Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Өкмөт энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн чакан ГЭСтерди иштетүү жаатында Германия тажрыйбасын кароодо.

Вице-премьер-министр Валерий Диль энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор иштелип чыга турганын билдирди. Буга байланыштуу кыргызстандык делегация Германиянын тажрыйбасы менен өткөн айдын соңунда таанышып келди.

- Биз Германиянын эң бай аймактарынын бири - Бавариянын социалдык-экономикалык, өзгөчө кайра иштетүү өнөр жайы, электр энергиясын иштеп чыгуу тажрыйбасы менен тааныштык. Чакан жана орто энергетика үчүн жабдуу чыгарган ишканалар менен жолуктук. Бул биз үчүн өтө актуалдуу тема. Кыргызстанга тез арада кошумча кубаттуулук керек. Биз ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн насыя алуу жолдорун сүйлөштүк. Жакын арада долбоордун структурасын иштеп чыгабыз. Биринчи кезекте көмөкчү чордонду долбоорлоо үчүн каражат керек.

Кабар-Ата ГЭСинин курулушу

Кабар-Ата ГЭСинин курулушу

Быйыл Кыргызстанда энергетикалык каатчылык өкүм сүрүүдө. Бул үчүн коңшу Казакстандан 1 миллиард кВт. саат электр энергияны сатып алуу боюнча сүйлөшүлгөн. 1 кВт. саат электр энергиясынын баасы 5,60 сом деп бааланган.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Абдыманап Кутушев жергиликтүү чакан ГЭСтерди куруп, электр энергияны арзаныраак сатып алгандын ордуна андан эки эсе кымбат баада Казакстандан импорттоп жаткан өкмөттүн кадамын сынга алды.

- 2012-жылы “Кайра жаралуучу энергия булактары жөнүндө” мыйзам кабыл алганбыз. Ага ылайык, чакан ГЭС куруп же башка жолдор менен алынган электр кубатынын 1 кВт. саатына жогорураак тарифте сумма төлөнмөк. Азыркы баа менен эсептегенде 3 сомдон бир аз ашат. Азыр өкмөт "биз акчаны кайдан табабыз" деп энергия сатып алуу боюнча келишимдин формасын бекитпей жүрөт. Себеби эч ким жоопкерчиликти алгысы келбейт. Бирок Кыргызстандын масштабында пайыздык катыш менен алганда көп деле болбой калат. Биз чакан ГЭСтерди кура берсек ишканаларды электр энергия менен камсыз кылганга жетмек. Бул дагы муктаждыктарды жапканга жарамак.

Токтогул ГЭСи

Токтогул ГЭСи

​Коомдук ишмер, мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов чакан ГЭСтерди курууга азырынча Кыргызстандын алы жетпей турганын айтууда. Ал иштебей турган ГЭСтерге сырттан инвестор тартуу жолун кароону сунуштады.

- Чакан ГЭСтерге Орусия же Германия сыяктуу өлкөлөрдөн акча алсак да өзүбүз аны кура албайбыз. Ал жөнөкөй маселе эмес. Эң негизгиси азыр иштебей туруп калган ГЭСтерди сырттан келген инвесторлорго беришибиз керек. Өкмөт алардын инвестициясын коргоп, иштетип чыккан электр энергияны бөлүштүрүү компаниялары алышы керек. Ушундай негизде гана иш кылышыбыз керек. Бирок 23 жылдын ичинде бир дагы чакан ГЭС ишке кирген жок.

Токтогул суу сактагычы

Токтогул суу сактагычы

Ал эми энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнис Карыбеков чакан ГЭСтердин эсебинен Токтогул ГЭСиндеги электр энергияны экспорттоп, бюджетке кошумча каражат алса болорун белгиледи.

Кыргызстандын аймагында 70тен ашык чакан жана кичи ГЭС бар. Бирок совет доорунда ири ГЭСтерди курууга көп маани берилип, чакан ГЭСтер керектен чыккан.

Учурда Токтогул каскадындагы ГЭСтер Кыргызстандагы электр энергиясынын 90% пайызын чыгарат. Калганын Бишкек жылуулук станциясы иштеп чыгат. Соңку жылдардагы энергетикалык каатчылыктан улам көпчүлүк аймактарга чакан электр станцияларын куруу зарылчылыгы чыгууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG