Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Жаңы жылда жарык өчпөйбү?


Бишкектин борбордук аянты жаңы жыл алдында.
Бишкектин борбордук аянты жаңы жыл алдында.

Энергетиктер жаңы жыл майрамында өлкөдө жарык өчүп калбашы үчүн бар аракетин жумшоодо.

Жаңы жыл алдында энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов маалымат жыйынын өткөрүп, Токтогул ГЭСиндеги авария жана электр энергиясы, газ менен калкты камсыздоо тууралуу айтып берди. Маалымат жыйынына “Кыргызгаздын”, “Түндүкэлектронун” жетекчилери да катышты.

Министрдин айтымына караганда, 31-декабрда, жаңы жыл тосуу учурунда министрлик электр энергиясын өчүрбөөнүн үстүндө иштеп жатат:

- Өзүбүз да тынбай сүйлөшүп атабыз. Эки сааттан ашык өчүрбөгүлө деп айтып жатабыз.

Калмамбетовдун айтымында, жаңы жылдын алдында калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү үчүн ишканалардын жетекчилиги менен сүйлөшүп, аларга ишти токтотуу сунушталууда. Анткени ишканалар токтосо, бошогон электр энергиясы менен калкты үзгүлтүксүз камсыз кылууга болот.

Электр энергиясын берүүнү чектөө болсо, Токтогул ГЭСинде 26-декабрда болгон бузулууга байланыштуу болуп жатат. Белгилүү болгондой ал күнү ГЭСтин бир агрегатында басым көбөйүп, агрегат токтотулган. Учурда анда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Электр энергиясын чектөөлөр мына ошол агрегат оңдолгонго чейин болот.

Электр энергиясы менен туруктуу камсыздоо Борбор Азиядагы энергетикалык алкактын иштешине да байланыштуу болот.

Калкты газ менен камсыздоо багытында да тийиштүү иштер жүрүп жатканын “Кыргызгаздын” жетекчисинин орун басары Евгений Орленко билдирди. Анын айтымында, “Узтрансгаз” жана “КазТрансгаз” менен макулдашуулар болду:

- Келерки жылы канча газ сатып алуу боюнча “КазТрансгаз” жана “Узтрансгаз” менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. “Узтрансгаздан” 100 куб метр алабыз, “КазТрансгаздан” 300 млн. куб метр газ алабыз.

Орленконун айтымында, алына турган газдын баасы бычыла элек. Кыргыз тарап тарифтер 2012-жылкы өлчөмдө болушун сунуштап жатат.

Автандил Калмамбетов, электр энергиясы жана газ менен элди камсыздоодо келерки жылы да проблемалар чыгышы мүмкүн дейт. Анткени газ өзүбүздөн эмес. Ал эми электр энергиясы тармагында абал түшүнүктүү. Аны оңдоо үчүн тариф саясатын өзгөртүү сунушталып жатканын Калмамбетов дагы бир жолу белгиледи:

-Тариф саясатын карабаса, бөлүштүргүч компанияларга керектүү каражатын бербесек, энергосистеманы оңдой албайбыз. Ошондуктан орто мөөнөттөгү тарифтик саясатты жакын арада алып чыгабыз. Жаңы жылдан кийин эле сунуштайбыз.

Калмамбетовдун айтымында, 20 жылдан бери бул маселе чечилбей келатат. Эми аны чечпесе болбойт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG