Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Оморов: Энергетика менен өнүгө алабыз


Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы

Кыргызстандын энергетика тармагынын бүгүнкү абалы, кемчиликтери тууралуу бул тармак боюнча көз карандысыз адис Жаныбек Оморов “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Буга чейин сиз Кыргызстанда энергетика тармагын жакшы абалга алып келсе болорун айтып жүрчү элеңиз. Бийлик алмашты, азыр бул жаатта абал кандай болуп атат, өнүгүү, өзгөрүүнү эксперт катары байкап атасызбы?

Жаныбек Оморов: Азыр Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбеген маселелерди жөнгө салганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кыргызстандын эркиндик алганына 20 жыл болду, буга чейин көп маселелер талкууланып келди, бир маселелер чечилсе, көпчүлүгү натыйжалуу жол менен чечилбей келбедиби. Азыр экономикалык маселелерге эгерде көңүл бурулуп чечиле турган болсо, Кыргызстан энергетика аркылуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүк болуп атат.

“Азаттык”: Буга чейин бааларды көтөрүп, энергетика тармагын жакшыртууну сунуш кылып келдиңиз эле. Бирок баалар көтөрүлгөндө эл аны көтөрө албастыгын өткөн окуялар көрсөтпөдүбү. Бул маселени экспорттоо маселе менен чечсе болобу?

Жаныбек Оморов: Туура айтасыз. Бул жерде комплекстүү чечиш керек, анткени маселелер бири-бирине байланышкан. Көбүнчө маселелер ашыкча саясатташып кетүүдө. Ошону туура жолго салса жакшы болмок. Эң негизгиси баары ишенген, экономикалык негизде түзүлгөн, эксперттер менен макулдашкан стратегиялык программаны такташ керек. Өкмөт, министрлик буга чейин түзүп келишти. Бирок аягында так жазылбай, ишенбөөчүлүктү жаратып келди.

Энергетика тармагында туура эмес иш жүрдү, коррупция көбөйүп кетти, ачык-айкын саясат болгон жок, инвестиция маселелер кошуна мамлекеттер менен туура эмес чечилди. Экспортту өнүктүрүү жагынан көп эле иштерди жүргүздүк, бирок буга чейин алар жай жүрүп келди. Эми ошол иштерди туура жасаса көп маселелер чечилет. Эң негизгиси экономикалык негизде макулдашылып, айкын жүргүзүлүшү керек.

“Азаттык”: Сиз жогоруда мүмкүнчүлүктөр азыр ачылганын белгиледиңиз. Кайсы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сөз болуп атат?

Жаныбек Оморов: Мисалы, буга чейин биз деле айтып келдик, сырттан эксперттер да айтышты, менеджмент абдан начар болуп келди, өз кызыкчылыгы менен өкмөт да чоң коррупцияга аралашып алды. Ошону токтотуп, менеджментти оңдош керек.

Азыр жакшы кадрлар келип атат, аракет болгондой сыяктанат. Ушул жакка чоң көңүл буруш керек. Өкмөт кийлигише бербей эле, ар бир компаниянын өзүнүн стартегиясы болуш керек, чөнтөгүнө түшкөн акча каражатын өзү натыйжалуу, туура пайдаланышы керек. Компаниялардын абалдары финансы жактан азыр абдан эле кыйын.

“Азаттык”: Энергетика подстанциялардын эскилиги жеткен деп айтышат. Бирок айрым эксперттер ал эскилиги жете элек, дагы бир топ иштеш керек деп айтышат. Сиз эксперт катары кандай баалап атасыз?

Жаныбек Оморов: Эскилиги жеткен деген туура, көпчүлүк объектилерге 40-50 жыл болду. Азыркы каражатты натыйжалуу пайдаланыш керек. Колдо бар акчаны туура эмес пайдаланып атса, анан сырттан келген кредиттер туура пайдаланылабы деген чоң күмөн болуп атпайбы. Азыр сырттан энергетикага жакшы кредиттер келип атат, ошону пайдаланып оңдосо болмок.

“Азаттык”: Ошону кантип көзөмөлдөш керек?

Жаныбек Оморов: Менеджментти оңдош керек, корпоративдик башкарууну күчөтүш керек, директорлор кеңеши иштеш керек. Азыр министрлик ар бир маселеге кийлигишип жатат.

“Азаттык”: Байкоочу кеңеш алдында иштеп атпайбы?

Жаныбек Оморов: Байкоочу кеңеш аракетин кылып атат, бул жакшы багыт. Бул жагын өнүктүрүш керек. Баарыбыз макул болгон, эксперттердин талкуусуна алган стратегиялык программа түзүлүп, экспорт жагын күчөтүш керек. Азыр Казакстанга эле көз каранды болуп атпайбызбы, ага туура экспорттош керек. Түштүк Азияга экспорт деп 4-5 жылдан бери иш жүрүп атат, бирок жай жүрүп атат. Ушуну туура жасаса эң жакшы. Рынокту ачуу бизге керек.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG