Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Импорттолчу электрдин баасы бычыла элек


Кыргызстанга кыштан чыгуу үчүн 2,5 миллиарддай кВт/саат электр энергиясы керек. Бишкек. 2013-жыл.
Кыргызстанга кыштан чыгуу үчүн 2,5 миллиарддай кВт/саат электр энергиясы керек. Бишкек. 2013-жыл.

Кыргызстан импорттоло турган электр энергиянын көлөмүн аныктады, бирок баасы азырынча бычыла элек.

Өкмөт ноябрь айынан тарта Казакстандан электр энергиясын алып келүүнү караштырып жатат. Ошондой эле Түркмөнстан менен да сүйлөшүүдө.

Импорт маселеси чечилбей калса, келерки айдан тарта маал-маалы менен өчүрүүлөр башталмакчы.

Нарындын Кочкор районунда жергиликтүү элдин басымдуу бөлүгү кышкысын үйүн электр энергиясы менен жылытууга өтүп алган эле. Райондун акими Нурбек Жусупбековдун маалымдашынча, даярдык быйылкы энергетикалык каатчылыкты эске алуу менен жүрүп жатат:

- Электр энергиясы боюнча элден көп сунуш түшүп жатат. 700 кВт/ саатты 70 тыйындан, андан ашканын 1 сом 20 тыйындан деп жатышпайбы. Ошол арзан баа менен берилген электр энергиясынын көлөмүн 1 миң кВт/саатка жеткирип берсе деп жатышат. Себеби Нарын суук, электр энергиясы көп колдонулат. Кочкор аябай эле суук болот, кара шамалына адам чыдай албай калат.

Кыргыз өкмөтү ноябрь айынан тарта коңшу Казакстандан электр энергиясын импорттоп келүүгө аракет кылып жатат. Энергетика министри Кубанычбек Турдубаевдин билдиргенине караганда, импорттун көлөмү аныкталып, келишимдин долбоорлору даярдалды, бирок баасы азырынча бычыла элек:

- Биздин балдар кечээ эле Казакстандан келди. Эми да кайра барышат. Ноябрь айынан тарта электр энергиясын импорттоону баштайлы деп болгон аракетибизди көрүп жатабыз. Импорттун көлөмү 1 миллиард кВт/саат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы бар. Биз аныктаган көлөмдү макулдаштык. Келишимдерди түзүп, баасын тактап, маселени түп-тамырынан бери чечишибиз керек.

Кыргыз өкмөтү ошондой эле Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бирок бул азырынча кошумча вариант катары гана каралууда.

Кеч көрүлгөн чукул чаралар

Министр Турдубаев эгер импорт маселеси чечилбей калса, келерки айдан тарта атайын график менен маал-маалы менен өчүрүү башталарын эскертти. Ушул тушта үч фазаларды кыркуу толугу менен тыйылганын, мындан ары күчтөп өчүрүү болбой турганын белгиледи:

- Мурда өчүрүлгөн үч фазанын баары кайра кошулат. Экинчиден, өкмөттүн токтомунда кафе, ресторан, сауна өңдүү эс алуу жайлардын үч фазалары, суу жылыткан жабдуулары өчүрүлсүн деген пункт жазылган. Биз ушул жобону да жокко чыгарып жатабыз. Күчтөп өчүрүү өңдүү ыкмаларды колдонбойбуз.

Жарандык активист Калича Умуралиеванын баамында, өкмөт чукул чараларды кеч көрүп жатат:

- Кыштан эптеп-септеп чыгабыз. Азыр өкмөт жетпеген электр энергияны импорт менен толтуруу сыяктуу жаңы чараларды көргөнү жатат. Бул туура кадам. Бирок суу аз экени, мындан улам энергетикада каатчылык болоору анык болгондо эле баштаса жакшы болмок. Кыйын абалга түшүп калганда гана далбастап кыймылдай баштадык.

“ЮНИСОН” коомдук фондунун төрайымы Нурзат Абдырасулова электр энергиясын импорттоого байланыштуу маселелер чыгышы ыктымалдыгына токтолду:

- Электр энергияны импортко алганга биздин элдин, өкмөттүн чамасы келеби, баасы канча болот, тариф кандай болуп түзүлөт деген маселелер чечиле элек. Мунун баары такталып, аныктала элек. Мындан улам жакшылыкка үмүт кылып эле отургандай болуп жатабыз. Убактылуу өчүрүүлөр сөзсүз болот. Бул жылда эле болуп келген. Эл баарына даяр болушу керек. Азыр эми энергетиктерди канчалык сындасак деле ушундай абалга жетип калганыбыз да.

Кыргызстанга кыштан чыгуу үчүн кеминде 2,5 миллиарддай кВт/саат электр энергиясы керек. Өкмөт энергетика тармагындагы каатчылыктан улам алгач электр энергиясын керектөөгө олуттуу чектөө киргизе баштаган болчу. Президент Алмазбек Атамбаев мындай чараларды кескин сынга алгандан кийин чектөөдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG