Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

Коргоо кеңеши көтөргөн энергетика тармагындагы проблемалардын оош-кыйыштары "Азаттыкта" "арай көз чарай" талкууланды.

Коргоо кеңешинин 18-марттагы жыйыны Кыргызстандын энергетика тармагын реформалоо зарыл деп тапты. Ушундан улам тармакты кантип реформалоо керек, энергетиканын талылуу маселелерине айланган техникалык жана коммерциялык жоготууларга, коррупцияга бөгөт коюунун кандай жолдору бар деген өңдүү суроолорго “Азаттык” адистер менен чогуу жооп издеп көрдү.

Талкууга энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калманбетов, “Түндүк электр” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев, энергетика боюнча эл аралык эксперт Жаныбек Оморов катышты.




“Азаттык”: Коргоо кеңешинде энергетика тармагындагы башкы баш оору эле жоготуулар менен коррупциялык схемалар экендиги айтылбадыбы. Эсеп палатасынын төрайымы да бул проблемаларды электр энергиясын бөлүштүрүү жана пайдаланууга көзөмөлдүн жоктугу, техникалык жана коммерциялык жоготууларды айырмалоочу, коррупцияга каршы инструменттин жоктугу шарттап жатат деп айтпадыбы. Эмне үчүн ушундай жагдай түзүлүп жатат? Министрликтин каруусу жетпей атабы?

Автандил Калманбетов: Жалпысынан техникалык, коммерциялык жоготуулар бар деп Элмира айым туура айтты. Ал - туура. Бирок электр энергияны бөлүштүргөнгө көзөмөл жок дегенге мен да, энергетиктер да макул эмес. Ар бир чыккан киловатт электр энергия, ар бир линиянын башында эки эсептегич, аягында эки эсептегич турат. Төрт эсептегич менен текшерилип турат. Суткалык электр кубаты күн сайын эсептелип турат. Кышында өзүңөр деле көрүп, угуп, айтып атпадыңарбы. Мына бүгүн 67 млн., 64 млн. болду, Бишкек мынча алды деп “Түндүк электр” да маалымат берип атты.

Экинчиден, жанагыдай жаңы системаларды киргизүү – башка сөз. Үчүнчүдөн, ал киши тариф жөнүндө тарифти электр станция көп алып калыптыр деп айтты. Чындыгында 2011-жылы ошондой жагдай түзүлгөн. Экспорт билине элек болчу. Ошондой тарифте көмүр алыш керек, башка каражат алыш керек деп коюлган. Андан кийин биздин азыркы президентибиз Алматыга барган. 4-февралда сүйлөшүлгөн боюнча, ошол себеп менен жарым млрд. киловатт электр энергиясын көп бергенбиз. Бирок экинчи жагы, 230 миң тонна көмүр (Казакстан) гуманитардык жүк алынган, ошонун негизинде пайда көбөйүп кеткенде, жайдын ортосунда тарифти кайра караганбыз. Элмира айым кечээ айткан бул маселе 2011-жылдын ортосунан баштап түздөлгөн. Анализ туура берилди, бирок унутуп калдыбы же үлгүргөн жокпу, ошонун аягы айтылбай калды. Биз Эсеп палатасы карап жатканда, эки жума мурда айтканбыз, ал киши макул болгон.

Сапар Аргымбаев: Реформаны башташ керек деп атабыз. Реформаны жаңы бийлик келгенде, апрелде эле баштасак болмок. Саясат көп болуп, убакыт жеткен жокпу, тарифти азайтып коюп эле ошону менен токтоп калды. Энергетика тармагын бүгүн реформа жасабасак, кийин бул чоң проблемаларга алып барат. Муну баары эле көрүп турат.

Ал эми бөлүштүрүүчү компанияларды бириктирүү керек деп айтып атканыбыздын жөнү – бүгүн “Ширшов кетти, Ширшовдун схемасы калды” дегендин актуалдуу болуп тургандыгынан келип чыгууда.

Бүгүн ошол кандайдыр бир топко ыңгайлуулук жаралып, акча жасап берип жатат десем адашпайт окшойм. Ошон үчүн бүгүн табийгый монополия деп коёт, бөлүштүрүүчү компанияларды бириктирип туруп, ошого алып келиш керек болуп атат. Ошол аркылуу энергетика тармагынын вертикалы курулат.

Жаныбек Оморов: Коргоо кеңешинде айтылгандарды карап чыктым. Негизи туура айтылып жатат. Бул маселеге президент баш болуп көңүл бурганы жакшы. Бирок ар кайсы маселени өзүнчө талдап келатабыз. Туура сөздөр айтылат, бирок ишти алдыга жылдыра албай жатабыз. Себеби тармак системалуу башкарылбай атат. Кызыккан тараптар абдан көп да, ошону алдыга реалдуу түрткөн күч жок болуп атат. Бизде эле эмес, көп мамлекеттерде ушундай проблемалар бар.

Жакында Пакистанда энергетика тармагын кеңешчи катары бир айдай кыдырып жүрдүм. Аларда энергетика маселеси бизден да кыйын, энергетикалык кризис аларда.

Артыкчылыктуу багыттарды түшүнүп калдык. Энергетикага кызыкпаган киши, тарап калбай калды. Себеби биз чоң-чоң кризистерден өтпөдүкпү. Артыкчылыктуу багыттарды туура жолго коюш керек болчу. Мисалы, жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизебиз, инвестиция кылабыз деп айтып атпайбызбы. Мунун баары туура. Бирок тарифтен, башка иштерден мурда жасай турган иштерге басым жасашыбыз керек.
Мына башкаруу системасы деп атабыз, министрлик жалгыз эч нерсе кыла албайт. Жоготууларды азайтуу, электр кубатын үнөмдөө, каржылык тартип – башкы маселе. Андан кийин модернизацияга барышыбыз керек. Буга ички ресурстарды пайдалана албай жатабыз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG