Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:00

Кыргызстандын Энергетика министрлиги тарифтер көтөрүлбөсө тармак оор абалга тушугаарын эскертүүдө. Өкмөт болсо саясий абалга байланыштуу ага даяр эмес.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетовдун билдирүүсүнө караганда, министрлик тариф саясатынын үстүнөн тынымсыз иштеп жатат. Бирок баалар бул жылытуу сезонунда көтөрүлбөйт. Келерки жылы апрель айында күн тартибине коюлат. Анткени энергетика тармагы өтө оор абалда калууда деген Баетов Бишкек жылуулук борборун мисал келтирди:

- Бишкек жылуулук борборунун жабдууларынын 84% жешилген деп адистер тарабынан документтерде бааланды. Бул деген 16% гана тирүү жери бар, калган 84% өз мөөнөтүн иштеп бүткөн жабдуулар иштеп жатат дегенди билдирет. Ошондон бир жакшылык күтүүгө болобу?

Белгилүү болгондой, Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо боюнча Кытай өкмөтү менен 386 млн. долларлык келишим түзүлгөн. Бирок ал келишим качан ишке кирери азырынча белгисиз.

Энергетика тармагындагы пайдалана турган резерв катары жоготууларды, коррупцияны кыскартуу зарылдыгы айтылып келет. Жоготуулар кайсы бир деңгээлде төмөндөөдө. Маселен, өткөн жылы ал 21 пайыздан ашуун болсо, быйылкы жылдын он айында 16.5% болду. Бирок кыш мезгилинде ал көбөйүшү мүмкүн.

Батыркуловдун айтымында, жоготуулар кыскарып баратканы менен тармактын финансылык абалы өтө оор бойдон калууда. Маселен, Бишкек жылуулук борбору үчүн жылына 70 млн. долларга жакын суммага көмүр, газ, кара май сатылып алынат. Ага каражат адатта электр энергиясын экспорттоодон түшөт. Быйылкы жылы электр энергиясын экспорттоодон болгону 15 млн. долларга жакын акча түшкөн. Калган 50 млн. долларды сырттан насыя катары алыш керек же өкмөт бюджеттен ссуда бөлүүгө тийиш.

Кыргызстандын энергетика тармагын көп мезгил бою жетектеп келген адис Бакирдин Сартказиев энергетика тармагына каражат жетишпей жатканы факт дейт. Аны өкмөт тарифтерди көтөрүү же каражат бөлүү менен чечүүгө тийиш деген адис буларга токтолду:

- Тарифти аныктап жатканда көп маселелер чыгат. Энергетика тармагынын баасы канча, кайсы баадан тартып амортизациялык эсептер чыгарылат деген сыяктуу көп суроолор пайда болот. Бул маселенин үстүнөн иштеген адистер бир бүтүмгө келип, өкмөттүн саясаты иштелип чыгууга тийиш. Ансыз аз, көп деп так айтыш кыйын. Эми 2010-жылы премьер-министр Үсөновдун бир токтому менен төңкөрүш болду. Мен эми дагы бир төңкөрүш болушун каалабайт элем.

Бакирдин Сартказиев энергетика тармагын реформалоо маселесине токтолуп, биринчи кезекте өкмөт энергетика тармагын андан ары менчиктештирүүгө барабы, барбайбы ошону аныктап алып, ошого жараша чечим кабыл алыш керек дейт. Маселен, бөлүштүргүч компаниялар андан ары менчиктештирилбей турган болсо, анда аларды бир компанияга бириктирүү максатка ылайыктуу болот. Анткени бөлүштүргүч компаниялардын бөлүнүп чыгышы менен кызматкерлердин саны 4 миңге жакынга көбөйдү. Демек чыгаша ошого тете өстү.

Энергетика министрлигинин адистери тармакта абал ушул бойдон кала берсе Кыргызстан бир күн Казакстандагыдай жалпы өчүүгө, Грузия жана Армениядагыдай мебелдерин жаккан күнгө туш келиши мүмкүн. Мына ошондо Кыргызстан жарандары баалар көтөрүлсө да, электр энергиясы болсо экен дегенге аргасыз болот деген пикирде турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG