Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Текебаевдин тарапкерлери менен күч кызматкерлери тирешти


“Ата Мекен” партиясынын лидерин бошотууну талап кылып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдына чогулган кишилер менен милиция кызматкерлеринин арасында кыска тирешүүлөр болду. Акция катышуучулары атайын кызматтын имаратына киргенге аракет кылышкан.

Ушул тапта митингде 500дөй киши бар экенин ал жердеги байкоочуларга таянып, “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Текебаевди жактап акцияга чыккандар арасында партиялаштары, саясатчылар, мурдагы депутаттар, жөнөкөй жарандар жана жарандык активисттер бар.

Текебаевдин таламын талашкандар бүгүн Ош шаарында жана Жалал-Абаддын Базар-Коргон кыштагында да чогулуп, бийликке талаптарын айтып тарап кетишти. Таластан жүздөй адам Бишкекке жөнөгөнү айтылды.

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG