Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Кыргыз өкмөтү газ тартыштыгын бир жуманын ичинде чечүүнү көздөөдө. Тиешелүү мекемелер бул апта ичи көгүлтүр от боюнча коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Газ тартыштыгынын себептери жана аны жоюу аракеттери туурасында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Сиздер катуу сууктан улам Өзбекстандан Казакстан аркылуу келе турган газдын көлөмү эки эсе азайганын айтып жатасыздар. Бирок айрымдар суук деген сөз шылтоо, бул жерде саясий себептер бар деп жатат. Чыныгы жагдай кандай?

Мамыров: Менимче, саясий маселе жок. Бул системада көп иштеген үчүн билем да. Жыл сайын көптөн бери эле газ чыгып жаткан жерлерде суук болгондо ушул маселе чыгат. Мен мисалы жарым саат мурун Ташкенттеги элчибиз менен сүйлөштүм. Ташкенттин өзүндө жок деп жатат. Басым аз, жылуулук аз. Фергана өрөөнүндө, Ташкенттин чет жактарында бүт ошондой. Анан энергетиктерден да кабарыбыз бар. Ташкенттин көп жылуулук станциялары газ менен иштейт. Ал жакта да проблема болуп, электр энергиясы көп жерлерде өчүрүлүп, станцияларды жүргүзө албай жатабыз деп жатышат.

“Азаттык”: Премьер маселе бир жумада чечилерин, бул үчүн коңшулар менен сүйлөшүү болоорун билдирди. Сүйлөшүү качан башталат, бир жумада газ болооруна ишенсе болобу?

Мамыров:“Кыргызгаздын” жетекчиси бир жумадан кийин оңолот деди. Азыр эми ал сүйлөшүүлөр расмий деңгээлде боло элек. Жөн эле телефон аркылуу министр деңгээлинде, вице-премьер деңгээлинде чыгып сүйлөшүп жатат да.

“Азаттык”: Газ боюнча сүйлөшүүлөр дайыма кыштын кычыраган суугунда, газ тартыштыгы учурунда жүргүзүлөт. Камылганы эртерээк, сугат маалында баштаса болбойбу?

Мамыров: Эми кагаз жүзүндө келишим боюнча, анан бүгүнкү күнгө чейин алган газдын калганын эсептегенде Кыргызстандын түндүк жагы мындай жөн эле чыгып кетсе болот эле, жетмек. Азыр келишим боюнча “Кыргызгаз” ала элек 17 миллион куб метр газ бар. Бирок ал тияктан чыкпай калганы үчүн бере албай жатат. Кагаз жүзүндө келишимибиз баары нормалдуу.

Биз да ошол Казакстанга ишенип жатабыз. Биздин келишимибиз расмий Казакстан менен түзүлгөн. Түштүк тарап боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн. Алар дагы суукка шылтап, болбой жатат, эмне кылалы деп жатат. Биз келишим боюнча өзүбүздүн дооматыбызды коюп, “Кыргызгазга” сүйлөшкүлө деп айттык. Бирок антели десек, азыр Казакстандын алдында “Кыргызгаздын” 3,5 миллион долларга жакын карызы бар экен. Ошол эле учурда “Кыргызгазга” өлкө ичиндеги газ пайдалануучулардын 6 миллион доллардай карызы бар.

“Азаттык”: Жыл сайын ушул маалда газ кымбаттайт. Былтыр эле газдын баасы 11 пайызга кымбаттаган. Бул жолку сүйлөшүүлөрдө да коңшулар баа маселесин койбойбу?

Мамыров: “Кыргызгаз” көп эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келе жатат. Өзбекстан менен эки жолу кат жазышып, эмки жылкыга келишим түзүп, 500 миллион куб метрдин тегерегинде газдын 1000 метр кубун 200 доллардын тегерегинде алсак деп сүйлөшүүлөр болгон. Эми газ деген ушундай маселе экен. Муну баягы эки тараптуу сүйлөшүү жолу менен чечиш керек. Бирок газ арзандабайт. Былтыр Өзбекстандан газ 290 доллар болуп калгандыктан, бул жактан ошо Казакстан менен сүйлөшүп, 224 долларга түшүрүп алып жатканбыз. Түндүк жакка 224 доллардан Казакстандан, түштүк жакка 290 доллардан Өзбекстандан алып жатканбыз. Ошонун орточо баасын чыгарып, Кыргызстандын элине пайдаланганга коюлуп жаткан. Азыр али 2013-жылкыга келишим түзүлө элек. Бүгүн сүйлөшүүлөр гана болуп жатат.

“Азаттык”: Дүйнөдө газдын альтернативдүү булактары изделип жатат. Кыргызстан бир гана Өзбекстан газына байланбастын кандай жолдорун караштырып жатат?

Мамыров: Азыркы күндө Өзбекстандан башка арга жок. Бир гана биз эмес, Казакстан дагы ошого байланыштуу. Азыр эми Казакстандын түндүк жагынан бир газ түтүгү алынып келип жатыптыр. Казакстандык кесиптештердин айтканына караганда, ал эмки жылы бүтөт экен. Эгер ошол келип, мына бу Өзбекстандан келген газ түтүгүнө кошулуп кала турган болсо, анда биз эки газды сата турган мамлекет менен, же Казакстан же Өзбекстан менен сүйлөшсөк болот. Бул биринчи жолу.

Экинчиси, көптөн бери Орусиянын “Газпрому” менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер алар “Кыргызгазды” сатып ала турганы, же акциялар пакетин ала турганы чечилип калса, анда “Газпром” Өзбекстандан да газ сатып алат эмеспи, ошонун эсебинен алабыз деген сүйлөшүүлөр бар. Бирок бул сүйлөшүү жүзүндө. Бирок негизи мен өзүм жекече айтсам, буга ар бирибиз өз үйүбүздө даярданышыбыз керек. Газ деген өзүбүздө эмес, башка жерден келип жаткандан кийин, канча жылдан бери ушул проблема келе жаткан соң, газдан башка очокторду даярдап, көмүр пайдалануу жагын караш керек.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG