Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:08

Кыргызстандын электр энергетика тармагы өлкөнүн экономикасынын арка-бели катары айтылып келатат. Мына ушул маанилүү тармактагы абал жана баа саясаты “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна коюлду.

Талкууга катышкандар: Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов, энергетика боюнча адистер Жаныбек Оморов жана Орозбек Дүйшеев.

“Азаттык”: Электр кубатына тарифтер өткөн жылкы окуядан кийин калыбына келтирилген. Элге бир килловат сааты 70 тыйын, өнөр жай жана башка тармактын керектөөчүлөрүнө 1 сом 32 тыйын болду. Акыркы кезде бул баалар өзүн актабайт деген сөздөр кайрадан чыга баштады. Автандил мырза, министрлик азыркы бааны адилет жана өзүн-өзү актаган баа деп эсептейби?

Автандил Калмамбетов: Жетишпейт, аны үч багыт менен далилдесе болот. 91-жылга чейин бир жылда 2 миң км. электр линиялар, 300-400 подстанциялар курулчу. 91-жылдан баштап 2000-жылга чейин 100-200 км. түшүп калды. Эгерде канча подстанция курулбай калганын эсептесек, азыркы баага 1 млрд. 200 млн. доллардан ашып кетет экен. Ушулардын кесепетинен авариялык өчүрүүлөр болуп атат, өзгөчө кышында. Бул маселени караш керек, эл төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү болуш керек. Бааны көтөрүп коюп жел акча болуп тура берген болбойт. Казино, сауналарды карап көрүш керек.

“Азаттык”: Азыр өзүн-өзү акташ үчүн канча пайызга көтөрүлүш керек деп эсептейсиз?

Автандил Калмамбетов: Азыр өздүк баасы 1 сом 27 тыйындын тегерегинде. 70 тыйындан кетип атат. Биз акыркы жылдары экспорттун эсебинен жаап атабыз.
Кыргызстанда эң төмөн тариф. Бирок Камбар-Ата-2ден башка эч нерсе кура алган жокпуз. Бул жерде да акча натыйжалуу кеттиби деген маселе чыгып атат.

“Азаттык”: Орозбек мырза, сиздин эсебиңиз боюнча башкача айтылып жаткан. Сиз министрдин орун басарынын айтканына макулсузбу?

Орозбек Дүйшеев: Такыр макул эмесмин. Анткени электр кубатынын 94 пайызы гидроэлектро станциялардан чыгат. Анын өздүк баасы 10 тыйындан аша элек.

2007-жылы ГЭСтерде 3,84 тыйын болгон, 2008-жылы 6,6 тыйын болгон, ал эми 2009-жылы тогуз айдын ичинде 7,9 тыйын болгон. Электр станцияларда суунун баасы мурдагыдай эле, айлыктарын анча-мынча көбөйткөнү болбосо башка өзгөрүү жок. Амортизацияны көбөйтүүгө мүмкүн. Эгер 2-3 эсе көбөйтсөк да 20-30 тыйындан ашпайт.

Бишкек ТЭЦине 2007-жылы 1 сом 26 тыйын болгон, 2008-жылы 1 сом 57 тыйын, тогуз айында 1 сом 97 тыйын болгон. Жалпы алып караганда ТЭЦтер кымбат турат. Казакстанда 3-4 центке барабар. Алардын көмүрлөрү жакын, транспорттун чыгашасы арзан. Ошого байланыштуу ТЭЦтер дүйнөлүк баага окшош болсун, бирок биздин ГЭСтерде баа өтө арзан. Ошону көбөйтүү туура эмес.

97-жылдан баштап түшкөн акчаны жок кыла берип, аягын таппай калган. Акчаны кайда жумшоо керектиги боюнча механизм иштелип чыккан. Ширшов мунун баарын талкалаган. Эми ошону түз жолго түшүрө албай жатышат.

Натыйжа чыкпаган тармак

“Азаттык”:
Өздүк баа боюнча ортодо чоң айырма болуп жатат. Сизде кандай маалымат бар, кайсы жагы чындыкка жакын?

Жаныбек Оморов: Тариф маселесин акыркы алты жылда өзгөчө талкуулап келатабыз. Жакшы жагы акыркы мезгилде экономикалык анализге көп көңүл бурулуп атат. Эгерде ушул жол менен кетсек бул маселе жакшы чечилет деген ойдомун.

Эң негизгиси мунун экономикалык негизин туура такташ керек. Саясатташып кеткен жактары бизде жакырчылыктан, экономиканын өспөгөнүнөн келип чыгат. Тариф өзүн-өзү актабай атат. Анткени тарифтин өзүндө инвестицияга кете турган акчанын бир бөлүгү коюлуш керек. Ал коюлбай калган. Ал эмес энергосистема өзүн-өзү кармап турганга муктаждыгын жаба албай атат.
Бизде талап-тоноочулук абдан жетишкен. Азыр министр келип кичине азайып келатат, бирок дагы азайтыш керек.

Ал эми жакырчылык болуп, төлөй албай атканда көпчүлүк эл мындай сөздү уккусу келбейт. Ошондуктан бул жерде туура мамлекеттик тариф саясаты иштелип чыгыш керек, ачык-айкын болуш керек жана эксперттердин көз карандысыз сунушунун негизинде эл кабыл алгандай болуп түзүлүш керек, эл ишенгендей болуш керек.

Биз тарифти көтөргөндө калктын социалдык жагын коргошубуз керек. Өткөндө тарифти эки эсе көтөрүп жиберишти, бул эмнеге алып келгенин көрдүк. Социалдык жактан анча-мынча маселелер каралды, бирок натыйжалуу болбой калды. 22 пайыз эл жардам алат экен, 60 пайыздайы муктаж эмес элге даректүү эмес тиет экен.

Азыркы саясатчылар электр кубатынын баасын төмөндөтөбүз, бир нечесин бекер беребиз деген сөздөрдү айтканы популизм. Эгерде биз энергетиканы сактап калабыз, чоң инвестицияларды сактайбыз, Кыргызстан орчундуу экономиканы тартып кеткен секторго айландырабыз десек муну башкача караш керек.

“Азаттык”: Чыныгы баасы канча болуш керек?

Автандил Калмамбетов: Бир эле чыгашаны эсептесек, Бишкек ТЭЦтин кеткен көмүрү, газы, мазутка кеткен акчасы бир жылда 60-70 млн. долларга барабар болот. Ошондо 45тен эсептегенде да 2,7-3 млрд. жакын акча көмүргө кетет. Андан башка эксплуатация бар, айлык акы төлөш керек.

Азыр ар бир экономист келип көрсө болот, өз баасы кайсы баа менен туруп атканын, ошондон жыйынтык чыгарса болот. Ноябрдан бери бизде эл аралык аудит компания иштеди, алар үч сценарийин койду, ошонун баасы турат. Эгерде 1 сомдун тегерегинде турса, анда энергетиканын техникалык абалы ылдый карай түшө берет.

Экинчиси, 1 сом 65 тыйын, анда энергетиканы ушул деңгээлде кармап туруп, кичине жакшыртса болот. Үчүнчүсү, 2 сом 05 тыйынга коюшуптур, анда биз энергетиканы өнүктүрүп бузулуп аткан жабдыктарды жаңыртканга мүмкүнчүлүк бар.
Тариф өзүн-өзү актабай атат. Анткени тарифтин өзүндө инвестицияга кете турган акчанын бир бөлүгү коюлуш керек. Ал коюлбай калган.

Тажикстанда былтыркыга чейин эң ылдыйкы тариф болчу, ал жакта бүгүн тариф 2,6 цент. Ал эми Кыргызстанда 1,5 цент, Казакстанда 4 центтин тегерегинде, Орусияда 4,2 цент, Орусиянын кээ бир аймактарында элге 11 центке чейин жетет.

“Азаттык”: Азыр техникалык-коммерциялык жоготуулар абдан көп, мүмкүн ошолорду кыскартсак жабдууларга акча таптсак болот эле. Мүмкүн Ширшовдун схемасындай акча дагы эле башка жакка агып кетип аткандыр. Техникалык жоготуулар азыр эмне болуп атат?

Автандил Калмамбетов: Биринчиден, жакшы оңдошубуз керек. Экинчиси, коммерциялык жоготууларды азайтышыбыз керек. Үчүнчүсү, акчаны чогултушубуз керек. Былтыр алты айдын ичинде 27,9 пайыз болгон, быйыл 22,2 пайызга кыскарды. Жылдын аягына чейин 19,5 пайызга жетели деп атабыз.

Туура баа нааразылыкты токтотот

“Азаттык”: Орозбек мырза, баалар боюнча жабдууларга акча такыр эле жок болуп калат экен. Жабдууларга, жаңыртууга кетчү каражаттарды эсепке алдыңызбы?

Орозбек Дүйшеев: Булар өздүк баасын эле берип атпайбы. Алардын өздүк баасынан чыгарган эсеп болуп атат. Албетте өндүрүш өсүш үчүн өздүк баасын эсептегенде, анын сатуусуна койгондо кошуш керек. 20 жылдан бери эч нерсе жасаган эмеспиз деген такыр туура эмес.

Өздөрүнүн отчетунан карасак, 96-жылы 994 подстанция курулган, 93-жылы да ушунча, 95-жылы 885, миңдеген километрге чейин линиялар курулуп, 97-жылга чейин ТЭЦ, ГЭС абдан жакшы иштеген. 92-жылы туура иш жүргүзүш үчүн амортизация көбөйтүлгөн. Мындай амортизация эч жерде жок. Ошону туура колдонбой, ортодон чыгып акча кайда кеткенин таппай калып атышат.

Мен 2007-жылы анализ кылып көргөм, ошондо 13 млрд. ашык электр энергия жеткирилген. Ошол кездеги тариф менен эсептегенде 9 млрд. сом болмок. Бирок 3 эле млрд. болгон, калган 5 млрд. сом кайда кеткен. Бизде талап-тоноочулук абдан жетишкен. Азыр министр келип кичине азайып келатат, бирок дагы азайтыш керек.

Автандил Калмамбетов: Расширенное воспроизводство деген эң туура маселе. Биздин энергосистеманын баланстык баасы 14 млрд. сом. Камбар-Ата-2 ГЭСке 10 млрд. сом кетти. Ошондон тариф башталат. 1996-жылга чейин 332 млн. доллар жаңы постанцияларга кетти. Бирок мурунку линия, подстанцияларга азыр акча таап киришип атабыз.
Биз тарифти көтөргөндө калктын социалдык жагын коргошубуз керек. Өткөндө тарифти эки эсе көтөрүп жиберишти, бул эмнеге алып келгенин көрдүк.

Акыркы 20 жылдын ичинде Бишкектин тегерегинде 40тан ашык жаңы конуш болду. Акча ошол жакка кетти. Ал эми айылдарда, шаардын ортосунда кабелдер эски бойдон жатат, кээ бир жерде чириген опоралар турат.

“Азаттык”: Аудиттер 1 сом 60 тыйынды койгон бааны эл көтөрө алабы?

Жаныбек Оморов: Бул жерде туура саясат коюш керек. Маселени комплекстүү карсак, тарифти айтып коюп, башкасын айтпасак түшүнүксүз болуп калып атат. Тарифти койгондо анализ жасап, айтышыбыз керек. Жакыр катмар үй-бүлөлөр андай тарифти көтөрө албайт. Ошолорго даректүү натыйжалуу жардам берсек эч кандай революция болбойт эле.

Кыргызстанда эң төмөн тариф. Бирок Камбар-Ата-2ден башка эч нерсе кура алган жокпуз. Бул жерде да акча натыйжалуу кеттиби деген маселе чыгып атат. Биринчиден, коррупция токтобой атат. Экинчиден, башкаруу системасы натыйжалуу эмес, менеджерлер ачык-айкын эмес тандалат. Үчүнчүсү, ошол себептен саясат инвестиция секторго абдан төмөн болуп атат. Мындай кете берсек биз системаны жоготуп, энергиясыз калабыз.

“Азаттык”: 97-жылга чейин көп подстанциялар курулган маал "Кыргызэнерго" бөлүнбөй турган маалга туш келип атат. Мүмкүн бирдиктүү болуп турганда натыйжалуу иштегендир, мүмкүн ушуга кайтыш керектир?

Автандил Калмамбетов: Бул жалгыз эле биздин оюбуз эмес. Көп өлкөдө ушул баскычтарды басып өтүштү. Эгерде электр кубатын чыгарган бир компания, чоң чыңалуу линиялар боюнча компаниялар баары бириккенде электр энергияны чыгаргандан баштап сатканга чейин бир кожоюн болуп калат. Бул туура эмес. Үч бөлүнгөнү туура. Бирок распред компанияларда маселе бар. Ошону биз кайра ойлонуп көрүшүбүз керек.

Орозбек Дүйшеев: Биз бул маселе боюнча 2001-жылы Венгрия, Данияда болуп, көрүп келгенбиз. Венгрияда тарап кетишкен, кайра биригүүгө аргасыз болуп атышат. Буларда мамлекеттик көзөмөл катуу коюлган. Венгриянын борбор шаарынын энергетикасын немистерге сатып жиберген, бирок ушуну кирешесин 10 пайыздан ашырбайсың деп айткан. Эгер ашырса айып салып көп төлөп калат экен.
Азыркы саясатчылар электр кубатынын баасын төмөндөтөбүз, бир нечесин бекер беребиз деген сөздөрдү айтканы популизм.

Данияда 5-6 жыл мурун 400дөн ашык сатуучулар болгон, азыр 40ка жеткен. Өнөр жайды өстүрүүдө күчтүү уюмдар болуш керек, ошолор гана алып кете алат. Биригип турган көзөмөл жакшы болуш керек. Биз чет элге энергияны сатканда дүйнөлүк баада сатышыбыз керек.

“Азаттык”: Сиз бириксе натыйжалуу болот эле деп ойлойсузбу?

Жаныбек Оморов: Биз базар экономикасына бет алгандан кийин муну ары-бери кыла бергендин кажети жок.

“Азаттык”: Тарифтерди көтөрүү планы барбы?

Автандил Калмамбетов: Тарифтик саясатты биз карап атабыз. Быйыл тариф элге көтөрүлбөйт. Бирок мекемелер боюнча карап атабыз.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG