Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Жаңы тариф калкка жагабы?


Жаңы тарифтер 1-декабрдан тарта күчүнө кирет.
Жаңы тарифтер 1-декабрдан тарта күчүнө кирет.

Өкмөт электр энергиясына жана жылуулукка жаңы тарифтерди бекитти. Жаңы тарифтер 1-декабрдан тарта күчүнө кирет. Кыргызстан жарандары электр энергиясы жана жылуулукка канчадан төлөй баштайт?

Электр энергиясы жана жылуулукка өкмөт жаңы тарифти бекиткени 25-ноябрда маалым болду. Жаңы тарифтер 1-декабрдан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, калк 700 кВт. саат электр энергиясына чейин мурункудай эле 70 тыйындан, андан ашкан өлчөмүнө 2 сом 5 тыйындан төлөй баштайт. Коммерциялык керектөөчүлөр 2 сом 47 тыйындан төлөшөт.

Тариф саясатындагы мындай өзгөрүүнү өкмөт алдындагы Отун-энергетика тармагын жөнгө салуу боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Миргүл Айдарова мындайча түшүндүрдү:

- Бир айда 700 кВт саат алса, 70 тыйындан төлөй баштайт. Андан көбүрөөк алса, маселен 701, анда башка тариф менен эсептеле баштайт. Эгер импорттук электр энергиясы келсе, анда калк 2 сом 5 тыйындан төлөйт. Эгерде импорттук электр энергиясы кирбесе, анда мурунку тариф менен, 1 сом 20 тыйындан төлөйт. Бул тариф кийинки жылдын 1-апрелине чейин иштейт.

Жоомарт Оторбаев.
Жоомарт Оторбаев.

Импорттук, тагыраак айтканда, Казакстандын электр энергиясы 5 сом 61 тыйындан болору кабарланган. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев казак тогун алуу жакынкы күндөрү башталарын 26-ноябрда билдирди:

- Казакстан менен жетишкен келишимге ылайык, импорттук электр энергиясын алуу үчүн биз алдын ала төлөм жасашыбыз керек. Мына ушуга байланыштуу акча каражатын табышыбыз керек. Өкмөттүн чечимдерин чыгарып, жакынкы күндөрү акчаны которуп, электр энергия ала баштайбыз. Казак электр энергиясынын баасы 5 сом 61 тыйын. Бул өтө кымбат. Ошондуктан биз аны өзүбүздүн электр энергия менен аралаштырып, 700 кВт. сааттык лимиттен ашкан керектөөчүлөргө 2 сом 5 тыйындан сатабыз.

1-декабрдан баштап кирген тарифтер жылуулукка 917 сомдон болот.
1-декабрдан баштап кирген тарифтер жылуулукка 917 сомдон болот.

Жаңы тарифтер электр энергиясына эле эмес, жылуулук жана жылуу сууга да тиешелүү. Жылуулук үчүн тарифте “санитардык норма” деген түшүнүк алынып салынып, бирдиктүү баа киргизилди. Миргүл Айдарова буларды билдирди:

- Биз жылуулук компаниялардын жетекчилерин чогултуп, элден түшүп жаткан сунуштарды айтканбыз. "Эки тепкичтүү жана катталган адамдарга жараша тариф элге жакпай жатат, экинчи тепкичти алып койгула" деп айттык. Ошентип бир чечимге келдик. 1-декабрдан баштап кирген тарифтер жылуулукка 917 сомдон болот. Мурункудай эле үйдүн аянтына саналат.

Бул мурунку тарифке караганда 30% жакынга кымбаттоо. Апрель айынан тарта жылуулук үчүн тариф да өзгөрөт. Анда тариф 1134 сом болуп калат.

Жаңы тариф саясатында керектөөчүлөр бир фазалуу, үч фазалуу деп бөлүнгөн эмес. Керектөөсүнө жараша тарифтер белгиленген.

Миргүл Айдарованын айтымында, жаңы тарифтердин кириши менен энергетика тармагындагы финансылык маселе чечилбейт. Анткени өзүн-өзү актаган тариф деп быйылкы жылы 1 сом 20 тыйын эсептелген. Ал эми калкка бериле турган электр энергиясынын баасы болсо 70 тыйын бойдон калууда. Бул чыгашанын 58% гана жабат. Эми кымбат баада келген импорттук электр энергиянын айырмасын төлөө да жергиликтүү компанияларга жүктөлүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG