Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:17

Быйыл Токтогул суу сактагычында суу кыйла аз. Ошондуктан электр энергиясын Өзбекстан менен Казакстанга экспорттоо токтоп, ички керектөөгө гана жумшалып жатат.

Эксперттер болсо расмий айтылбаганы менен суунун тартыштыгынан айрым аймактарга чектөөлөр киргизилгенин белгилешүүдө. Айрымдары сууну товар катары таанып, кошуна өлкөлөргө кымбат баада сатууга убакыт келгенин айтышууда.

Быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз болгонуна байланыштуу күз-кыш мезгилинде электр кубатын берүүдө тартыштык болушу күтүлүүдө. Маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11-июнга карата 12 млрд. куб метрден аз гана ашкан. Агып келип жаткан суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21% аз болууда.

Күз-кышта маселе жаралбас үчүн электр энергиясына болгон күнүмдүк жана айлык лимит аймактарда кыскарууда. Маселен, Жалал-Абад шаарында бир күндө орто эсеп менен 404 миң куб метр ток керектелсе, лимит боюнча 360 миң куб деп бекитилди. Учурда токту ашыкча пайдаланбоо боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын Жалал-Абад шаардык электр станцияларынын жетекчиси Дурусбек Рахманов белгиледи:

- Өчүрүп же башка кылгандай чектөө киргизилген жок. Болгону белгиленген лимитти сакташ үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Айлык лимит кыскарган. Азыркы лимитти сактабасак кышында электр энергиясы тартыш болушу мүмкүн, кышка башка альтернативдүү отун алып даярдангыла, көмүр камдагыла жана ток жылытууга берилбейт деген мааниде түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

Суунун аздыгынан кыштын кыйын болору эмитен эле айтыла баштады. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев болсо быйылкы жылытуу маалында бул тармакта кризис болбос үчүн бардык аракеттер жасалып жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- Суу быйыл өтө тартыш. Бирок ошого даярдык көрүп жатабыз. Жарык өчпөс үчүн бардык ресурстарды жумшап кышка даярданабыз. Отун камдоо, чыгашаларды каскартуу деген сыяктуу өтө көп маселелерди чечишибиз керек. Ошого күнү-түнү даярданып жатабыз. Эч кандай эч нерсе кыскарган жок, азыр бардыгын өз тартиби менен иштеп жатабыз.

Анткен менен “Түндүк электр” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев расмий айтылбаганы менен Ош, Жалал-Абаддын айылдарында 3-4 сааттан маал-маалы менен өчүрүүлөр болуп жатканын белгиледи. Ал министрлик кыштын катаал болорун эртерек түшүндүрүүнү сунуштап жатат. Министр Артыкбаевдин айтымында, ушул тапта сууну үнөмдөө үчүн электр энергиясын Өзбекстан менен Казакстанга экспорттоо токтоп, ички керектөөгө гана жумшалууда.

- Анын нормативи бар. Мисалы биз сууну сөзсүз өткөрүшүбүз керек, Казакстандын, Өзбекстандын суу иче турган укугу бар. Алардан суу чыгыш керек. Ушул аркылуу күнүгө электр энергия берип атабыз. Ошону чыгарган суу өтүш керек, ошол суудан башка эч нерсе өткөн жок. Бүгүнкү күндө биз бул өлкөлөргө эч кандай экспорт кылган жокпуз. Тек гана ички керектөөгө жумшап жатабыз.

Муну менен Артыкбаев Өзбекстан менен Казакстанга “сөзсүз берилчү” суунун көлөмү канча экенин белгилеген жок.

Кыргызстан Казакстандан көмүр, карамай алып, акысына электр кубатын берет. Өткөн жылдары Кыргызстан Казакстанга 1.5 млрд. киловатт саат электр энергиясын экспорттоп, ордуна жетиштүү өлчөмдө көмүр, карамай алып турган. Бул жылы суунун аздыгына байланыштуу бул маселе да кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын эксперттер белгилеп жатышат.

Көз карандысыз энергетикалык эксперт Расул Үмбеталиев Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдалануунун же сууну топтоонун эки жолун сунуштоодо. Биринчиси, сууну сыртка да агызбай, ички керектөөгө да Тажикстандан сатып алуу. Экинчиси, өнөр жай ишканалары үчүн электр энергиясына күндүзгү жана түнкү тарифти киргизүү.

- Жайкысын Тажикстанда эң арзан электр энергиясы өндүрүлөт. Анткени аларда суу сактагычы жок. Ошондуктан ал жактан токту импорт кылып, Токтогул суу сактагычына суу топтош керек болчу. Андан сырткары тарифти өзгөртүп, ири ишканалар үчүн күндүзгү токту 1 сом 50 тыйын, кечкисин 70 тыйын кылып өзгөртүш керек. Ишканаларды көбүнчө кечкисин иштегенге үйрөтүш керек.

Кыргызстан суу ресурсу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия менен Тажикстандан кийинки үчүнчү орунда турат. Бирок Кыргызстан анын 10 млрд. куб метрге жакынын гана өзү колдонот. Өлкөдөгү ондой суу сактагычтагы чогулган суулар негизинен Казакстан менен Өзбекстанга кетет. Адистер сууну товар катары таанып, кошуна өлкөлөргө кымбат баада сатууга убакыт келгенин айтышууда.

Эл аралык эксперттер Борбор Азия мамлекеттери ортосунда сууну пайдалануу боюнча келишимдердин жоктугу, суу боюнча башкаруунун чабалдыгы жана келечекте суу сапатынын начарлашын терс көрүнүштөр катары белгилеп келишет. Ал тургай келечекте суу ресурстарынын азайышы аймактагы туруксуздукту жана чыңалууну жаратары да айтылат.
XS
SM
MD
LG