Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Электр баасы эки айдан кийин кымбаттайт


1-июндан тарта карапайым калк 700 киловаттка чейин 84 тыйындан төлөй баштайт.
1-июндан тарта карапайым калк 700 киловаттка чейин 84 тыйындан төлөй баштайт.

Кыргыз өкмөтү электр энергиясына бааны мурда кабарлангандай, 1-апрелден эмес 1-июндан тарта жогорулатмай болду. Бул чечим тууралуу 26-мартта энергетика көйгөйлөрүн талкуулаган тегерек үстөлдө маалымдалды.

Жыйын Отун-энергетикалык комплексти тескөө боюнча мамлекеттик агенттиктин демилгеси менен уюштурулган. Тарифтерди эртеби-кечпи жогорулатуу учурдун талабы экендигин аталган агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев билдирип, сөзүн минтип негиздеди:

- Электр энергиясынын басымдуу бөлүгү социалдык багытка жумшалат. Тагыраак айтканда, жөнөкөй жарандарга. Алар азыр 700 киловаттка чейин 70 тыйындан, андан ашса 1 сом 82 тыйындан төлөйт. Ал эми өнөр жай, ишканалар 1 сом 97 тыйындан төлөп келүүдө. 1-июндан тарта карапайым калк 700 киловаттка чейин 84 тыйындан төлөй баштайт. Андан ашканы үчүн канча баа коюлары эки ай аралыгында аныкталат. Өндүрүш тармагына да тариф 1-июнга чейин иштелип чыгат. Баалар көтөрүлөт, бул учурдун талабы болууда.

Нурбек Элебаев.
Нурбек Элебаев.

Ошентип, өкмөт энергияга таңсыктыкты чечүүнүн жолун тарифтерди жогорулатууга байланыштырууда. Элебаевдин ырастоосунда, баалар коротулган энергияны актай ала турган өлчөмдө болсо, анда чакан ГЭС курууга кызакдар тараптар көбөйүп, таңсыктык жоюлат.

Өкмөттүн мындай саясатына сын көз менен караган ишкерлер, көз карандысыз адистер чакан ГЭСтердин ишин жандандырууга маани бербестиктин кесепети тартыштыкты күчөтүп жатканын белгилешет.

Көйгөйдөн чыгуунун жолун чакан ГЭСтерди көбөйтүүдөн көргөндөрдүн бири - "Тегирменти ГЭС" ишканасынын директору Нияз Ирсалиев. Ал өткөн жылы өкмөт Казакстандан 100 миллион долларга электр кубатын сатып алгыча, ошол каражатты бир катар майда ГЭСтерди курууга жумшаса, натыйжа көбүрөөк болмок дейт:

- Баарына белгилүү, 2014-2015-жылдардагы жылытуу мезгили үчүн өкмөт Казакстандан 1 миллиард кВт/саат энергиянын ар киловаттын 5 сом 60 тыйындан, же 10 центтен сатып алды. Анын жалпы суммасы 100 миллион долларды түздү. Ошол акчаны жеке компанияларга чакан ГЭС куруу үчүн насыя түрүндө бергенде, энергетикалык кризистин алдын алууга болмок. Акчаны компания ээлери жети-сегиз жылда өкмөткө кайтарып бермек.

Ирсалиев чакан ГЭСтерди куруу жаатында Армениянын тажрыйбасын колдонууну сунуштады:

- Соңку алты жылда Арменияда жеке компаниялар аркылуу 150дөн ашуун чакан ГЭС курулду. Бул үчүн өкмөт мүмкүнчүлүк түзүп берди. Бизде азыр болгону 13 эле чакан ГЭС иштейт. Кыргызстандын шартында миңден ашуун майда ГЭС курууга мүмкүнчүлүк бар.

Өкмөт өкүлдөрү деле чакан ГЭС куруунун пайдасын четке каккан жери жок. Бирок ага инвесторлорду тартуу үчүн тарифтерди көтөрүү муктаждыгы бар.

Отун-энергетикалык комплексти тескөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев жарыктын баасы өндүрүштүн чыгымдарын актаган учурда гана ГЭС курууга ички жана тышкы инвесторлор кызыкдар болорун айтат.

Азамат Акелеев.
Азамат Акелеев.

Серепчи Азамат Акелеевдин оюнча, өкмөт энергосекторду менчикке өткөрүп, товарды сатып алуу түшүнүгүн элге жайылтуу менен алектениши зарыл болуп турат:

- Энергосектор мамлекетге таандык болгон өлкөлөрдүн дээрлик баарында ушундай проблема бар. Ошондуктан, аны аз-аздан менчикке өткөрүү керек. Калк электр энергиясы товар экендигин, аны сатып алып гана колдонуу мүмкүндүгүн ошондо түшүнөт.

Жыйында буга чейин айтылып келаткан энергияны суудан эле эмес, күн нуру менен шамалдан да алуу маселеси дагы талкууланды. Адистер шамалдан энергия бөлүп алууга Балыкчы, Сүлүктү жана Ташкөмүр шаарлары ыңгайлуу экендигин айтып жатышат.

Кыргызстан өткөн жылдан бери энергетикалык каатчылыкты башынан кечирүүдө. Жаз келип, күн жылый баштаганы менен Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү азыр 6,5 миллиард куб метрди түзүп, кызыл чекке жакындап турат. Өкмөт өкүлдөрү болсо күзгө чейин кырдаал калыбына келет деп ишендирүүдө.

Ал эми серепчилер жакынкы жылдары керектөө мындан да өсүп, электр кубатынын тартыштыгы дагы жогорулашын болжошууда.

XS
SM
MD
LG