Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

Кыргыз өкмөтү 1-октябрдан тарта жарым жылга электр энергиясын колдонууну 30 пайызга кыскартат.

Өкмөттүн мындай кадамы жылуулук үчүн электр кубатын берүүнү токтотуп, электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүшү мүмкүн дегенди билдирет. Мындан улам өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жарандарды кышка көмүрдү мол камдоого үндөдү.

5 айдан бери газ берилбей калган Ош шаарынын тургуну Келдибек Жарматов азыртадан эле жарык улам өчүп жатканда “кыштан кантип чыгабыз?” деп кабатырланып жаткан кези:

- Чектөө киргизебиз деп атышат. Бала-бакыра деген бар. Анын үстүнө газыбыз жок болуп жатса, билбейм, кышкысын кандай болот? Көмүр алгыла деп атышат, аны баасы азыртадан эле кымбаттап атат. Светке бир күн төлөбөй калсак, аны өчүрөбүз деп коркутушат. Эми акысын төлөп жаткан соң, жакшылап бериши керек болчу да.

Келдибек Жарматов сыяктуу көпчүлүктү санаага салган электр энергиясын чектөө тууралуу өкмөттүн чечимин премьер-министр Жоомарт Оторбаев шаршембидеги жыйында билдирди. Анын айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгынан улам быйыл өлкө боюнча 1-октябрдан 2015-жылдын 31-мартына чейин электр энергиясын колдонуу 30 пайызга азайтылмакчы:

- Биз мурдатан берилген лимитти кыскартабыз. Себеби, бизде кышкысын электр энергия жетпечүдөй болуп атат. Толугу менен альтернативдик булактарга өтүү керек. Биринчи орунда бул - көмүр. Кыргызстанга кудай берген көмүрдү пайдаланышыбыз керек.

Мындан улам өкмөт башчы жарандарды азыртадан кышка жакшылап даярданып, көмүрдү мол камдоого чакырууда. Бул боюнча Оторбаев жакынкы күндөрү элге атайын кайрылуу менен да чыкканы жатат.

Кыргыз өкмөтү жайдын ортосунан тарта эле быйыл кыш катаал болорун эскертип келет. Атүгүл премьер Оторбаев кышка даярдык өкмөттүн негизги милдети деп, бул багытта атайын программа иштеп чыкканын жарыялаган. Электр энергияны пайдаланууга чектөө киргизип, альтернативдүү жолдорду издөө да дал ушул программада көрсөтүлгөн чаралар болууда. Ал эми өкмөт киргизет деп жаткан 30 пайыздык лимит деген эмне? Энергетика министрлигинин электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Марат Чолпонкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, лимиттин алкагында алгач электр жарыгын жылуулукка колдонууга тыюу салуу каралууда:

- Алгач биз жылуулук үчүн электр энергиясын колдонууга тыюу салып жатабыз. Ал үчүн биздин жарандар аны үнөмдөп, үйлөрүн, ишканаларын жылуулап, көмүр болобу, мазут болобу башка булактарды табышы керек. Анан эгер бул чара да жардам бербей, биздин жарандар үнөмдөөгө көнүшпөсө, биз электр жабдыктарды сактап калуу үчүн айла жоктон өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Анткени, кайсы бир чекке жеткен соң жабдыктар автоматтык түрдө өзү эле өчө баштайт. Ошондуктан, калкты үнөмдүү пайдаланууга чакырып атабыз.

Чолпонкуловдун айтымында, быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу дээрлик 3 млрд. кубга аз. Сууну жетиштүү топтоо үчүн суу сактагычта электр энергиясын өндүрүү азайтылды. Анын ордуна Тажикстандан 500 миллион кВт. саат электр энергиясы сатып алынып жатат. Кышка жакын ушунча көлөмдөгү электр кубатын Казакстандан алуу да мерчемделүүдө.

Энергетика боюнча көз карандысыз эксперт Жаныбек Оморов да тармактагы абалдын өтө оор экенин белгилейт. Анын айтымында, өкмөт буга чейин тиешелүү чараларды көрбөй, ырааттуу саясат жок болгону үчүн азыркыдай абалга кептелди:

- Эми өкмөттүн кылып жатканы аргасыз иш да. Мындай кылбаса бардык жабдыктардан кол жууйт. Бирок мунун алдын-алууга болот эле. Бул тармактагы эксперттер канча жылдан бери эле энергетика тармагындагы башкарууну өзгөртүп, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү, энергияны үнөмдүү пайдаланууну айтып келген. Бирок ага көңүл бурбай келип, мына эми дал ушундай кырдаал жаралып отурат.

Эксперт белгилегендей, кыргыз бийликтери 2008-2009-жылдагы энергетикалык кризистен сабак алып, кырдаалдын алдын алышы керек болчу. Кыргызстанда бул жылдары Токтогул суу сактагычындагы суунун жетишсиздигинен улам энергетикалык кризис болуп, чектөө киргизилген. Бул эл арасында нааразылыктарды жараткан болчу.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG