алганга баарынын эле акчасы жетпейт. Жаз келгиче бир топ эл отун-суудан жүдөйт. Өкмөт биринчи өзүнүн элин көмүр менен камсыз кылып, анан Тажикстанга чыгарганга уруксат берсе болмок. Биздеги баа ошолордун айынан көтөрүлүп жатат.

Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев жаңы жыл менен куттуктап жатып, элди көмүр жагууга чакырды. Электр энергиясын үнөмдөбөй пайдалануунун кесепети оор болоорун эскертти:

- Казакстанда “Алматы” батыш подстанциясы ишке киргенине байланыштуу Кыргызстанга келген электр энергиянын көлөмү азайды. Ошондон улам биз өзүбүздүн ички энергетикалык системаны оптималдаштырып, кыргызстандыктарды жарыксыз калтырбаганга аракет көрүп жатабыз. Бирок электр энергияны колдонуу кескин жогорулап баратат. Бул бизге бир топ коркунуч алып келиши мүмкүн. Мисалы, жалпы авариялык өчүрүүгө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан жарыкты үнөмдөп, ток менен иштеген ашыкча жабдууларды өчүрүп, жылыткычтарды азайтып, колдон келсе көмүргө өткүлө деп өтө суранам.

“Кыргыз көмүр” ишканасынын жетекчиси Нарынбек Сатыбалдиевдин билдиришинче, былтыр мурдагы жылкыга караганда көмүр арбын казылды. Соңку учурда көмүр жаккандар, ага муктаждык көбөйдү:

- Биз көмүргө байбыз. Бизде экономикалык-техникалык запас боюнча 1,3 миллиард тонна көмүр бар. Ал эми болжолдонгон запасы 6 миллиарддан ашат. Былтыр 11 айдын ичинде 1,2 миң тоннадан ашык көмүр казылып алынды. Эгер декабрь айын кошуп эсептесек, анда 1,5 миң тоннага чейин казылышы керек. Бул деген мурунку жылга караганда 200-300 тоннага көбүрөөк. Эл дагы кийинки жылдары көмүрдү көбүрөөк пайдалана баштады. Союз ыдыраган алгачкы жылдары көмүр өндүрүү кескин азайып, жылына 200 тоннадай гана көмүр казылып калган.

Сатыбалдиев көмүрдүн базар баасы өтө жогору экенин мойнуна алды. Ушул тушта ортомчуларды азайтуу, көмүрдүн наркын төмөндөтүү жолдору изделип жатканын маалымдады:

- Монополияга каршы мамлекеттик орган көмүр казылган кендерге бааны бекитип берет. Мисалы, Кара-Кечеде эл керектей турган көмүрдүн бир тоннасы 1,2 миң сомдой турат. Бирок Бишкекте көмүрдүн баасы мындан 3-4 эсе жогору. Ошондуктан биз бизнес план жаздык, эми ушул айда аны өкмөткө сунуштайбыз. Ошол жерде биз мамлекетке жардам бергиле, капиталдык кээ бир нерселерди сатып алалы деп атабыз. Мисалы, эмдиги жылы Кара-Кечеден 500 миң тонна көмүр казып алсак, ошону кардарларга түз жеткирип сатсак, көмүрдүн баасы 30-35 пайызга арзандайт. Эң негизгиси ортомчусу жок, биздин мамлекеттик мекеменин ичиндеги автоунаа ишканасын ачып, өзүбүз түз сатсак, көмүрдүн баасы кыйла арзандайт.

Кыргызстан жылына 2 миллион тоннадай көмүр керектейт. Өзү толук камсыздай албагандыктан, коңшу Казакстандан да сатып алат. Андан сырткары көмүр кендердин ишине кылмыш топтор аралашкан жагдайлар да бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG