Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

Кыргызстан энергетикалык көз карандылыктан чыгуу үчүн “Датка-Кемин” электр линиясынын курулушун тездетүү камын көрө баштады.

Аталган долбоорду мойнуна алган кытайлык “Лимитед TBEA” компаниясы менен проекттин баасы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Кытайлык тарап курулушка кете турган чыгымдарды мурда бекитилген техникалык негиздемедеги суммадан отуз беш миллион АКШ долларга ашыкча көрсөткөн. Ал эми кыргыз өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов энергетика министрлигине долбоордун анык баасын тактоону тапшырган болчу.

Долбоордун баасын көтөрүү талабы

500 киловатт кубатуулуктагы “Датка - Кемин” электр линиясын куруу долбоору башында 343 миллион АКШ долларына бааланган. Анын техника-экономикалык негиздемесин 2009-жылы америкалык “Auriga” компаниясы иштеп чыккан. Бирок өлкөдөгү белгилүү окуялардан улам, курулуш иштери кечеңдеп жаткан. Бул былтыр сүйлөшүүлөр кайра жанданып, курулуш иштерин аткарууну кытайлык TBEA компаниясы мойнуна алган. Бирок ал компания курулуш долбоорунун баасын 35 миллионго көтөрүүнү талап кылган.

Энергетика министринин жардамчысы Арлан Осмонжанов кытайлык компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирди:

- Курулуш долбоорунун баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда. Алдыдагы 2-3 күндө макулдашуунун өзөгү жыйынтыкталат. Биз сунуштаган техника-экономикалык негиздеме 2009-жылы иштелип чыккан. Андан бери 3 жыл өттү. Инфляция болуп, курулуш материалдары кымбаттады. Кытайлык компания мына ошол жагдайларды эске алууну сунуштап жатат. “Датка” электр линиясы курулуп жатпайбы. Бул мына ошонун уландысы “Датка - Кемин” деп аталат. Бул экөө курулуп бүтсө Кыргызстан энергетикалык көз каранды эместигин камсыздамак.

Күмөн саноолор

“Датка - Кемин” электр линиясын куруу долбоорун каржылоо үчүн Кытайдын экспорттук-импорттук банкынан насыя алуу жагы каралган. Бирок долбоорго кошумча акча каражатын талап кылуу жагына Кыргызстандын өкмөтү ишенбөөчүлүк менен мамиле кылууда. Ошондуктан өкмөт башчысы Бабанов кытайлык тараптын жүйөөсүн териштирип көрүүнү атайын комиссияга тапшырган болчу.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Назаралы Ариповдун айтымында, долбоордун баасынын күтүүсүз көтөрүлүшү чындыгында күмөн саноолорго түртөт:

- 2009-жыл менен 2012-жылдагы курулуш материалдарынын бааларынын айырмачылыгын карап көрсөк, өтө деле чоң өзгөрүүлөр болгон эмес. Энергетика министрлигинен “жез, калай, желим, чубалгылар өтө эле кымбаттап кетти ” деп айтып жатпышпайбы. Буга ишениш кыйын. Себеби баалар 35 миллион долларга чейин айырма бере тургандай өзгөрдү дегенге кошула албайм. Экинчи жагынан кытайлык компания былтыр мына ошол “Датка - Кеминдин” капсуласын койуу учурунда эмнеге долбоорду өзгөртүш керек деп айтпайт. Эми гана биздикилер тез бүтүрөлү дегенде кысталыш абалдан пайда көргүсү келип жаткандай сезилип жатат.

Унутта калган улуттук долбоор

Эгемендүү Кыргызстан өз алдынча энергия берүү линиясын курууга он тогуз жылдан кийин гана киришти. Буга борборазиялык жалпы энергетика шакекчесинен үч жылдан бери кошуналардын чыгып кетебиз деген талабы себеп болду. Эгерде Казакстан менен Өзбекстан андан чыга турган болсо, адистер Кыргызстандын түндүк аймагы алтымыш, түштүгү болсо кырк пайызга электр жарыгысыз кала тургандыгын айтып чыгышкан.

Мына ошондуктан депутат Арипов долбоорду ыңгайлуу шартта тездетүү зарылдыгын баса белгиледи:

- Электр энергиясын өзүбүз өндүрөбүз. Бирок аны ташып жеткирүү жагынан кошуна мамлекеттерге көз каранды болуп калганбыз. Биз бул маселени мындан он, он беш жыл мурун эле чечип койсок болмок. Бул ошол кездеги бийликтин кайдыгерлиги. Биз арзан энергиябыз бар деп мактанганыбыз менен аны ташып жеткирүүдө көз каранды абалда кала бере турган болсок анын арзандыгы түккө арзыбайт. Бул биздин эгемендикке дагы шек келтирет.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн мунаса табыла турган болсо, аталган электр линиясын берүү долбоору жакынкы күндөрү ишке кирише тургандыгын энергетика министри Аскарбек Шадиев өткөн жумада билдирген болчу. Буга чейин аталган кытайлык компания өлкөнүн түштүк аймагын камтыган “Датка” электр линиясын берүү долбоорун баштаган.

Долбоордун жалпы чыгымы 208 миллион АКШ долларына бааланган. Курулуш иштерин он сегиз айдын ичинде бүткөрүү жагы мерчемделүүдө. Аталган насыяны төлөөнү электр тармактары өзүнө алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG